Доллар акчалары. Архивдик сүрөт

Кыргызстан акча издеп жатат. Мамлекеттик карыздын учурдагы көлөмү

488
Коронавирустан улам Кыргызстандын бюджетине 30 миллиард сом түшпөй калары буга чейин айтылган. Учурда мамлекет донорлордон дагы акча алуу жолдорун издеп жатат.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Жаңы жарыяланган маалыматтарга таянсак, Финансы министрлиги Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 606 миллион 130 миң доллар экендигин билдирди.

Бул февралдын аягындагы эсеп-чот. Анда бир ай мурдагыга караганда, көлөмү 10,4 миллион долларга кыскарганы айтылды.

Үңүлө келгенде картина төмөнкүдөй:

  • Тышкы (башка мамлекеттердин жана эл аралык финансы уюмдарына бересебиз) карыз — 3 миллиард 860 миллион 870 миң доллар;
  • Ички (мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруунун эсебинен алганда) карыз — 745 миллион 260 миң доллар.

Бул февралдын аягына алынган сумма.

Коронавирустан улам Кыргызстандын бюджетине 30 миллиард сом түшпөй калары айтылган. Андыктан мамлекет акча издеп жатат. Ал эми Эл аралык валюта фондунан 120 миллион доллар алынган. Дагы 330 миллион доллардан ашуун акча табуу боюнча ар кыл донорлор менен сүйлөшүү жүрүүдө. Азырынча алардын канчасы насыя, канчасы грант экени так боло элек.

Жакында эле президент Сооронбай Жээнбеков Кытай төрагасы Си Цзиньпинден аларга төлөй турган карыздын мөөнөтүн узартууну сунуштаган. Кытай Кыргызстан эң көп насыя алган өлкө. Бул сумма 1,8 миллиард долларды чапчып барып токтогон.

488
Белгилер:
бюджет, донор, Тышкы карыз, карыз, Кыргызстан
Тема боюнча
Өзүбүздөн өзүбүз карыз алып... Ички бересе эмнеге 4 эсе өсүп кетти
G20 мүчөлөрү КР жана башка өлкөлөрдүн карыз төлөө мөөнөтүн жылдырышы мүмкүн
Кыргыз-кытай чек арасындагы Эркечтам өткөрүү пункту. Архив

Кытай 3-декабрдан тарта Кыргызстанга көбүрөөк жүк ташууга уруксат берди

51
(жаңыланган 22:55 01.12.2020)
Кытай эртеңден баштап жүк ташыган автоунаалардын санын болжол менен суткасына 30га чейин көбөйтүүгө даяр. Каттамдар күн сайын жүргүзүлүп турат.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугуп, натыйжада жүк ташуунун агымы 3-декабрдан тарта көбөйтүлөрү маалым болду. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

  • Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугуп, натыйжада жүк ташуунун агымы 3-декабрдан тарта көбөйтүлөрү маалым болду
    Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугуп, натыйжада жүк ташуунун агымы 3-декабрдан тарта көбөйтүлөрү маалым болду
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Элчи кыргыз тараптын бир нече ирет кайрылуусуна жана Новиков менен 25-ноябрдагы жолугушуусунан соң Эркечтам жана Торугарт көзөмөл-өткөрүү пунктуларынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча бир катар кеңешмелер өткөрүлгөнүн маалымдаган
    Элчи кыргыз тараптын бир нече ирет кайрылуусуна жана Новиков менен 25-ноябрдагы жолугушуусунан соң "Эркечтам" жана "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пунктуларынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча бир катар кеңешмелер өткөрүлгөнүн маалымдаган
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
1 / 2
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугуп, натыйжада жүк ташуунун агымы 3-декабрдан тарта көбөйтүлөрү маалым болду

Элчи кыргыз тараптын бир нече ирет кайрылуусуна жана Новиков менен 25-ноябрдагы жолугушуусунан соң "Эркечтам" жана "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пунктуларынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча бир катар кеңешмелер өткөрүлгөнүн маалымдаган. Анын жыйынтыгы менен кытай тарап жумуш убактысын 8ден 12 саатка чейин көбөйтүү, ошондой эле өткөрмө пунктун дем алышсыз иштөө режимине өткөрүүнү сунуштаган.

"Жүк ташыган автоунаалардын саны болжол менен суткасына 30га көбөйөт. Элчи "Эркечтам" өткөрмө пунктундагы инфраструктураны жакшыртуу, өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында кытай тарап эки кампа куруу, контейнер үчүн кран орнотуу тууралуу чечимин кабыл алгандыгын кабарлады", — деп айтылат маалыматта.

Новиков маселе ыкчам чечилгени үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз өкмөтү кытай тараптын көзөмөл-өткөрүү пунктуларын жакшыртуу максатында кабыл алынып жаткан бардык аракеттерин колдоого алууга даяр экендигин белгилеген.

Жыйынтыгында премьер-министрдин милдетин аткаруучу Бажы кызматына, УКМКнын Чек ара кызматына өткөрмө бекеттерди кытай тарап менен биргелешип иштөө режимине өткөрүү тапшырмасын берди.

51
Белгилер:
автоунаа, пункт, өткөрмө, Кыргызстан, Кытай
Тема боюнча
Кыргыз-казак чек арасындагы "Каркыра" өткөрмө бекети убактылуу жабылды
Министр Казакбаев КРдеги кытайлык ишкерлер менен жолукту. Эмне талкууланды
Мал базар. Архив

Мал арзандады. Өлкөнүн ири базарларындагы баага саресеп

573
(жаңыланган 17:31 01.12.2020)
Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөдөгү ири базарларда малдын (жылкы, кой, уй, ирик, бука, торпок) баасы канчадан болуп жатканын билип көрдү.

20-ноябрда өкмөт Айыл чарба министрлигинин сунушу менен мал жана айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн өлкөдөн чыгарууга тыюу салган. Ага чейин асмандын башына чыгып жаткан малдын баасы дароо түшкөнү айтылды.

Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөдөгү ири делген мал базарларда ушул дем алышта жылкы, кой, уй канчадан сатылганын билди.

Бишкекте койдун баасы

Бишкек шаарында бодо мал көп сатылбайт. Уй, жылкы алам дегендер адатта Сокулук же Токмок шаарларындагы мал базарларга барышат. Ордо калаада кой сатып иштеген Бактыбек Аралбековдун айтымында, шаарда мал кымбат эле.

"Азыр козулардын эң арзаны, арыгы 6500-7000 сом болуп жатат. Чоң койдун эң жакшысы 16-17 миң сомго чейин барат. Токту, боруктар болсо 8500-9000 сом, сойгонго ылайыктуу койду 10 000-10 500 сомго тапса болот", — деди Аралбеков.

Ишкердин айтымында, алармандардын саны бул жумада азая түшкөн.

Аймактардагы малдын баасы

Койдун баасы Ысык-Көл менен Нарында арзандады дейт жергиликтүү тургундар. Ат-Башы районунун тургуну Каныбек Кожониязов өткөн базар күнү сойгонго ылайыктуу койлор аталган аймакта 8000 сомдун айланасында сатылганын айтты.

"Бул эмес өткөн базардан баштап малдын баасы төмөндөй түшкөнүн байкадык. Ага чейин сойгонго ылайыктуу койлор 10 миңден түшпөй жаткан, эми 8000 сомдон тапса болот. Бодо мал болжол менен 5-10 миң сомго чейин арзан сатылды окшойт. 95 миң сомго берилип жаткан жылкылар 80-85 миңге түшүп калды. Букалар 50 миңден өйдө болсо, саан уйларды 65 миң сомго тапса болот", — деди Кожониязов.

Жети-Өгүз районунун тургундары Караколдогу мал базарда деле ушундай көрүнүш дейт. Тургунбек Мамбетовдун айтымында, малдын наркы 10-15 миң сомго дароо төмөндөгөн.

"Мисалы, Ысык-Көлдө 200-250 кишиге ылайыктуу жылкылар 75-80 миң сомго чейин арзандап кетти. 80 миңдиктер 65-70 миң сомго түштү. Койлор 9000 сомго түшсө, уйлар 55 миң сомдон жогору бааланып жатат. Өкмөт малды сыртка чыгарууга тыюу салары менен мал арзандады. Ортодо алып сатарлар чыгымга учураса керек. Малдын кымбат сатылып жатканы бизге жакшы эле болуп жаткан", — деди Мамбетов.

Талас менен Чүйдө мал анча арзандаган жок дейт жергиликтүү тургундар. Чоң-Кемин районуна караштуу Калмак-Ашуу айылынын жашоочусу Максат Жаналиев өткөн дем алышта Токмоктун мал базарында жылкылар 80 миңден өйдө бааланганын айтты.

"Чарба уйлары 50-60 миң сом болуп жатат. Негизи эле көбүнчө бизде уй жакшы өтөт. Ириктер 11-12 миң сом, ал эми сойгонго ылайыктуу койду 12 миң сомго алса болот. Андан арзандары деле бар, бирок алар арыгыраак же кичирээк болуп калат. Жалпы жонунан мал 2000-3000 сомго арзандады", — деди Жаналиев.

Ош менен Жалал-Абадда жылкылардын баасы окшош эле экен. Аларды 80-85 миң сомдун айланасында алса болот. Бирок койдун баасында айырма бар. Жалал-Абадда семиз койлор 13 миң сомго чейин чыккан. Ал эми Ошто 10 миң сомго тапса болот. Баткенде жылкы 80 миң, чарба уйлары 70 миңдин тегерегинде сатылып жатканын жергиликтүү кабарчылар билдиришти.

Жылкынын баасы башка аймактарга салыштырмалуу Таласта кымбат экен. Кара-Буура районунун жашоочусу Токтобек Жапаркулов Таласта 250 кишиге ылайыктуу жылкылар 90 миң сомдон түшпөй жатканын белгиледи. Уйлар 70 миң сомго чейин болсо, койлорду 10 миң сомдон өйдө сатып алса болот.

Мал арзандаганы менен Бишкек шаарында эттин баасы түшө элек. Көбүнчө уй эти көп өтөт. Акыркы маалымат боюнча, уй этинин бир килограммы калаада 450 сомдун тегерегинде сатылып жатат. Ал эми аймактарда 360-380 сомдон бааланып жатканы белгилүү болду.

573
Белгилер:
базар, баа, эт, мал, Кыргызстан
Тема боюнча
Бука сатып берем деген. Ошто элди 1,5 млн. сомго алдап кеткен адам кармалды
Быйыл Кыргызстанда эт көбүрөөк өндүрүлдү. Тогуз айдын жыйынтыгы