Доллар менен евро кайрадан өсө баштады. 23-апрелге карата баа

© Sputnik / Михаил Кутузов / Медиабанкка өтүүЖүз доллар жана беш жүз евро купюралары. Архив
Жүз доллар жана беш жүз евро купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан Бишкектин акча алмаштыруу жайларындагы валюта курсун, алтын жана күйүүчү майга болгон бааларды сунуштайт.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Өткөн суткада Бишкекте доллар менен евронун баасы сомго карата кымбаттады. Алтын куймалары дагы баасын көтөрдү. Бирок күйүүчү май ошол бойдон калууда.

АКШ акчасын сатып алуу — 80.18, сатуу — 80.88 сом. Еврону сатып алуу — 85.50, ал эми сатуу 88.58 сомго бааланып жатат. Рубль наркы бир сомдун тегерегинде (сатып алуу — 1.036, сатуу — 1.092 сом) кармалып турат.

Ал эми автоунааларга пайдаланчу күйүүчү майдын баасы мурдагы бойдон. АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин бир литри 38 сомдун тегерегинде, ал эми АИ-95 42.70 сомдон сатылууда.

Курс доллара к сому - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан акча издеп жатат. Мамлекеттик карыздын учурдагы көлөмү
Алтын куймаларынын бир граммы 110 сомго кымбаттады.

Эске салсак, 2015-жылдан тарта Улуттук банк алтын куймаларын сатыкка чыгара баштаган. Бул кыргызстандыктардын топтогон акчасын алтынга салууга көмөктөшүү максатында жасалган болчу. Алар ар башка граммдагы алты түрдүү уютмадан турат, салмагы бирден 100 граммга чейин. Уютма сатуу башталгандан бери 220 килограмм алтын соодаланган.

Мамлекеттин башкы банкы алтын уютмаларын элге сатып гана тим болбостон, аны сатып да алат. Баа Лондондогу Баалуу металлдар ассоциациясынын кечки фиксингине карата ар күн сайын коюлуп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0