Тазалоочу каражаттарды чыгаруучу завод. Архивдик сүрөт

Өкмөт 1-майдан тарта ишке кире турган тармактардын тизмесин жарыялады

6907
(жаңыланган 22:18 28.04.2020)
Өлкөдө биринчи майдан тарта курулуш, өнөр жай, соода тармактарында ишмердүүлүгүн жандантууга уруксат берилмей болду.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. COVID-19 вирусунун кесепетинен улам келип чыккан кыйынчылыктарды жоюу жана экономикалык зыянды азайтуу максатында ишмердүүлүктү жандандыруунун жол-жобосу иштелип чыкты. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык ыкчам штабдын жыйынын өткөргөн.

“Курулуш, айыл чарба, өнөр жай тармактарында илдетти жугузуунун тобокелдиги ортодон төмөн. Кызмат көрсөтүү тутумунда тобокелдик жогору. Ошондуктан бул этапта тейлөө тармагындагы ишканалардын ишмердүүлүгүн толук кандуу жандандыруу кооптуу”, — деп айткан Абылгазиев.

Өзгөчө абал режиминде 1-майдан тарта иштей турган тармактар тизмектелди.

1. Өнөр жай жана өндүрүш чөйрөсү:

  • энергетикалык өнөр жай; 
  • химиялык жана нефтегаз өнөр жайы;
  • машина куруу, прибор жасоо жана электр техникалык өнөр жай;
  • тоо кен өнөр жайы, түстүү жана кара металлургия;
  • текстилдик жана булгаары-бут кийим өнөр жайы;
  • эмерек өнөр жайы;
  • курулуш материалдарды өндүрүү жана башка өнөр жай жана өндүрүш түрлөрү.

2. Курулуш тармагы:

  • курулуш объектилери;
  • сугат, таза суу жабдуулары, ошондой эле каналдар, жолдор жана көпүрөлөр чөйрөсүндөгү подряддык иштер;
  • кошо аткарылуучу жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр.

3. Транспорттук каражаттарды оңдоо жана тейлөө боюнча кызмат көрсөтүү чөйрөсү:

  • техникалык тейлөө жана оңдоо, май алмаштыруу жана сырдоо;
  • дөңгөлөктөрдү желимдөө жана түздөө;
  • жууп-тазалоо жана химиялык тазалоо.

4. Жеке жана мамлекеттик нотариустардын кызмат көрсөтүүлөрү.

5. Соода чөйрөсү:

  • интернет дүкөндөр (электрондук коммерция), товарларды жеткирүү, анын ичинде курьердик кызматты кошо;
  • курулуш материалдарын дүңүнөн сатуу жана жеткирүү, дүкөндөрдү (дүң соода түйүндөрү/кампалар/курулуш материалдарын жеткирүүчүлөрдү) кошпогондо;
  • кездемелерди жана фурнитураларды дүңүнөн сатуу жана жеткирүү, дүкөндөрдү (дүң соода түйүндөрү/кампалар/курулуш материалдарын жеткирүүчүлөрдү) кошпогондо;
  • автотетиктер, велотетиктер, комплекттөөчүлөр, май жана автосырдоо дүкөндөрү.

6. Чач тарачтар жана салондордун кызмат көрсөтүүлөрү.

7. Уюшулган таксомотордук кызматтар (2ден ашык адам салбаганда).

Мындан сырткары фермерлерди колдоо үчүн айрым аймактарда мал базарлардын иштөөсүнө уруксат берилди. Шаарларда жана Бишкек, Ош, Токмок, Сокулуктагы эл көп топтолгон базарлар азырынча иштебейт.

6907
Белгилер:
чечим, ишкана, өкмөт
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2249)
Тема боюнча
Айрым ишканалар жанданып, блокпосттор кыскартылат. Жаңы чечим
ӨАнын жаңы эрежеси боюнча эмнеге уруксат берилип, кандай чектөө болот. Тизме
Алтын куйма. Архивдик сүрөт

КРдин алтын кору бир айда 16 миллиард сомго кымбаттады

63
(жаңыланган 11:02 26.09.2020)
Жакында эле Улуттук банктын алтын валюталык корунун көлөмү 3 миллиард доллардан ашып, тарыхый рекордго жеткен. Бул жерде бир гана алтын кору тууралуу маалыматтар айтылууда.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Улуттук банктын алтын запасынын баасы бир айда дээрлик 16 миллиард долларга көбөйдү. Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын расмий сайтында айтылат.

Август айынын башында алтындын кору 56 миллиард 893 миллион сомго бааланган, сентябрь айынын башында анын наркы 82 миллиард 824,8 миллион сомго жетти. Бул рекорддук көрсөткүч катары саналууда. Жыл башындагы баага салыштырмалуу 34 миллиард сомго өсүү бар.

Лондондогу баалуу металлдар рыногунун ассоциациясынын кечки фиксинги (иш жүзүндө дүйнөлүк баа үч күн сайын жаңыланып турат) бул мезгил аралыгында 14 долларга жогорулап, 1 972,35 долларды түздү. Кеп трой унциясынын наркы — 31,1 грамм жөнүндө болуп жатат.

Улуттук банк сомдун кунун түшүрбөй сакташ үчүн 11,2 миллион доллар сатты

Улуттук банктын төрагасы жакында эле алтын валютанын резерви тарыхый рекордду камсыздап, 3 миллиард доллардан ашканын билдирген болчу. Бул көбүнесе ички рыноктогу алтындарды сатып алуудан болгон. Акыркы маалыматтарга ылайык, Улуттук банкта баш-аягы 16 тонна алтын бар.

Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банктын сомдун курсун туруктуу көзөмөлдөп туруусуна мүмкүнчүлүк берет. Ал ондогон валюталардан турат, алар: CDR (Атайын карыз алуу укугу – Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жасалма резерв жана төлөө каражаттары) жана алтын.

63
Белгилер:
Кыргызстан, Улуттук банк, валюта, экономика, алтын
Тема боюнча
Россияда доллардын баасы кескин кымбаттап кетти
Боронов алтын казып иштеген компаниялар канча салык төлөгөнүн айтты
Калькулятордо саноо. Архивдик сүрөт

2021-жылдан тарта айрымдар салык отчетун электрондук форматта берүүгө өтөт

49
(жаңыланган 13:47 25.09.2020)
Мамлекеттик салык кызматы ишкерлер менен уюмдарды электрондук кол тамганы эмитен сатып алууга чакырды. Мындай эреже өкмөттүн 2018-жылы кабыл алган токтомунда бекитилген.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Уюмдар менен жеке ишкерлер 2021-жылдын 1-январынан тартып салык отчетторун квалификациялуу электрондук кол тамганы колдонуу менен электрондук форматта берүүгө милдеттүү болушат. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, отчетту электрондук түрдө берүүгө милдеттүү болгон салык төлөөчүлөргө квалификациялуу электрондук кол тамганы алдын ала, азыртан баштап сатып алуу сунушталат.

"Электрондук кол тамганы Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Инфоком, Dostek, Ubr ишканаларынан алууга болот", — дешти Салык кызматынан.

Өкмөттүн "Салыктык отчеттуулукту электрондук документ түрүндө берүүгө өтүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү" жөнүндөгү токтому 2018-жылдын 12-декабрында кабыл алынган.

Отчетту электрондук форматта берүүнүн негизги максаты — кызматтарды онлайн көрсөтүүгө өткөрүү менен ишкерлер үчүн жагымдуу шарт түзүп берүү.

Эки күн мурда Финпол колго түшүргөн салыкчы кызматтан алынды

Белгилей кетсек, жогорудагы токтомго ылайык, 2019-жылдын 1-июлунан тартып товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар электрондук кол тамганы колдонуу менен салык отчетун электрондук форматта тапшырып келишет.

Кошумча маалыматты 1240 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.

49
Белгилер:
отчет, салык, Кыргызстан
Тема боюнча
Келерки жылдын бюджетин түзүүгө үн кошууну каалагандар онлайн талкууга катыша алат

Улуу Ата Мекендик согуштун кылым жашаган ардагери видео куттуктоо

0
(жаңыланган 21:32 26.09.2020)
Улуу Ата Мекендик согуштун Бишкек шаарындагы ардагерин туулган күнү менен куттуктап Россиянын КРдеги элчисинин кеңешчиси Андрей Сургаев жана "Гармония" орус маданий борборунун президенти Александр Степанюк келди.

Бүгүн Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Иван Николаевич Голиков 100 жылдыгын белгилеп жатат. Ал 1941-жылы майданга аттанган. Согуштан кийин алгач Четки Түндүктө "Дальстройдо" эмгектенип, 1955-жылы Кыргызстанга чегилген.

  • Поздравить ветерана ВОВ Ивана Голикова с 100-летним днем рождения пришли Советник посольства России в КР Андрей Сургаев и Президент Русского культурного центра Гармония Александр Степанюк.
    Бүгүн Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Иван Николаевич Голиков 100 жылдыгын белгилеп жатат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Поздравить ветерана ВОВ Ивана Голикова с 100-летним днем рождения пришли Советник посольства России в КР Андрей Сургаев и Президент Русского культурного центра Гармония Александр Степанюк.
    Ал 1941-жылы майданга аттанган. Согуштан кийин алгач Четки Түндүктө "Дальстройдо" эмгектенип, 1955-жылы Кыргызстанга чегилген.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Ветеран Великой Отечественной войны Иван Николаевич Голиков, который отмечает 100 – летний юбилей
    Ардагерди куттуктоого Россиянын КРдеги элчисинин кеңешчиси Андрей Сургаев жана "Гармония" орус маданий борборунун президенти Александр Степанюк келди.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 3
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бүгүн Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Иван Николаевич Голиков 100 жылдыгын белгилеп жатат.

"Фрунзе" заводунда жана Кажы-Сайдагы тоо-кенин байытуу комбинатында тогуз жыл иштеген. Согуштан кийин ал жерден советтик өнөр жай үчүн уран казышкан. Дагы 32 жыл Сибирде эмгектенип, ардагер эмгек жолун 77 жашында аяктаган. Сибирден кийин Кыргызстанга кайтып келген.

Ала-Бука: согуштун 94 жаштагы эки ардагерине автоунаалар белекке берилди. Сүрөт

Ардагерди куттуктоого Россиянын КРдеги элчисинин кеңешчиси Андрей Сургаев жана "Гармония" орус маданий борборунун президенти Александр Степанюк келди.

"Иван Николаевич, сиздин Улуу Ата Мекендик согуш учурунда мекенибизди жана башка европалык өлкөлөрдү бошотуудагы эрдигиңизди урматтайбыз. Азыркы заман үчүн сизге рахмат", — деп Сургаев ыраазылыгын билдирди.

Туугандарынын айтымына караганда, Иван Николаевич көп жагымсыздыкты алып келген согуш туурасында эстегиси келбейт.

Ардагер элчиликтин ар дайым көңүл буруп турганына жана бүгүнкү куттуктоосуна ыраазылыгын айтты.

0
Белгилер:
куттуктоо, КР элчилиги, Россия, ардагер, согуш, Улуу Ата Мекендик согуш, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Концерт коюп барып, калып калган... Улуу Жеңишти жакындаткан кыргызстандыктар