Кытай Кыргызстандын карызды жеңилдетүү өтүнүчүнө жооп берди

Жазылуу
Кытайдын Экспорт-импорттук банкы Кыргызстандын эң ири кредитору. Карызыбыздын 45 пайызы, тагыраагы, 1,8 миллиард доллары дал ушул уюмга туура келет.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы карыздар боюнча жеңилдиктерди берип туруу өтүнүчүн донорлор түшүнүү менен кабыл алды. Бул тууралуу маалымат жыйын учурунда вице-премьер Эркин Асрандиев билдирди.

Ага журналисттер "Кыргызстан карызын төлөө мөөнөтүн жылдырып берүү сунушун Кытай жана башка кредиторлор кандай кабыл алды?" деген суроо менен кайрылышкан.

"Кредиторлор түшүнүү менен мамиле кылууда. Өткөн аптада президент Кытай Эл Республикасынын лидери менен Экспорт-импорттук (“Эксимбанк”) банкынын алдындагы карыздын мөөнөтүн жылдыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Билишимче, алар биз күткөндөй жооп берип, “Эксимбанктын” өкүлдөрү биздин адистер менен байланышка чыкты. Учурда иш башталды”, — деди Асрандиев.

Сүт өндүрүүчү заводдун ишкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт бизнести колдоо үчүн антикризистик фонд түзөт
Эске салсак, Кыргызстан Кытайдын аталган банкына 1,8 миллиард доллар карыз.

Ал эми башка карыз берүүчүлөр менен дагы Париж клубунун алкагында насыя мөөнөттөрүн узартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.

Париж клубу — кредит берүүчү болуп эсептелген өнүккөн өлкөлөрдүн өкмөттөр аралык бейрасмий уюму. Анын милдети — өнүгүп келе жаткан өлкөлөр кредиттик милдеттерин аткара албай калган учурда жардам катары насыя шарттарын жеңилдетип берүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0