Абылгазиев кризистен чыгуу үчүн реформаны эмнеден баштай турганын айтты

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаПремьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев
Премьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө бюджети 30 миллиард сомго эңшерилери болжолдонгон, экономиканы жөнгө салуу үчүн салыктын айрым түрлөрүн жоюу каралууда.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте депутаттардын суроосуна жооп берип жатып өлкөнү кризистен чыгаруу үчүн эң биринчи салык тармагына реформа жасай турганын айтты.

Ага ылайык, салык төлөө жолдору жөнөкөйлөштүрүлүп, айрым түрлөрү жоюлушу ыктымал.

"Реформаны салык кодексинен баштайбыз. Ал боюнча 2020-жылга кабыл алынган өкмөттүн программасы турат. Жеңилдик берүү боюнча көйгөйлөр бар. Азыр "салыктан бошоткула" деп кайрылып жаткандардын категориясын карасак кээ бир бизнесмендер өздөрү түшүнбөйт. Аябай татаал жол менен кымбат салык төлөп келишкен. Салыкты жөнөкөйлөштүрүү зарыл, сиздер уруксат берсеңиздер айрым түрлөрүн жоюшубуз керек. Бизде жөнөкөй эки-үч салыктын түрү гана болгону оң", — деди Абылгазиев.

Ошондой эле ал коронавируска байланыштуу өлкө бюджетине 30 миллиард сом түшпөй, таңкыстык жараларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0