Кыргызстан тоок этин эми Россия менен Белоруссиядан алмай болду

© AFP / HOANG DINH NAM Тоңдурулган тооктун эти супермаркете. Архив
Тоңдурулган тооктун эти супермаркете. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстан куш этин негизинен АКШ, Латвия, Грузия өңдүү өлкөлөрдөн алып келген.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Кыргызстанда тоок эти азайгандыгына байланыштуу Россия жана Белоруссия менен аны импорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын өндүрүш жана агроөндүрүш комплекси боюнча министри Артак Камалян билдирди.

Бүгүн “ЕАЭБдин азык-түлүк коопсуздугу” темасында Москва — Ереван — Кишинев шаарларынын ортосунда видеокөпүрө болуп өттү.

Камаляндын айтымында, ЕЭК өлкөлөр ортосунда кайсы бир товардын тартыштыгы жана көптүгүн таразалап туруп, тараптарды бири-бири менен байланыштырып жатат.

"Азыр кыргызстандык кесиптештер тоок эти боюнча көйгөйлөр жарала баштаганын айтышты. Биз Россия менен Белоруссиядагы товардын бул түрү көп болуп жаткан өндүрүүчүлөр менен сүйлөшүп бердик. Эми өздөрү келишим түзүп алышат”, — деди министр.

Белгилей кетсек, Кыргызстан куш этин негизинен АКШ, Латвия, Грузия өңдүү өлкөлөрдөн алып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0