Нефтетрейдерлер: базада май көп, баа көтөрүлбөйт

133
(жаңыланган 17:04 02.05.2020)
"Нефтетрейдерлер союзунун" директору коронавирус эпидемиясына байланыштуу киреше кескин азайганы менен баалар көтөрүлбөй турганын билдирди.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Кыргызстандагы мунай базаларда кымбат баада сатып алынган күйүүчү-майлоочу май толуп турат. Бул тууралуу "Нефтетрейдерлер союзу" биримдигинин директору Заур Кипкеев билдирди.

Анын айтымында, коронавирус эпидемиясына байланыштуу киреше кескин азайганы менен баа көтөрүлбөйт.

"Нефтебазалар кымбат баада сатып алынган күйүүчү-майлоочу майга толуп турат. Өлкөдөгү кырдаалдан улам март жана апрель айларында айрым компаниялардын сатуудан түшкөн кирешелери 90 пайызга түштү. Бирок ага карабастан, биз өкмөттү колдоп, КММга болгон бааны төмөндөттүк", — деди Кипкеев.

Өлкөдө жалпысынан коронавирус 769 адамдан аныкталды. Анын ичинен 527си айыкты. Азыркы тапта стационарда 232 бейтап дарыланып жатат.

Sputnik Кыргызстан редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

133
Белгилер:
май, база, Мунай, нефтетрейдерлер, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанда күйүүчү май 5 сомго чейин арзандашы мүмкүн
Кыргызстанда күйүүчү май арзандады. Баасы дагы түшөрү айтылууда
Доллар акчалары. Архивдик сүрөт

ЕТӨФ кеңеши Кыргызстанга 100 миллион доллар насыя бермей болду

124
(жаңыланган 13:28 10.08.2020)
Каражат өкмөт менен Улуттук банктын COVID-19 эпидемиясынын кесепеттерине каршы күрөшүү программасын ишке ашырууга жумшалат.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун (ЕТӨФ) кеңеши Кыргызстанга 100 миллион доллар насыя берет. Бул тууралуу Россиянын Финансы министрлигинин сайтында жазылды.

"Региондук финансылык механизм катары иш алып барган фонд башка эл аралык каржы институттары жана донорлор менен биргеликте катышуучу-мамлекеттерге маанилүү колдоолорду көрсөтүп келет. Бул алардын каржылык туруктуулугун камсыздап, пандемиянын социалдык-экономикалык кесепеттерин жоюу үчүн кризиске каршы улуттук программаларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет", — деген Финансы министри жана ЕТӨФ кеңешинин башчысы Антон Силуанов.

Каражат өкмөт менен Улуттук банктын COVID-19 эпидемиясынын экономика, финансы жана социалдык тармактарга тийгизген таасирине каршы күрөшүү программасын ишке ашырууга жумшалат.

Өкмөт: Кытай баштаган бир катар өлкө Кыргызстандын карызын сурабай турат

Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду — катышуучу-мамлекеттердин экономикасын колдоодо регионалдык финансылык механизм болуп саналат. Анын каражатын эң көп Белоруссия алган. Аталган өлкөгө 5 миллиард доллар өлчөмүндө эки насыя менен бекитилген. Инвестициялык жана каржылык насыяларды, ошондой эле гранттар түрүндө каржылык колдоолорду Кыргызстандан сырткары Тажикстан менен Армения алып турат.

124
Белгилер:
каражат, насыя, Евразия, Кыргызстан
Тема боюнча
Былтыр банктар элге канча насыяны кандай максатта берген. Сандар
Карабаева: насыя боюнча жеңилдик алгандардын 28%ы соодагер
Ишканалардын дебитордук карызы көбөйдү. Статистика
Биринчи вице-премьер Алмазбек Баатырбеков

Баатырбеков: күз-кышта ооруканалардын жылуу болушуна өзгөчө көңүл бурулууда

85
(жаңыланган 22:09 08.08.2020)
Өкмөт өкүлүнүн айтымында, быйыл суу сактагычтарда суу аз болгондуктан жана коронавирус дагы деле мизин кайтара электигине байланыштуу даярдыктар дыкат жүргүзүлүшү керек.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Алмазбек Баатырбеков саламаттык сактоо системасын жылытуу мезгилине даярдоо биринчи орунда экендигин билдирди. Бул тууралуу өкмөт кабарлады.

Ага ылайык, Баатырбеков күз-кыштагы жылытуу маалына экономика чөйрөсүн жана калкты даярдоо маселеси боюнча жыйын курган. Анын айтымында, быйыл суу сактагычтарда суу аз болгондуктан жана коронавирус дагы деле мизин кайтара электигине байланыштуу даярдыктар дыкат жүргүзүлүшү керек.

Кышында эл жарыксыз калбайбы? Жээнбековдун актуалдуу суроого жообу

"Ар бир мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер жылытуу сезону даяр болушу шарт. Анын ичинде ооруканалар, өзгөчө реанимациялык жана операциялык бөлүмдөр электр энергиясынын кошумча булагы менен камсыздалууга тийиш. Медициналык мекемелердин бардыгы кышка кандай даярдык көрүп жатканы боюнча маалыматтар берилип турушу зарыл", — деп айтылат маалыматта.

Биринчи вице-премьер жылытуу маселелеринде облус жетекчилеринин жоопкерчилиги да чоң экендигин эскерткен.

Мындан тышкары Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине электр энергиясын көп көлөмдө керектөөчү объектилерди альтернативдик отунга өткөрүү мүмкүнчүлүгү боюнча иштерди жүргүзүүнү тапшырган.

85
Белгилер:
оорукана, даярдык, жылытуу маалы, жыйын, өкмөт, Алмазбек Баатырбеков
Тема боюнча
Жээнбеков: аймактарда ооруканалар эски, аны оңдоодо каржылоо маселеси жаралбасын
Даниил Урицкий деп атаган качкын өкмөт башчы Данияр Үсөнов. Архивдик сүрөт

Лукашенко Данияр Үсөновго окшош киши менен жолукту. Сүрөт

0
(жаңыланган 17:10 10.08.2020)
Кадрдан Урицкийге окшогон киши Лукашенкого жана анын айланасындагыларга таякча менен бир макетти түшүндүрүп жатканын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Өзүн Даниил Урицкий деп атаган качкын өкмөт башчы Данияр Үсөновго окшош кишинин Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко менен түшкөн сүрөтү чыкты.

Сүрөт президентти сайты менен РИА Новостиге жарыяланган. Анда Урицкийге окшогон киши Лукашенкого жана анын айланасындагы кишилерге таякча менен бир макетти көрсөтүп түшүндүрүп жатканын көрүүгө болот. 

Мужчина, похожий на беглого премьер-министра КР Данияра Усенова, который сегодня именует себя Даниилом Урицким с президентом Беларуси Александром Лукашенко на встрече в Минской области
Өзүн Даниил Урицкий деп атаган качкын өкмөт башчы Данияр Үсөновго окшош кишинин Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко менен түшкөн сүрөтү чыкты

Маалыматта Лукашенко Минск облусуна иш сапары менен барып, Пухович районундагы жогорку технологиялуу агроөнөр жай өндүрүшүн толук циклде уюштуруу боюнча инвестициялык долбоордун ишке ашырылышы менен таанышары айтылат. Долбоорду "Белоруссиянын улуттук биотехнологиялык корпорациясы" ишке ашырууда.

ЖМК Бакиевдер менен Урицкийдин Белоруссиядагы миллиондогон бизнестери тууралуу

Өз кезегинде Лукашенко долбоорго жогорку баасын берген.

Курманбек Бакиевдин тушундагы соңку премьер-министр болгон Данияр Үсөнов апрель окуясынан кийин кызматынан кол жууган. 3,5 ай премьерликти аркалап, апрель окуясы боюнча иштерден улам сыртынан соттолгон. Ушул тапта Белоруссияда жашайт, ал жакта Даниил Урицкий ысымы менен жүрөт.

0
Белгилер:
долбоорлор, Сүрөт, Александр Лукашенко, Данияр Үсөнов, Белоруссия
Тема боюнча
Белоруссия Данияр Үсөновду эмнеге кайтарып бербей жатканын түшүндүрдү
Лукашенко: митингге чыккандарды чет мамлекеттен туруп көзөмөлдөшкөн