Дезинфекция жүргүзүп жаткан кызматкерлер

COVID-19: ЕАЭБ өлкөлөрү вирус менен бирге күрөшүү боюнча долбоор дайындады

125
(жаңыланган 16:24 04.05.2020)
Комплекстүү негизде иштешүү ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү эпидемиологиялык абалды жөнгө салып, инфекциялык оорулар менен күрөшүүдө мүчө мамлекеттердин потенциалын күчөтүүгө жардам берет.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. ЕАЭБ мамлекеттери Россиянын Керектөөчүлөрдүн укугун коргогон жана адам жашоосунун жайлуулугун көзөмөлдөгөн федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) демилгеси менен коронавируска каршы күрөшүүнүн бирдиктүү план-долбоорун иштеп чыкты. Бул тууралуу Роспотребнадзор мекемесинин сайтында жарыяланды.

"Документке ылайык, ЕАЭБ аймагында лабораториялык иликтөөлөрдү, оорулууларды ыкчам мониторинг кылып туруу системасын бирдиктүү методикалык ыкмага келтирүү каралган. Ошондой эле кадрларды дайындоо, региондо болуп жаткан инфекциялык ооруларга вакцина жана тест-система иштеп чыгуу боюнча биргелешкен иш-чаралар өткөрүлөт”, — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, бул документти кабыл алуу маселеси Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин келерки жыйынында каралат.

Комплекстүү негизде иштешүү ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү эпидемиологиялык абалды жөнгө салып, инфекциялык оорулар менен күрөшүүдө мүчө мамлекеттердин потенциалын күчөтүүгө жардам берет.

Коронавирус тууралуу

2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган. Учурда вирус 200дөй өлкөгө жайылды, ага каршы вакцина табыла элек.

Жонс Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтындагы маалыматка ылайык, 4-майга карата дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 3 519 901ге жетти.

ЕАЭБ курамындагы өлкөлөр тууралуу айтсак, Арменияда вирус жугузуп алгандардын саны  2 507 кишиге жетти. Белоруссияда — 16 705, Казакстанда — 3 988, Кыргызстанда — 830, Россияда — 145 268.

125
Белгилер:
долбоорлор, коронавирус, Кыргызстан, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус (732)
Тема боюнча
Бактыгулов: ЕАЭБ ичинде жеңилдиктерди киргизүү каралууда
ЕЭК министри: пандемия ЕАЭБге жакшы мүмкүнчүлүк берүүдө
Цехтин кызматкери. Архивдик сүрөт

Санитардык эрежени бузган ишканаларга миллион сомго чукул айып салынды

74
(жаңыланган 12:46 25.05.2020)
Республика боюнча жалпысынан жети миңге чукул объект текшерилди.  Бир нече ишкерлерге  эскертүү берилсе, бир тобуна протокол толтурулган.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. 1-майдан тарта ишмердүүлүгүн жанданткан объектилерди  текшерүүнүн жыйынтыгында санитардык ченемдерди сактабагандыгы үчүн 900 миң сомдон ашык суммага айып салынды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. 

“1-майдан 22-майга чейин  республикадагы оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун кызматкерлери коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча иштей баштаган ишканаларды текшерип турду”, — деп айтылат билдирүүдө.

Республика боюнча жалпы 6891 объект текшерилген. Аймактар боюнча ала келгенде төмөнкүчө:

  • Бишкек – 768 объект ;
  • Ош облусу – 2706;
  • Баткен облусу – 590;
  • Жалал-Абад облусу – 543;
  • Талас облусу – 180;
  • Ысык-Көл облусу – 1385;
  • Чүй облусу – 428;
  • Нарын облусу – 245.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, 2710 жазма эскертүү берилип,  707 протокол толтурулуп,  9 эскертүү жасалган.

Коопсуздук эрежелерин  бузгандыгы үчүн 680 объектинин ээлерине жалпы суммасы 977 миң сомго айып салынды. 15 материал баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берилди.

Кыргызстандагы COVID-19

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1433 адамга жетти. Алардын ичинен 992 бейтап айыгып кетти. Тилекке каршы, он алты киши каза тапты.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

74
Белгилер:
айып пул, текшерүү, экономика, карантин, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
"Унаа" ишканасы менен 20 калкты тейлөө борбору ишин жандантты
Депутат: өкмөт бюджетке 6 млн. сом төлөчү ишкананы 60 миң сом төлөгүдөй кылды
Бал сатуу. Архивдик сүрөт

Андорра, Кытай, Сингапур... Кыргыз балын кайсы өлкөлөр сатып алат

91
(жаңыланган 11:09 25.05.2020)
Үстүбүздөгү жылдын январынан март айына чейин дээрлик 100 тонна бал сатылган. Аталган азык ондон ашык мамлекетке экспорттолгон.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Кыргызстан ушул жылдын үч айында чет мамлекетке 99,5 тонна бал сатты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.

Ага ылайык, аталган азык жалпысынан 303 миң долларга, тагыраагы, 21,7 миллион сомго сатылган.

Төмөндө өлкөлөр боюнча бөлүштүрүлгөн:

  • Андорра —18,9 тонна;
  • Бахрейн — 0,1;
  • Иордания — 0,1;
  • Казакстан — 0,2;
  • Катар — 7 тонна;
  • Кытай — 5;
  • Кувейт — 2,6 тонна;
  • БАЭ — 15,2;
  • Оман — 2,8;
  • Түштүк Корея — 10,1;
  • Россия — 0,2;
  • АКШ — 6 тонна;
  • Сауд Аравиясы — 18,8 тонна;
  • Сингапур — 0,1;
  • Тайвань — 9,9;
  • Япония — 2,4;
  • өлкөсү көрсөтүлгөн эмес — 0,1 тонна.
91
Белгилер:
Экспорт, сатуу, бал, Кыргызстан
Тема боюнча
Сүт экспорттоону максат кылган фермер эмнеге көңүл бурушу керек
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков. Архивдик сүрөт

Путиндин маалымат катчысы коронавирустан айыгып, үйүнө чыкты

0
(жаңыланган 23:07 25.05.2020)
Дмитрий Песков өзү журналисттерге ооруканадан чыкканын жана азырынча үйдө иштей турганын тастыктады.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков коронавирустан сакайып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

Эске салсак, ал 12-май күнү коронавирус жуктуруп алганын билдирген. Ошондой эле анын жубайы, муз бийчиси Татьяна Навкадан дагы вирус аныкталган.

Песков өзү журналисттерге ооруканадан чыкканын жана азырынча үйдө иштей турганын тастыктады.

0
Белгилер:
оорукана, коронавирус, Дмитрий Песков, Россия
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус (732)