Сооронбай Жээнбеков өкмөткө сырттан арбын каражат издөөнү тапшырды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков вице-премьер-министр Эркин Асрандиевди кабыл алды
Президент Сооронбай Жээнбеков вице-премьер-министр Эркин Асрандиевди кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Январь-апрель айларында бюджеттин киреше бөлүгү 77,2 пайызга аткарылган. Башкача айтканда, 9,7 миллиард сом түшпөй калды.

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков вице-премьер-министр Эркин Асрандиевди кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Сүт өндүрүүчү заводдун ишкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт бизнести колдоо үчүн антикризистик фонд түзөт
Жолугушууга финансы министри Бактыгүл Жээнбаева дагы катышты.

Анда коронавирустун учурдагы макроэкономикалык кырдаал жана өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын турукташтыруу чаралары талкууланды.

Асрандиевдин айтымында, алдын ала маалымат боюнча январь-апрель айларында республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 77,2 пайызга аткарылган. Башкача айтканда, пландагы 9,7 миллиард сом түшпөй калды.

"Өкмөт бюджеттин тобокелчиликтери боюнча эки сценарий иштеп чыкты. Жыл аягына чейин казынага түшпөй калуу коркунучу бар каржылык булактар талданып, бюджеттик чыгымдарга түзөтүүлөр киргизилет", — деди Асрандиев.

Ал эми финансы министри Жээнбаева азыркы тапта эл аралык өнөктөштөрдөн 174,5 миллион доллар келип түшкөнүн маалымдады.

"Бюджетти колдоо үчүн кошумча каражаттарды тартуу жаатындагы иштерди күчөтүү зарыл. Пандемияга байланыштуу экономикалык чыгымдарга деталдуу баа берилип, республикалык бюджеттин артыкчылыктуу болбогон чыгымдарын кыскартуу максатында мындан ары анализ жүргүзүлүшү керек", — деди президент Жээнбеков.

Состояния бюджета - Sputnik Кыргызстан
Бюджет 30 млрд. сомго эңшерилет. Чет өлкөдөн насыялар кандай шартта алынууда
Мамлекет башчысы тышкы карызды кайра түзүмдөштүрүү жана мөөнөтүн узартуу боюнча эл аралык каржы институттары жана донор-өлкөлөр менен иштерди активдештирүүнү дагы тапшырды.

Ошондой эле ишин жанданткан бизнес өкүлдөрүнө мамлекет тарабынан болушунча колдоо көрсөтүлүшү керектигин баса белгилеген.

Эскерте кетсек, буга чейин коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстан чет жактан 456,4 миллион доллар алууга макулдашканы белгилүү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0