Карантиндик чектөөлөр азайган сайын нефтинин баасы өсүп бара жатат

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүНефть казуучу станция. Архив
Нефть казуучу станция. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл ОПЕК+ өлкөлөрүнүн келишими бузулуп, натыйжада Brent жана WTI маркаларынын наркы кыйла арзандаган.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Дүйнөдө карантиндик чектөөлөр азаган сайын мунайга болгон суроо-талап күчөйт деген ойдо өндүрүүчүлөр анын баасын көтөрүп жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Бүгүн эртең мененки маалыматка караганда, Brent үлгүсүндөгү нефтинин июль айындагы сатылчу баасы 1,49 пайызга кымбаттап, бир баррелине 29,9 долларды түздү. Ал эми WTI үлгүсүндө кара алтындын баррели 23,98 доллар болмокчу (кымбаттоо 1,83 пайыз).

“Инвесторлор ар кайсы өлкөлөрдүн карантиндик чектөөлөрдү азайтуу боюнча чечимдерин сүйүнүү менен кабыл алып, күйүүчү майга суроо-талап өсөт деп үмүт кылып жатышат", — деп айтылат кабарда.

Автозаправочные станции сети Газпромнефть на Симферопольском шоссе - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда күйүүчү май арзандады. Баасы дагы түшөрү айтылууда
Белгилей кетсек, быйыл ОПЕК+ өлкөлөрүнүн келишими бузулуп, натыйжада Brent жана WTI маркаларынын наркы кыйла арзандаган. Экинчи жагынан нефтинин арзандап кетишине пандемия шартында чектөөлөрдүн киргизилиши да себеп болгон.

Дүйнөдө нефтиге болгон баанын түшүп кетиши Кыргызстанга кандай таасир тийгизери боюнча вице-премьер Эркин Асрандиевдин түшүндүрмөсүн Sputnik агенттигинин материалынан окуп таанышсаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0