Кыргызстанда банктык карталар менен кантип акча табууга болот? Жол-жобосу

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүVISA жана MasterCard эл аралык төлөм системаларынын банк карталары.
VISA жана MasterCard эл аралык төлөм системаларынын банк карталары. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир топ өлкөлөрдө банк карталары — каражат сарптоо механизми гана эмес, үнөмдөө, ал тургай, кошумча пайда табуу инструменти. Sputnik Кыргызстан биздин өлкөдө жагдай кандай экенин тактап көрдү.

Бир нече жыл мурун менден "маянаны накталай алган оңбу же карта аркылуубу?" деп сурашканында "айырмасы эмне, андан акча көбөйүп кетпейт да" деп койгом. Бирок бүгүн жообум бөлөк болсо керек.

Банк карталары менен кошумча каражат табуу боюнча россиялык интернет айдыңында кеп-кеңештер көп. Айрымдар бир нече картаны пайдаланышарын, бул аларга үстөк акча табууга же куру дегенде эле үнөмдөөгө мүмкүндүк берерин айтышат. Бирок экинчи жагынан, Россияда банктардын көптүгүн, буга ылайык, сунуштар да ар кыл экенин эске алуу зарыл. Ошол себептен Sputnik Кыргызстан редакциясы биздин өлкөдөгү мындай амалкөйлүктөрдөн пайдаланууга болор-болбосуна кызыгып көрдү.

Чакан глоссарий

Дебет картасы — бул капчыктын синоними десек болот, анда камтылган гана каражатты сарптай аласыз.

Насыялык карта — аталышы айтып тургандай эле бөлөк, тагыраагы, банктын каражатын пайдалана туруу мүмкүнчүлүгү.

Кыска убакытка акча табуу же Киреше картасы

Дождь в Москве - Sputnik Кыргызстан
Пандемиядан кийин кайсы тармакта айлык көтөрүлөт? Эксперттин пикири
"Пайызга акча коюу" десе ойго алгач аманатка коюлган акча келет. Күнүмдүк чыгымдарга жумшалчу акчаны табууга болобу деген суроо туулат. Көрсө, Кыргызстанда да мүмкүн экен. Кирешелүү дебет же калдык акчага пайызы бар картаны табуу зарыл. Бул акчага жылдык үч-беш пайыз чегерилет. Мындай карталардын баары кыргызстандык бир нече банкта бар.

Эске алчу жагдай — пайыздардын чегерилиши кандай жүрөрүн тактап алыңыз: күн сайынбы же айдын аягындагы калдыкка гана кошулабы? Экинчи учурда үнөмдөп деле кыйратпайсыз. Себеби айдын аягында канча акчаңыз каларын эстеп көрүңүз. Ошондой эле кайсы суммадан чегерилерин тактаңыз, кээде минималдык чек коюшу мүмкүн.

Эскертүү: мындай картаны тейлөө акысын сурап билип, ат тери кайтар-кайтпасына ынаныңыз. Ошентсе да акысыз тейленген варианттар бар. Көп пайда таба албайсыз, бирок аз болсо деле акча жерде жатпайт эмеспи.

Кешбек

Жумшалган каражаттын банк тарабынан кайтарылган бир бөлүгү. Мында эске алчу жагдай: кеп карта аркылуу накталай эмес эсеп жөнүндө гана болууда, базардан сатып алган бир кап картошка үчүн сизге эч ким карыз эмес. Кешбек насыялык да, дебет карталарда да кайтарылат.

Кыргызстанда кешбек дебет карталары боюнча 0,1 пайыздан 2,5 пайызга чейин, ал эми насыялык картада беш пайызга дейре кайтарылат. Мисалга бир пайызды эле алалы. Ар жылкы сарптоодо, орточо 50 миң сомдон 500 сом кайтарып аласыз, эгер чыгымдарыңыз жогору болсо, анда мээнеттенип тапкан акчаңыздын бир аз бөлүгүн кайрый аласыз.

Бирок мындай опциясы бар картага буюртма берүүдөн мурун тейлөө акысын тактап алыңыз (бекер болгону да кездешет). Акчанын кайтарылышы акталабы же жокпу, эсептеп чыгыңыз.

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүБанктык карталар менен төлөө терминалы
Кыргызстанда банктык карталар менен кантип акча табууга болот? Жол-жобосу - Sputnik Кыргызстан
Банктык карталар менен төлөө терминалы

Арзандатуулар

Негизи банктардын өз карталары менен төлөөдө арзандатуулар боюнча макулдашуулары болот. Арзандатуулар тизмеси да узун, азык-түлүк дүкөндөрү, кафе-ресторандардан тарта авиакасса жана клиникаларга чейин камтылат. Арзандатуулардын көлөмү да кең, кээде 50 пайызга чейин жетет.

Бирок адатта бул 10 пайыздан ашпайт. Кантсе да дурус кошумча. Мындан ары кай жерде каражат сарптаарыңыз, кайсы жайлар көңүлүңүзгө толорун ишенимиңизге татыган банктын сайтынан карап же анын Байланыш борборунан сурап биле аласыз.

Насыялык карталар

Россиялык эксперттер биринчи маянаны аманатка коюуга кеңеш беришет. Ал эми ар күнкү чыгымдарды насыялык карта менен төлөп, аны кийинки айлык акы менен төгүүгө болот. Ушундай жол менен алгачкы маяна белгилүү бир убактан соң киреше алып келет.

Повышение учетной ставки Нацбанка КР - Sputnik Кыргызстан
Улуттук банктын эсептик чени көбөйдү. Насыя үстөгү өспөйбү? Саресеп
Эскертүү: ар бир насыялык картанын жеңилдетилген мөөнөтү болот. Бул мезгилде үстөк пайыз кошулбайт, андыктан, дал ушул маалда аны төлөп үлгүрүү керек. Кыргызстандык банктарда жеңилдетилген мөөнөт 30-45 күнгө созулат.

Мында сиз насыяны алган күндөн эмес, айдын биринчи күнүнөн тарта санала баштаарын эске түйүп алыңыз. Ошол себептен бул кеңешке кулак салуудан оболу, жеңилдетилген мөөнөт чегинен чыгып-чыкпаганыңызды түшүнүп алуу үчүн маяна алчу күнгө салыштырыңыз. Ошондой эле айрым насыялык карталарды тейлөөгө акы алынарын да унуткарбоо абзел.

Мындан тышкары, жеңилдетилген мөөнөт накталай эмес эсептерге гана тиешелүү, ал эми банкоматтан акчаны чыгарууда банктын пайдасына дароо пайыздар түшө башташы ыктымал.

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүКиши банкомат колдонуп жатат
Кыргызстанда банктык карталар менен кантип акча табууга болот? Жол-жобосу - Sputnik Кыргызстан
Киши банкомат колдонуп жатат

Соңку сөз

Көптөгөн лайфхактар менен кыргызстандыктар да тааныша алат экен. Бирок бул кошумча кирешенин жүз пайыздык кепилдиги эмес, чоң мүмкүнчүлүк экенин эстен чыгарбаңыз.

Бул үчүн банктардын бардык шарттарын, жеке чыгымдарыңызды кылдат талдап чыгуу зарыл, ошондой эле бир нече банк картасын пайдаланууга туура келерин түшүнгөн оң. Себеби төгөрөгү төп келген картаны али ойлоп табыша элек.

Эгер чакан сумманы үнөмдөй алсаңыз, аны сарптоо жолдорун да караштырганбыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0