Кыргызстан Эл аралык валюта фондунан дагы 121,1 млн. доллар алууда

© AFP / AHMAD AL-RUBAYEАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан буга чейин дагы 120,9 миллион доллар алып, бюджеттин социалдык маанилүү чыгымдарына пайдаланган.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга экинчи транш менен дагы 121,1 миллион доллар берет. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргызстан буга чейин дагы 120,9 миллион доллар алып, бюджеттин социалдык маанилүү чыгымдарына пайдаланган. Экинчи транш менен берүүнү фонд 8-майда жактырганы айтылат.

Ушуну менен Эл аралык валюта фонддун линиясы боюнча алынган көмөктүн өлчөмү 241,9 миллион долларды түзөт.

Монеталар жана накталай акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
G7 Кыргызстан жана башка өлкөлөрдүн карыз төлөө мөөнөтүн жылдырууну колдоду
Мындан сырткары өкмөт 5-майда бюджетти колдоо үчүн Азия өнүктүрүү банкынан 50 миллион доллар алуу боюнча келишимге кол койгонун кабарлады. Алдыда дагы өзгөчө долбоордук жардам түрүндө 20 миллион доллар бөлүү боюнча расмий сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү пландалууда.

Ал эми Дүйнөлүк банк буга чейин 9 миллион доллар берген, жакында дагы 12 миллион доллар бөлүүгө макулдугун бергени айтылат.

Европа бирлиги тарабынан бюджеттик колдоо түрүндө 30 миллион евро бөлүү маселеси каралууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0