Кыргызстан жыл башынан бери тышкы карыздан да ички карызга көп акча коротту

Жазылуу
Февраль айынын соңундагы маалыматка ылайык, мамлекеттин жалпы карызы 4,6 миллиард долларды түзөт. Анын бештен бир бөлүгүнөн азыраагы ички карызга туура келет.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. 2020-жылдын алгачкы үч айындагы жыйынтык боюнча мамлекеттин ички карызын тейлөөгө тышкы карызга караганда көп акча кеткен. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Февраль айынын соңундагы маалыматка ылайык, мамлекеттин жалпы карызы 4,6 миллиард долларды түзөт. Анын бештен бир бөлүгүнөн азыраагы ички карызга туура келет.

“Январь-март айында тышкы карызды тейлөөгө 3 миллиард 934,9 миллион сом кетсе, ички карызга 5 миллиард 41,5 миллион сом жумшалган”, — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргыз Республикасынын желеги Пекин шаарында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытай Кыргызстандын карызды жеңилдетүү өтүнүчүнө жооп берди
Бирок министрликтен билдиришкендей, быйыл мамлекеттик карызды тейлөөгө  28,8 миллиард сом каралса, анын болжол менен 16 миллиарды тышкы карызга сарпталмакчы.

Эске салсак, пандемиядан улам келип чыккан көйгөйлөргө байланыштуу Кыргызстандын тышкы карыздар боюнча жеңилдиктерди берип туруу өтүнүчү менен Кытайга жана башка донорлорго кайрылган. Алар абалды түшүнүү менен кабыл алып, сүйлөшүүлөр башталган.

Тышкы карыз — башка өлкө жана эл аралык финансы уюмдарына бере турган акча. Ал эми ички карыз ар бир өлкөнүн ичинде баалуу кагаздарды чыгарууда пайда болгон милдеттенме.

Жаңылыктар түрмөгү
0