Кыргызстанда доллардын баасы түшүп бара жатат

© AFP / YURI CORTEZАКШ Жүз доллар купюралары. Архив
АКШ Жүз доллар купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн эртең менен АКШ акчасы 77,15 сомго сатып алынып, 77,82 сомго сатылып жаткан. Мурдагы суткаларга салыштырмалуу доллар 63-65 тыйынга арзандады.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. 12-май саат 15:00дөгү маалыматка караганда, Кыргызстанда доллардын баасы түшүп бара жатат. Бул тууралуу Valuta.kg сайтынан көрүүгө болот.

  • Бүгүн эртең менен АКШ акчасы 77,15 сомго сатып алынып, 77,82 сомго сатылып жаткан. Мурдагы суткаларга салыштырмалуу доллар 63-65 тыйынга арзандады.
  • Ал эми саат 15:00дө аны сатып алуу — 76,7ден 77,1 сомго чейин, сатуу — 77,4 сомдон 77,8 сомго чейин төмөндөдү.

Москва биржасындагы доллар курсу (Бишкек убактысы боюнча 14:42де) боюнча айтсак, бүгүн 73,46 рубль деп бааланса, эртең 73,47 рубль болору көрсөтүлдү. Буга чейинки соодалашуудагы келишимдин жыйынтыгына салыштырмалуу доллар 7-22 тыйынга баасын көтөрдү.

Нефтинин июнь айына көрсөтүлгөн баасы (Бишкек убактысы менен 15:00):

  • Brent үлгүсү (Европа жана Азиядагы баанын түзүлүшүнө таасир этет) — 30,08 (1,52 пайызга кымбаттады);
  • Light Sweet Crude Oil үлгүсү (Батыш жарым шарындагы баанын түзүлүшүнө таасир этет) — 24,8 (2,73 пайызга кымбаттады).

Нефть жана чет элдик валюталардын баасы боюнча кырдаал

Май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нефтинин арзандашы Кыргызстанга кандай таасир этип жатат? Түшүндүрмө
Быйыл ОПЕК+ өлкөлөрүнүн келишими бузулуп, натыйжада Brent жана WTI маркаларынын наркы кыйла арзандаган. Жыйынтыгында рублдин курсу долларга карата арзандап, анын арты менен сомдун баасы түшкөн. Ал эми доллар эки ирет 85 сомго чейин кымбаттоого жетишти.

Бирок кийин ОПЕК+ кызматташтык тууралуу сүйлөшүүлөрүнөн кийин 2020-жылдын 1-майынан баштап нефть казуунун көлөмүн суткасына 9,7 миллион баррелге азайтуу чечими кабыл алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0