Бизнес-омбудсмен: ишкерлер кезекке турууга эмес, башкага баш оорутушу керек

© Sputnik / Табылды КадырбековПосол Великобритании в КР Робин Орд-Смит
Посол Великобритании в КР Робин Орд-Смит - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Робин Орд-Смит маалым катты салык кызматынан күбөлөндүрүү ал жерде элдин топтолушуна алып келгенин айтты.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Кыргызстандын бизнес-омбудсмени Робин Орд-Смит ишкерлер үчүн Бишкектин ичине кирүүгө коюлган талаптар менен бюрократиялык кадамдарга тынчсызданып жатканын айткан. Бул тууралуу аталган уюмдун маалымат кызматы билдирди.

"Азыр ишкерлер кантип ишимди кайра калыбына келтирем деген маселеге баш оорутушу керек. Финансылык абалымды кантип турукташтырам, жумушчу орунду кандайча сактап калам дегенди ойлошу керек. Мунун ордуна алар узун кезекке бир нече сааттап туруп, кагаз менен маалымат каттарды чогултуп жүрөт. Бул өлкөнүн экономикасынын тезирээк калыбына келишине алып келбейт", — деп айтылат маалыматта.

Бизнес-акыйкатчынын айтымында, мындай талаптар - маалым катты салык кызматынан күбөлөндүү ал жерлерде элдин топтолушун жаратып жатат. Бул коронавирустун таралуу коркунучун пайда кылат.

Ал арызды интернет аркылуу берип коюу туура кадам экендигин айтып, бирок мындай кыйын кырдаалда бул кадам жетишсиз экендигин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0