Сом тыйындары. Архив

Кыргызстандын экономикасында олуттуу артка кетүү байкалды. Статистика

215
(жаңыланган 22:03 13.05.2020)
Алдын ала маалыматтарга караганда, ички дүң продукция январь-апрель айларында 149 миллиард сомду түздү. Бул былтыркы жылдын ушул убагына салыштырмалуу 3,8 пайызга төмөн дегенди түшүндүрөт.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Кыргызстандын экономикасында сезилээрлик төмөндөө болду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Алдын ала маалыматтарга караганда, ички дүң продукция январь-апрель айларында 149 миллиард сомду түздү. Бул былтыркы жылдын ушул убагына салыштырмалуу 3,8 пайызга төмөн.

Өндүрүш продукцияларынын көлөмү жыл башынан бери 99 миллиард сомго чукулдады. Былтыркы жылга салыштырганда бул 2,8 пайызга төмөндөдү дегенди туюндурат. Буга тазаланган нефть заттары (63,1 пайызга), металл эмес минералдык азыктар (36,7), булгаары жана андан жасалган буюм, бут кийим (27,6) жана суусундук чыгаруу (11,9) тармактарында иштин азайышы себеп болгон.

"Тетири кетүү курулуш (5,6 пайызга), дүң жана чекене соода (8,0) тармактарында дагы байкалды. Айыл чарбасында, тескерисинче, 0,2 пайызга өсүү болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Аймактарда тамак-ашка баа жана тарифтер 5 пайызга өсүп кеткен. Бирок былтыркы жылдын аягына салыштырмалуу башка товарлар 0,2 пайызга арзандады.

ЕАЭБ курамына кирген өлкөлөр менен соода-сатык январь-март айларында 614 миллион долларды түзүп, үч пайызга өстү. Ошол эле учурда экспорт 3,7 пайызга азайып, импорт 5,1 пайызга көбөйдү.

ЕАЭБ өлкөлөрү менен болгон сооданын эң көп үлүшү Россияга (71,7 пайыз) туура келсе, кийинки орунду Казакстан (26,5) ээледи.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1044кө жетти. Анын ичинен 726сы айыкса, 12 адам көз жумган.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

215
Белгилер:
статистика, экономика, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1476)
Тема боюнча
Ар бир үчүнчү ресторан жабылуу коркунучунда. Коомдук тамактануу жайларынын абалы
Бизнес-омбудсмен: ишкерлер кезекке турууга эмес, башкага баш оорутушу керек
АКШ доллар купюралары. Архив

Доллар арзандап, алтын кымбаттады. 1-июнга карата баа

550
(жаңыланган 10:49 01.06.2020)
Sputnik Кыргызстан Бишкектин акча алмаштыруу жайларындагы валюта курсун, алтын жана күйүүчү майга болгон бааларды сунуштайт.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Өткөн суткаларда Бишкекте доллардын баасы сомго карата төмөндөп, алтын куймалары, тескерисинче, кымбаттады. Ал эми күйүүчү майдын баасы ошол бойдон турат.

АКШ акчасын сатып алуу — 73.04, сатуу — 73.73 сом. Еврону сатып алуу — 80.26, ал эми сатуу 82.75 сомго бааланып жатат. Рубль наркы бир сомдун тегерегинде (сатып алуу — 1.034, сатуу — 1.057 сом) кармалып турат.

Автоунааларга пайдаланчу АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин бир литри 32.8 - 32.9 сомдон, ал эми АИ-95 36.8 - 36.9 сомдон сатылууда.

Алтын куймаларынын бир граммын сатып алуу — 5 585, сатуу 5 613 сом деп катталды.

Эске салсак, 2015-жылдан тарта Улуттук банк алтын куймаларын сатыкка чыгара баштаган. Бул кыргызстандыктардын топтогон акчасын алтынга салууга көмөктөшүү максатында жасалган болчу. Алар ар башка граммдагы алты түрдүү уютмадан турат, салмагы бирден 100 граммга чейин. Уютма сатуу башталгандан бери 220 килограмм алтын соодаланган.

Мамлекеттин башкы банкы алтын уютмаларын элге сатып гана тим болбостон, аны сатып да алат. Баа Лондондогу Баалуу металлдар ассоциациясынын кечки фиксингине карата ар күн сайын коюлуп турат.

550
Белгилер:
баа, доллар, алтын, Күйүүчү май, Бишкек
Тема боюнча
Бир айдан кийин өлкөдөгү бардык май куюучу жайлар тыкыр көзөмөлдөнө баштайт
Россиядагы Калининград шаарында мигранттар. Архив

Жогоруладыбы же түштүбү? COVID-19дун Россиядан которулган акчага таасири

228
(жаңыланган 02:05 30.05.2020)
Акча которуу системасы эл аралык агымдын көлөмү бул жазда азайып кеткендигин көрсөттү. Россиядан жакынкы чет өлкөлөргө жасалган которуулар апрелде кээ бир компанияларда 50 пайызга ылдыйлаган.

Мында көрсөткүчтөр көптөгөн эмгек мигранттары пандемиядан улам мекенине кайтып же Россияда ишсиз калганы менен байланыштуу болду. Sputnik учурда акча которуу рыногунда эмне болуп жатканына көз салып, кийинкиге божомол кылып көрдү.

Апрелдеги которуулар жарымына чейин азайды

Апрель айында рынокто Россиядан жакынкы мамлекеттерге жасалган эл аралык которуулар кадимкидей түштү. Эгерде мартта төмөндөө 5-10 пайыз (2019-жылдын март айына караганда) болсо, апрелде 50 пайызга жетти. Бул маалыматты "Золотая корона – Денежные переводы" кызматынын директору Иван Ситнов айтып берген. Азыр майдагы көрсөткүч 25-30 пайызда турат.

Денежные переводы в страны СНГ в 2019 году
© Sputnik
КМШ өлкөлөрүнө акча которуулар

Мындай абал "Юнистримде" да байкалган. Sputnik агенттигине Эл аралык которуулар кызматынын президенти Ксения Чернышева апрелде мартка караганда 34 пайызга түшкөндүгүн айтып берген. Майда апрелге карата 10 пайызга төмөндөө боолголонуп жатат.

Аналитик группы компаний Финам Алексей Коренев
"Финам" компаниясынын серепчиси Алексей Коренев
"Россиядан жакынкы мамлекеттерге которулган акчалардын көп бөлүгү мигранттардын мекенине, үй-бүлөсүнө жиберген каражаты. Мартта абал мынчалык курч болгон эмес, бир катар ишканалар иштеп жаткан. Апрелде алар токтоп калды. Көбү мекенине кайтканга мажбур болду же кырдаалдын жакшырышын күтүп отуруп калды. Тагыраагы, үйүнө жибергенге эч нерсеси калган жок", — деген "Финам" компаниялар тобунун серепчиси Алексей Коренев жаздагы которуулар көлөмүнө байкоо салып.

Western Union кызматынан апрелде мартка караганда которуулардын көлөмү азайганын айтышкан.

КМШ өлкөлөрүнүн экономикасына урулган сокку

Директор системы Золотая Корона – Денежные переводы Иван Ситнов на VI ежегодной церемонии вручения премии Банк года по версии портала banki.ru в Lotte Hotel Moscow.
© Sputnik / Валерий Левитин
"Золотая корона – Денежные переводы" кызматынын директору Иван Ситнов
"КМШ өлкөлөрүнүн көп бөлүгүнө Россиядан түшкөн акча – бюджетти кадимкидей эле толтурган каражат. Бул валюта андан аркы тышкы соода операцияларын жасоого көмөкчү болот. Андыктан ачка которуу Кыргызстан жана Тажикстан үчүн зор роль ойнойт. Алар үчүн күткөн акчанын түшпөй калышы чоң эле сокку", — деген Ситнов.

Тармактарды жандандырууга эмне жардам берет?

Иван Ситновдун пикирине караганда, акча которуу рыногунун кайра калыбына келишине эки фактор таасир этет. Алар — жеке адамдарды тейлеген жайлардын ачылышы жана эл аралык аба каттамдарынын иштеши.

"Биз май айында Москвада бир катар чектөөлөр алына тургандыгын көрүп турабыз. Бир катар пункттар иштеп, аз болсо да өсүү байкалды. Ал эми чек араларга келсек, эл Россияга акча тапканга учуп келе турган маалда жабылып калды. Чек ара кандай ачылары менен абал жакшырат. Бул Россияга иштөө үчүн эл учуп келгенде болот. Бирок мунун качан болорун билбейбиз. Балким, бир ай, балким, эки ай кетет. Алдын алып айтуу кыйын. Бардыгы коронавирустан улам абалга байланыштуу болот", — деп эсептейт "Золотая корона" кызматынын өкүлү.

Алексей Коренев болсо төмөнкүчө айтты.

"Азыр курулуш, жолдорду оңдоо иштерин башташат. Иштей турган кишилер керек, муктаждык болгон соң мигранттар Россияга кайрадан келет. Маселе башкада – эмгек рыногу өзгөрүшү мүмкүн", — деген аналитик.

Ал дагы бир пикири менен бөлүшкөн.

Эгерде пандемияга чейин Россиянын жарандарынын арасынан кара жумушка байланышкан, ачык абада, эшикте иштеген иштерге кызыгуу анчалык жаралбай мигранттарга тийсе, эми башкача болот. Келгендер атаандаштыкка кабылып, россиялыктар да ал иштерге, тагыраагы, мигранттардын жумушуна ыктай баштайт.

КМШнын экономикалык ишкер өнүгүү борборунун башкы директору Владимир Савченко да акча которуу өнөр жай активдүүлүгүнө байланыштуу деп эсептейт. Анын пикиринде, эгерде баары ойдогудай болсо, эки-үч айдан кийин калыбына келе баштайт.

228
Белгилер:
орун, иш, атаандаштык, Акча которуулар, коронавирус, Мигрант, Россия
Тема боюнча
Бир айдан кийин өлкөдөгү бардык май куюучу жайлар тыкыр көзөмөлдөнө баштайт
Асрандиев: КМШ аймагында жүктү тоскоолдуксуз ташууга шарт түзүшүбүз керек
Россия сегодня эл аралык агенттигинин башкы редактору Маргарита Симоньян

Сотко беришибиз мүмкүн! Симоньян АКШда жабыркаган журналисттер тууралуу

17
(жаңыланган 01:05 03.06.2020)
Америкадагы нааразычылык акцияларын чагылдырып жүргөн РИА Новости жана Sputnik агенттигинин кабарчылары полиция тарабынан одоно аракеттерге туш болушкан.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. "Россия сегодня" эл аралык агенттигинин башкы редактору Маргарита Симоньян редакциянын кабарчыларына кол салган америкалык полиция кызматкерлерине каршы доо арыз берилиши мүмкүн экендигин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Акыркы үч күндүн ичинде Американын полициясы РИА Новостинин Миннеаполистеги кабарчысы менен Вашингтондогу Sputnik агенттигинин продюсерине кол салды. Экөө тең пресс-карталарын көрсөтүп, кабарчы экендигин айтып кыйкырышкан. Аны полиция көрүп да, угуп да койгон эмес. Учурда АКШ өзүнүн медиасына да ушундай мамиле кылып жатат. Мыйзам бар мамлекетте, албетте, биз сотко кайрылмакпыз. Бирок бүгүнкү Америкада мыйзам полициядан да жакшы иштейт деп айтууга негиз жок. Биз муну ойлонуп көрөбүз", — деген Симоньян.

Өткөн жекшембиде полиция Миннеаполистеги башаламандыкты чагылдырып жаткан РИА Новостинин кабарчысы Михаил Тургиевге көздөн жаш агызуучу газ чачып жиберген. Буга байланыштуу Россиянын элчилиги мамлекеттик департаментке нааразычылык нотасын жөнөткөн.

Ал эми шейшемби күнү Вашингтон полициясы нааразычылык акциясын видеого тартып жүргөн Sputnik агенттигинин продюсери Николь Русселдин журналист экендигин билип туруп желим ок менен аткылаган.

Полиция Тургиев менен Руссел журналист экендигин тастыктаганына карабастан, атайылап орой мамиле жасаган.

Афроамерикалык жарандын өлүмүнөн кийин АКШда өткөн жумадан тарта нааразычылык акциялары башталып, ал башаламандыкка айланып кетти. Бир нече шаарга коменданттык саат киргизилип, полиция кызматкерлери тартипке көз салганы менен башаламандыктын аягы сууй элек. Ири шаарларда дүкөндөр талкаланып, мародёрлук күч алганын ЖМКлар жазып жатышат.

Ал эми АКШ президенти Дональд Трамп башаламандыкты террорчулук деп сыпаттаган.

17