Асрандиев: салыктан карызы барлар жыл аягына чейин төлөсө туум алынбайт

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев
Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө экономикасын кризистен чыгаруу максатында салык төлөөчүлөргө да, мамлекетке да пайдалуу сунуштар иштелип чыккан.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Кыргыз өкмөтү иштеп чыккан экинчи антикризистик пландын алкагында салык жана социалдык төлөмдөн карызы барларга жеңилдик берилет. Бул тууралуу вице-премьер Эркин Асрандиев парламентте билдирди.

Посол Великобритании в КР Робин Орд-Смит - Sputnik Кыргызстан
Бизнес-омбудсмен: ишкерлер кезекке турууга эмес, башкага баш оорутушу керек
Анын айтымында, учурда салыктык карыздар 3,6 миллиард сом, ал эми социалдык төлөмдөр боюнча карыз 1 миллиард сомду түзөт.

Жаңы эрежеге ылайык, аталган карыздар ушул жылдын аягына чейин төлөнсө толугу менен айып пулдан бошотулат. Башкача айтканда, өз убагында төлөбөгөнү үчүн туум алынбайт. Эгер кийинки жылдын 1-июлуна чейин узарып кетсе, туумдун 50 пайызы кошулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0