Май куюучу жайдагы кызматкер иш учурунда. Архив

Чыгым тарттык. Нефтетрейдерлер бензиндин баасына айтылган сынга жооп кайтарды

528
(жаңыланган 17:48 14.05.2020)
Ассоциациядан киреше чыгашаны жаппай жаткандыктан, компаниялар зыянга учурап, финансылык кыйынчылыкка кабылгандыгын айтышты.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы расмий тараптардын уюмдун мүчөлөрү күйүүчү майды алып, элге кайра сатууда ири пайда көрүп жатат деген билдирүүсүнө жооп кайтарды.

Ассоциациядан алгач марттын башында мунай арзандап, апрелдин аягында эң төмөнкү чегине жеткени белгиленди. Анткен менен Россиядагы нефтини кайра иштеткен заводдордогу күйүүчү майдын баасы марттын үчүнчү декадасында гана арзандай баштаган.

"Адатта биздин өлкөдөгү күйүүчү май импорттогондордун кампаларында мунай продукциясынын 1,5-2 айлык кору болот. Быйыл январда, февралда, мартта Россиядан жазгы айдап-себүү иштерине сатып алганбыз. Ошентип биздин запас жылдын башындагы, кезектеги баадан бир топ жогору учурдагы нарк менен топтолгон", — деп айтылат маалыматта.

Ассоциациянын аткаруучу директору Канат Эшатовдун айтымында, мунай заттарын өлкөнүн автомай бекеттеринде сатуу 80 пайызга азайып кеткен.

"Бул кампаларда күйүүчү майдын кымбат баада топтолуп калышын жаратты. Ал апрелдеги арзандаган баа менен сатып ала алышкан жок, себеби колдогу кору түгөнбөгөн тейде турду. Андан сырткары күйүүчү майдын наркынын март-апрелдеги сомдун долларга карата баасынын өзгөрүп кетишине тийгизген девальвациясын (болжол менен 20 пайыз) да эске алуу керек", — деди Эшатов.

Аталган уюмдан нефтетрейдерлерге жасалган экономикалык колдоонун (салык боюнча каникул, кыйыр төлөмдөрдү төгүүгө кыйыр жеңилдиктер, акциз салыгынын азайышынын) жоктугуна карабай, компания милдетин аткарып жатканын айтты. Тагыраагы, салыктарын, жыйымдарын жана социалдык чегерүүлөрдү төлөп жатат, андан сырткары кызматкерлеринин айлыгын кечиктирген жок.

"Түшкөн акча жогорудагы милдеттенмелерди жаппагандыктан, компаниялар чыгаша болуп, финансылык кыйынчылыкка кабылууда", — дешти нефтетрейдерлер.

Ассоциациянын билдиргенине караганда, жылдын башында АИ-92 бензини менен күйүүчү майдын баасынын бир литри 7 сомго арзандап кеткен. Жакынкы арада баанын дагы 7-10 пайызга түшөрү күтүлүүдө.

528
Белгилер:
чыгым, кампа, баа, Күйүүчү май, Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы, Кыргызстан
Тема боюнча
Нефтетрейдерлер: базада май көп, баа көтөрүлбөйт
Асрандиев: салыктан карызы барлар жыл аягына чейин төлөсө туум алынбайт
Аэропорттун кызматкерлери иш учурунда. Архив

Дарыны компаниялар эмес, ташып келгендер кымбаттатып жатканы айтылды

0
(жаңыланган 21:34 03.07.2020)
Жыйын учурунда фармкомпаниялардын өкүлдөрү баа саясатын дары ташып келгендер жүргүзөрүн белгилешкен. Мэрия алар менен иштешүүнү убада кылды.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Бишкек мэриясы фармацевттик компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуп, препараттардын кымбатташы боюнча сүйлөштү. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мэрияга калаа тургундары дарылардын баасы көтөрүлүп жаткандыгы боюнча көп кайрылышкан.

Мындан улам санитардык нормаларды сактоо менен чогулуш өткөрүүнү туура көрүшкөн. Ага аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев, фармацевттер жана укук коргоо органдары менен Финполициянын (ЭКККК) өкүлдөрү катышкан.

"Биз ишкерлерди дарыга суроо-талап күчөп жатканда бааны көтөрүп, алып сатарлык менен алектенбөөгө чакырдык. Препараттын наркын өзүм билемдик менен көтөргөндөр мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскерттик", — деп айтылат маалыматта.

Жардам бергиле! Сабырбек Жумабеков олигархтарга кайрылды

Өз кезегинде фармкомпаниялардын өкүлдөрү баа саясатын дары ташып келгендер түзөрүн белгилешкен.

Мэрия бул пикирди эске алып, препарат алып келгендер менен сүйлөшүүнү убадалады.

0
Белгилер:
кымбаттоо, баа, дары, мэрия, Бишкек
Тема боюнча
Президент Жээнбеков кимдерди "эл душманы" деп атаарын айтты
Аптка иш учурунда. Архив

Пандемияда кымбаттаган дарылар: чыга элек токтом, алакан жайган аптека ээси

290
(жаңыланган 14:37 03.07.2020)
Бишкектеги дарыканаларда дары-дармектин баасынын кескин жогорулаганы коомчулуктун кыжырын кайнатууда. Тиешелүү тараптардын айтымында, дарыканаларды текшерүүнү шарттаган токтом эми чыгат.

Sputnik Кыргызстан кырдаал боюнча тиешелүү тараптарга кайрылып, мамлекеттик органдар менен дары ташыган компаниялардын ээсине суроо салды.

Социалдык тармактарда да нааразычылыгын билдирген интернет колдонуучулар Монополияга каршы мамлекеттик агенттик кырдаалды көзөмөлгө албай жатканын жазып, тийиштүү мекемелердин дарегине да бир топ сын айтышууда. Алар айрым дарылардын, мисалы, арбидол мурда 280 сомдон сатылса, азыр баасы 1000 сомго жакын деп билдиришти.

Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин башчысы Шухрат Сабиров өкмөттүн токтомунун негизинде республикада дары-дармекти тескөөчү орган Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаменти эсептелерин айтты.

"Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаменти тарабынан дарыканадагы препараттарга бирдиктүү сатуу баалары коюлуп берилбегендиктен, биз көзөмөлдөй албай жатабыз. Монополияга каршы кызмат коюлган баалардын негизинде гана текшерүүгө укуктуу", — деди ал.

Жогорудагы билдирүүдөн улам Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы аталган департаменттин директорунун орун басары Руслан Акматовго бир нече суроолор менен кайрылган. Анын айтымында, жакында өкмөттүн текшерүүгө уруксат бере турган токтому чыгат.

Өкмөт коронавирустан сакайтчу дарыларга баанын өсүшүн чектөөгө киришти

"Ошол токтомдун негизинде Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги жана Финансы полициясы менен биргеликте дарыканаларды кыдырып, баасынын өзгөрүшүнө мониторинг жүргүзөбүз. Быйыл ар кандай себептерден улам дарыканаларда дарылардын бирдиктүү сатыкка чыгуучу баасы коюлган эмес", — деди Акматов.

Ал коомчулук көп талкууга алып жаткан арбидол баасынын кескин жогорулашы туурасында кечээ Республикалык штабдын жыйынында да сөз болгонун белгиледи.

"Арбидол азыр 600 сомдон келип, дарыканада 700 сомдон сатылып жатыптыр. Бул кымбатпы? Ал эми сиз айткан 280 сомдон сатылган арбидол балдар үчүн, бул 600 сомдон келгени чоңдордуку. Экөөнүн айырмасы бар. Анын үстүнө бул препарат ковиддики эмес. Болгону эл ушул дары керек экенин угуп алып эле дүрбөп жатат. Дарыканалар менчик болгондуктан уруксат кагазы жок текшере албайбыз. Бул жерде дагы бир коркунуч бар. Биз дарыканаларга бирдиктүү бир бааны коюп койсок, мамлекетке айрым дары-дармектер келбей калышы мүмкүн. Анткени алар өздөрүнүн да кирешесин карайт", — деди ал.

Акматов белгилегендей, Кыргызстанда азыр дары-дармек каражаттарынын үч айлык запасы бар.

Министрлик: дары-дармек жетиштүү, дүрбөлөңгө түшпөгүлө

Ал арада Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы айрым дарыканалардын дары-дармектин баасын негизсиз жогорулатканы боюнча фактылар аныкталды деген маалымат таратты.

"Республика боюнча дарыканаларда баанын жогорулап кетпеши үчүн текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат. Буга чейин ал аракеттер алдын алуу максатында уюштурулуп келген. Мыйзамсыз фактылар аныкталып, дарыкана ээлери катуу жазаланарын эске салабыз", — деп жазылган маалыматта.

Фармацевтикалык компаниянын ээси: 30 пайыз кошобуз

Ал эми Бишкектеги ири фармацевтикалык компаниянын атын атагысы келбеген ээлеринин биринин айтымында, республикадагы дары каражаттарынын кескин кымбатташына дүйнөдөгү пандемиялык абал, эл аралык каттамдардын жабылышы себеп болууда.

"Кыргызстанда керектүү дарылардын бир эле пайызы чыгат. Калган 99 пайызы чет жактан алып келинет. Ошол себептен биздин рынок башка өлкөнүн өндүрүшүнөн көз каранды. Азыр сырьёнун баары Кытайдан алынат. Ал жакта да эпидемиялык абалдан улам сырьё кымбаттап, заводдордо да дары-дармектин баасы жогору болууда. Ушундан улам бизде кээ бир дарылардын баасы жогорулап кетиши мүмкүн, бирок көбүнүн баасы мурункудай эле", — деди ал.

Министрлик COVID менен күрөшүүдө жетишсиз жабдууларды тизмектеди

Ишкер сырттан алып келинген препаратка 10 пайыздан 30 пайызга чейин акча кошуларын айтты.

"Фармацевтикалык компаниялар абдан жогору бааларды коюп алып байып жатат дегенден алыс болуу керек. Анткени сырттан алып келинген препаратка 10 пайыздан 30 пайызга чейин акча кошулат. Андан көп эмес. Бир чети биздин рынок кичинекей, атаандаштык чоң. Эгер мамлекеттик органдар катуу көзөмөл жүргүзүп, көйгөй жарата берсе фармацевтикалык компаниялар дары-дармектерди алып келбей коёт. Ошентип элге керектүү препараттар рынокто жок болуп калышы мүмкүн. Себеби мамлекет кайсы бир дарыга белгилүү бааны коюп койсо, чет жакта ал андан кымбат болсо ишкер өз чөнтөгүнөн акча кошпойт да. Андан көрө кымбат болсо да ошол дарынын өлкө ичинде болгону жакшы. Мисалга, азыр эки күндөн бери баасы 60 миң сом турган кычкылтек концентраторун таппай жатышат. Эч жерде жок. Ошондой эле азыр кээ бир зарыл препараттар рынокто жок болууда", — деди ал.

Коронавирустун белгиси байкалса эмне кылуу керек. Кадамдардын алгоритми

Фармацевтикалык компаниянын ээси "мамлекет тарабынан дарыларга бирдиктүү баа коюлса, дары-дармек алып келүүдө көйгөй жаралып калышы мүмкүн" деген пикирин кошумчалады.

Буга чейин премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык штабдын жыйынында элдин башына мүшкүл түшүп турган маалда дары-дармекти кымбаттатуу туура эмес экенин, азыр жардам берчү мезгил экенин айткан болчу.

290
Белгилер:
коронавирус, кымбаттоо, дары-дармек, компания
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
COVID-19: Министрлик жаңы эки алгоритм бекитти. Чоо-жайы
Медициналык кызматкер ишге бара жатат. Архив

Бишкектеги ооруканада дарыгердин 12 метрлик сүрөтү тартылууда. Көрүнүшү

0
(жаңыланган 23:07 03.07.2020)
Сүрөт Улуттук госпиталдын хирургия бөлүмүнүн имаратына тартылып, анда дарыгерлердин биринин элеси түшүрүлгөн. Чыгармачыл топ аны ушул жекшемби күнү бүтөрүн айтты.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Борбор калаадагы Улуттук госпиталдын имаратында дарыгердин 12 метрлик портрети тартылып жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине DOXA Art-group чыгармачылык тобунун сүрөтчүсү Сергей Келлер кабарлады.

Анын айтымында, сүрөт жекшемби күнү тартылып бүтөт. Социалдык тармактагы баракчасына портретти жүктөп, ал дарыгерлерге арналарын жазган.

"Учурдун чыныгы баатырларына арнап эмгек жаратуудабыз. Портрет борборбогу Улуттук госпиталдын корпустарынын биринде болот", — деп жазган Келлер аккантуна.

Анын агенттикке билдиришинче, сүрөттүн бийиктиги 12 метрдей, чыгымын парламенттеги депутаттардын бири көтөрүп жатат.

"Картина Улуттук госпиталдын хирургия бөлүмүнүн имаратында тартылууда. Ал Бөкөнбаев көчөсүнөн бир аз өйдө жактагы урология бөлүмүнө бет маңдай салынган. Эскизде дарыгерлердин биринин элеси түшүрүлгөн. Ушул жекшембиде аны толук бүтүрүп, дүйшөмбү күнү чыгармачылыгыбызды элге тартуулайбыз деп турабыз", — деди Келлер.

Буга чейин DOXA командасы залкар жазуусу Чыңгыз Айтматовдун сүрөтүн Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин дубалына тартышкан. Ошондой эле ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдали кызынын портретин борбордогу медициналык колледждин жатаканасынын дубалына түшүрүшкөн.

0
Белгилер:
кызматкер, медицина, портрет, Сүрөт, Улуттук Госпиталь, Бишкек
Тема боюнча
Президент медиктерди Манас ордени, Даңк медалы менен сыйлады