Кыргызстанда газдын жеңилдетилген баасы июлга чейин сакталмай болду

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүИшкер газ куурунун жанынд жумуш учурунда. Архив
Ишкер газ куурунун жанынд жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ведомство жетекчиси Россиянын Энергетика министрлигине жаратылыш газынын баасын төмөндөтүү боюнча маселени карап чыгуу өтүнүчү келтирилген кат жолдонгонун айтты.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Кыргызстанда жаратылыш газынын жеңилдетилген баасы июль айына чейин сакталат. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жетекчиси Эмил Осмонбетов брифинг учурунда билдирди.

Май куюучу жайдагы кызматкер иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чыгым тарттык. Нефтетрейдерлер бензиндин баасына айтылган сынга жооп кайтарды
Анын айтымында, коронавирустан улам түзүлгөн шартта элди газ менен үзгүлтүксүз камсыздоо жана апрелден июнга чейинки өз убагында жүргүзүлбөгөн төлөм үчүн туум жана айып эсептебей туруу боюнча "Газпром Кыргызстан" компаниясы менен сүйлөшүүлөр жүргөн. Муну менен катар жеңилдетилген тариф сакталат, курстагы айырмачылыкты компания өзү көтөрмөчү.

Осмонбетов Кыргызстандын ТИМи аркылуу Россиянын Энергетика министрлигине газ баасын төмөндөтүү өтүнүчү менен кат жолдонгонун белгиледи. Азырынча жооп келе элек.

Белгилей кетсек, "Газпром Кыргызстан" компаниясы апрелде газдын бир куб метринин наркы калк үчүн 15,3 сомдон 17,6 сомго чейин көтөрүлөрүн жар салган. Ал эми бизнес (өнөр жай компаниялары, коммерциялык структуралар жана бюджеттик уюмдар) үчүн тариф 18,7 сомдон 21,3 сомго чейин кымбаттамак. Баанын көтөрүлүшү доллар наркынын өсүшү менен түшүндүрүлгөн болчу. Бирок коронавирустан улам сүйлөшүүлөр жүрүп, компания марттагы бааны кайтарган.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1111ге жетип, анын ичинен 745и айыгып чыкты. Тилекке каршы, 14 бейтап каза болуп калды.

Бишкектеги Жогорку Кенештин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт бюджеттин 10,3 млрд сом чыгымын кыскартат. Кайсы тармак кертилет
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0