БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Баткенде үстүбүздөгү жылдын башынан 1-майга чейин 42 бажы эрежесин бузуу катталган. Бул туурасында өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдырахманов брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, аталган иштер боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылып 189 миң сом айып пул салынып, толугу менен төлөнгөн. Ал эми 639,3 миллион сом бажы төлөмү өндүрүлгөн.
"Лейлек районундагы бажы өткөрмө бекетинен 2019-жылы январь-май айында болгону 15 миң сом түшкөн. Ал эми быйыл ушул мезгил аралыгында 5,2 миллион сом чогулду. Бул өтө чоң сумма. 5,2 миллион сомду мамлекетке төлөбөй аткезчилик менен алып кетип турган", — деди Абдырахманов.
Ошондой эле Абдрахманов жыл башынан Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы мамлекеттик кызматкерлерге 14 факты боюнча иш козгоп, мамлекетке 6 миллион 978 миң сом зыян келтиргенин аныктаганын кошумчалады. Бүгүнкү күндө анын 1 миллион 870 миң сому өндүрүлгөн.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Оштун Кара-Суу районундагы шприц чыгаруучу ишкана менен таанышканын мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, соңку күндөрү министр түштүк жергесинде иш сапары менен жүрөт.
Жеке ишкер Канатбек Кадыров ишкана 5 жана 10 граммдык шприцтер менен инсулин алганга ылайыкталган шприцтерди чыгарарын айткан.
"Мурда шприцтер менен түштүк аймагын гана камсыздасак, жакынкы убакыттарда республиканы камсыз кылганга жетиштик. Эми медициналык кол каптарды дагы чыгаралы деп турабыз", — деген ишкер.
Министр мындай кадамдар өлкө үчүн жеңилдик экенин айтып, ишкана жетекчисине ыраазычылыгын билдирген.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. 2020-жылдын январынан ноябрына чейинки аралыкта Кыргызстан чет өлкөгө 905,9 миллион долларлык алтын саткан. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Жалпысынан өткөн жылы 16 тонна 278,3 килограмм баалуу металл сатылса, анын 18 килограммы Түркияга, калганы Улуу Британияга экспорттолгон.
2019-жылдын ушул мезгилинде 16 тонна 541 килограмм алтын 729,5 миллион долларга сыртка сатылган.
Лондон рыногунун соңку маалыматтары узаган жылдын 30-декабрында коюлган. 8-январдан бери трой унциясынын баасы 315,65 долларга жогорулап, жалпы наркы 1 887,6 долларды түзгөн.
Бирок жыл ичинде баалар термелип турду, мисалы, мартта 1 500 доллардан төмөн болсо, августта 2 000ден ашкан. 2019-жылы баалар 1 500 доллардан дээрлик жогорулаган эмес, тескерисинче, кээде төмөндөп, 1 300 долларга чейин түшкөн.