Быйыл Кыргызстан тышкы карызын кайсы валюталар менен төлөйт

© REUTERS / Dado Ruvic / Illustration/ File PhotoДоллар жана евро купюралары. Иллюстративдик сүрөт
Доллар жана евро купюралары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тышкы карыздан кутулууга жыл ичинде 16,2 миллиард сом сарптоо каралган. Бирок доллардын курсу өскөнүнө байланыштуу бул көрсөткүч дагы 2 миллиард сомго көбүрөөк болору күтүлүүдө.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Ушул жылы мамлекеттик карыздан кутулууда валютанын сегиз түрү колдонулат. Бул тууралуу республикалык бюджетти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорунда айтылат.

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан жыл башынан бери тышкы карыздан да ички карызга көп акча коротту
Февраль айына карата берилген маалымат боюнча, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,6 миллиард долларды түздү. Анын ичинен 3,9 миллиарды — тышкы карыз.

Тышкы береседен кутулууга жыл ичинде 16,2 миллиард сом сарптоо каралган. Бирок доллардын курсу өскөнүнө байланыштуу бул көрсөткүч 18,1 миллиард сом болушу күтүлүүдө.

Алдын ала маалыматтарга караганда, карызды төмөнкү акчалар менен төлөйбүз.

  • Доллар — 84,7 пайыз;
  • Евро — 6,1 пайыз;
  • Япон йени — 6,1 пайыз;
  • Китай юаны — 0,8 пайыз;
  • Сауд Аравия риалы —  0,8 пайыз;
  • БАЭ дирхамы — 0,6 пайыз;
  • Түшүк Корея вону — 0,5 пайыз;
  • Кувейт динары — 0,4 пайыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0