COVID-19: өкмөт ачкан атайын эсепке канча каражат түшкөнү маалым болду

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкча санап жаткан адам. Архив
Акча санап жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чогулган каражат тууралуу Республикалык штабдын сайтынан кенен таанышса болот. Жардам иретинде акча которууну каалагандар үчүн дагы эсептин реквизиттери жазылган.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Коронавирус менен күрөшүүдөгү иш-чараларды каржылоо үчүн жеке жана юридикалык жактардан өкмөттүн атайын эсебине канча каражат түшкөнү маалым болду.

Билдирмеге ылайык, 17-майга карата Саламаттык сактоо министрлигинин эсебине 137 миллион 798 миң 143 сом келип түшкөн. Анын ичинен 79 миллион 817 миң 874 сому керектелген.

Шаардык клиникалык оорукананын реанимация бөлүмүнүн дарыгерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
COVID-19 менен алышкан медиктер. Мартка каралган 38,8 млн. сом дарегине жеттиби?
Чогулган каражатты Республикалык штабдын алдындагы help.covid.kg сайтынан кенен биле аласыз.  Жардам иретинде акча которууну каалагандар үчүн дагы эсептин реквизиттери жазылган.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун депозиттик эсебинен 244 саламаттык сактоо уюмдарынын депозиттик эсебине 105,4 миллион сом каражат которулганы айтылган. Бул акча апрелде эпидемия очогунда иш алып барган медиктерге айлыгынан сырткары кошумча акы болуп төлөнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0