Доллар менен алтындын наркы кандай. 18-майга карата баа

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүАКШнын доллар купюралары. Архив
АКШнын доллар купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан Бишкектин акча алмаштыруу жайларындагы валюта курсун, алтын жана күйүүчү майга болгон бааларды сунуштайт.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Бишкекте аптанын башталышы менен доллар бир аз кымбаттады. Мисалы, 16-майда акча алмаштыруу пунктулары Америка акчасын 76,3 сомго сатып алып, 76,9 сомдон сатышса, бүгүн долларды сатып алуу — 76,3 сом, сатуу — 77 сом болуп калды. Улуттук банктын расмий курсу — 76,5 сом.

Еврону сатып алуу — 81.60, ал эми сатуу 83.94 сомго бааланып жатат. Рубль наркы бир сомдун тегерегинде (сатып алуу — 1.035, сатуу — 1.062 сом) кармалып турат.

Автоунааларга пайдаланчу АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин бир литри 33.7-33.9 сомдон, ал эми АИ-95 түрү 37.7-37.9 сомдон сатылууда.

Мировой кризис после пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Асрандиев коронавирустун айынан бюджет канча акчадан кур калганын айтты
Алтын куймаларынын бир граммын сатып алуу — 5 757.5, сатуу 5 786 сом деп катталды.

Эске салсак, 2015-жылдан тарта Улуттук банк алтын куймаларын сатыкка чыгара баштаган. Бул кыргызстандыктардын топтогон акчасын алтынга салууга көмөктөшүү максатында жасалган болчу. Алар ар башка граммдагы алты түрдүү уютмадан турат, салмагы бирден 100 граммга чейин. Уютма сатуу башталгандан бери 220 килограмм алтын соодаланган.

Мамлекеттин башкы банкы алтын уютмаларын элге сатып гана тим болбостон, аны сатып да алат. Баа Лондондогу Баалуу металлдар ассоциациясынын кечки фиксингине карата ар күн сайын коюлуп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0