ЕАЭБге убактылуу автоунаа алып кирүү мөөнөтү узартылды

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүРабота мегамолла "ТрансТехСервис"в Казани
Работа мегамолла ТрансТехСервисв Казани - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үчүнчү өлкөлөрдөн убактылуу киргизилген транспорттордун ээси 30-сентябрга чейин техникасын ЕАЭБ аймагынан чыгарып кетпей эле койсо болот. Ошондой эле бул аралыкта кандайдыр бир айып пулга жыгылбайт.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши ЕАЭБдин аймагына кирип, чыга албай калган автотранспорттор үчүн бирикме ичинде болуу мөөнөтүн 30-сентябрга чейин узартты. Бул тууралуу ЕЭКтен билдиришти.

Демек, үчүнчү өлкөлөрдөн убактылуу киргизилген транспорттордун ээси 30-сентябрга чейин техникасын ЕАЭБ аймагынан чыгарып кетпей эле койсо болот. Ошондой эле бул аралыкта кандайдыр бир айып пулга жыгылбайт.

“Ошондой эле чет өлкөдө ЕАЭБге туруктуу жашаганы келгендер же качкын статусу бар адамдардын жеке мүлкүн алып кирүү каралган пошлинасыз 18 айлык арзандатуу мөөнөтү токтотулуп, 30-сентябрдан баштап кайра иштемей болду”, — деп айтылат билдирүүдө.

Бул чечим 1-марттан 30-сентябрга чейинки учурларга тиешелүү.

Буга ЕАЭБ коронавирустан коргонуу үчүн кабыл алган чараларынан улам мүлкүн чыгарып кете албаган жарандарга жардам берүү максаты себеп болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0