Россия президенти Владимир Путин

Путин ЕАЭБ алкагында кайсы товарды өндүрүүгө басым жасоо керектигин айтты

196
(жаңыланган 17:02 19.05.2020)
Бирикмеге мүчө мамлекеттердин жетекчилери бүгүн Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүү боюнча стратегиянын долбоорун карап жатышат.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоочу өнөр жайларды түзүшү керек. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин айтканын Кремлдин сайтына жайгаштырылды.

РФ лидери бүгүн видеоконференция форматында өтүп жаткан Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында сөз сүйлөдү.

"Бирикменин алкагындагы ар тараптуу кызматташууну тереңдетүү максатында евразиялык экономикалык интеграцияны 2025-жылга чейин өнүктүрүү боюнча Стратегиянын долбоору даярдалган", — деди президент.

Анын айтымында, стратегияда товарлардын, кызмат көрсөтүүнүн, капиталдын жана жумушчу күчтүн жалпы рыногун түзүү, бажы жана административдик жөнгө салууну жаңы деңгээлге чыгаруу боюнча комплекстүү иш-чаралар камтылган.

"Стратегиянын негизинде импорттун ордун алмаштыруучу процесстерди активдештирүү бар. Биздин мамлекеттерде азык-түлүк коопсуздугун, зарыл товарлардын чыгарылышын камсыздоочу өнөр жайлар түзүлүшү керек", — деди Путин.

Быйыл ЕАЭБде Белоруссия төрагалык кылууда. Жыйынга Кыргызстандын атынан президент Сооронбай Жээнбеков катышып жатат.

196
Белгилер:
жыйын, Евразиялык экономикалык биримдик, өнөр жай, азык-түлүк, Сооронбай Жээнбеков, Владимир Путин
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан (199)
Тема боюнча
Бактыгулов: ЕАЭБ ичинде жеңилдиктерди киргизүү каралууда
COVID-19: ЕАЭБ өлкөлөрү вирус менен бирге күрөшүү боюнча долбоор дайындады
Турусбеков: ЕАЭБдин алдыда чоң мүмкүнчүлүктөрү бар
Россиядагы Калининград шаарында мигранттар. Архив

Жогоруладыбы же түштүбү? COVID-19дун Россиядан которулган акчага таасири

200
(жаңыланган 02:05 30.05.2020)
Акча которуу системасы эл аралык агымдын көлөмү бул жазда азайып кеткендигин көрсөттү. Россиядан жакынкы чет өлкөлөргө жасалган которуулар апрелде кээ бир компанияларда 50 пайызга ылдыйлаган.

Мында көрсөткүчтөр көптөгөн эмгек мигранттары пандемиядан улам мекенине кайтып же Россияда ишсиз калганы менен байланыштуу болду. Sputnik учурда акча которуу рыногунда эмне болуп жатканына көз салып, кийинкиге божомол кылып көрдү.

Апрелдеги которуулар жарымына чейин азайды

Апрель айында рынокто Россиядан жакынкы мамлекеттерге жасалган эл аралык которуулар кадимкидей түштү. Эгерде мартта төмөндөө 5-10 пайыз (2019-жылдын март айына караганда) болсо, апрелде 50 пайызга жетти. Бул маалыматты "Золотая корона – Денежные переводы" кызматынын директору Иван Ситнов айтып берген. Азыр майдагы көрсөткүч 25-30 пайызда турат.

Денежные переводы в страны СНГ в 2019 году
© Sputnik
КМШ өлкөлөрүнө акча которуулар

Мындай абал "Юнистримде" да байкалган. Sputnik агенттигине Эл аралык которуулар кызматынын президенти Ксения Чернышева апрелде мартка караганда 34 пайызга түшкөндүгүн айтып берген. Майда апрелге карата 10 пайызга төмөндөө боолголонуп жатат.

Аналитик группы компаний Финам Алексей Коренев
"Финам" компаниясынын серепчиси Алексей Коренев
"Россиядан жакынкы мамлекеттерге которулган акчалардын көп бөлүгү мигранттардын мекенине, үй-бүлөсүнө жиберген каражаты. Мартта абал мынчалык курч болгон эмес, бир катар ишканалар иштеп жаткан. Апрелде алар токтоп калды. Көбү мекенине кайтканга мажбур болду же кырдаалдын жакшырышын күтүп отуруп калды. Тагыраагы, үйүнө жибергенге эч нерсеси калган жок", — деген "Финам" компаниялар тобунун серепчиси Алексей Коренев жаздагы которуулар көлөмүнө байкоо салып.

Western Union кызматынан апрелде мартка караганда которуулардын көлөмү азайганын айтышкан.

КМШ өлкөлөрүнүн экономикасына урулган сокку

Директор системы Золотая Корона – Денежные переводы Иван Ситнов на VI ежегодной церемонии вручения премии Банк года по версии портала banki.ru в Lotte Hotel Moscow.
© Sputnik / Валерий Левитин
"Золотая корона – Денежные переводы" кызматынын директору Иван Ситнов
"КМШ өлкөлөрүнүн көп бөлүгүнө Россиядан түшкөн акча – бюджетти кадимкидей эле толтурган каражат. Бул валюта андан аркы тышкы соода операцияларын жасоого көмөкчү болот. Андыктан ачка которуу Кыргызстан жана Тажикстан үчүн зор роль ойнойт. Алар үчүн күткөн акчанын түшпөй калышы чоң эле сокку", — деген Ситнов.

Тармактарды жандандырууга эмне жардам берет?

Иван Ситновдун пикирине караганда, акча которуу рыногунун кайра калыбына келишине эки фактор таасир этет. Алар — жеке адамдарды тейлеген жайлардын ачылышы жана эл аралык аба каттамдарынын иштеши.

"Биз май айында Москвада бир катар чектөөлөр алына тургандыгын көрүп турабыз. Бир катар пункттар иштеп, аз болсо да өсүү байкалды. Ал эми чек араларга келсек, эл Россияга акча тапканга учуп келе турган маалда жабылып калды. Чек ара кандай ачылары менен абал жакшырат. Бул Россияга иштөө үчүн эл учуп келгенде болот. Бирок мунун качан болорун билбейбиз. Балким, бир ай, балким, эки ай кетет. Алдын алып айтуу кыйын. Бардыгы коронавирустан улам абалга байланыштуу болот", — деп эсептейт "Золотая корона" кызматынын өкүлү.

Алексей Коренев болсо төмөнкүчө айтты.

"Азыр курулуш, жолдорду оңдоо иштерин башташат. Иштей турган кишилер керек, муктаждык болгон соң мигранттар Россияга кайрадан келет. Маселе башкада – эмгек рыногу өзгөрүшү мүмкүн", — деген аналитик.

Ал дагы бир пикири менен бөлүшкөн.

Эгерде пандемияга чейин Россиянын жарандарынын арасынан кара жумушка байланышкан, ачык абада, эшикте иштеген иштерге кызыгуу анчалык жаралбай мигранттарга тийсе, эми башкача болот. Келгендер атаандаштыкка кабылып, россиялыктар да ал иштерге, тагыраагы, мигранттардын жумушуна ыктай баштайт.

КМШнын экономикалык ишкер өнүгүү борборунун башкы директору Владимир Савченко да акча которуу өнөр жай активдүүлүгүнө байланыштуу деп эсептейт. Анын пикиринде, эгерде баары ойдогудай болсо, эки-үч айдан кийин калыбына келе баштайт.

200
Белгилер:
орун, иш, атаандаштык, Акча которуулар, коронавирус, Мигрант, Россия
Тема боюнча
Бир айдан кийин өлкөдөгү бардык май куюучу жайлар тыкыр көзөмөлдөнө баштайт
Асрандиев: КМШ аймагында жүктү тоскоолдуксуз ташууга шарт түзүшүбүз керек
Май куйуучу жай. Архив

Бир айдан кийин өлкөдөгү бардык май куюучу жайлар тыкыр көзөмөлдөнө баштайт

875
Салык кызматы автомай куйган бекеттердин ээлерине 1-июлга чейин бири калбай талап кылынган системаны орнотуп бүтүшү керектигин эскертти.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Ушул жылдын 1-июлунан тарта өлкөдөгү бардык май куюучу бекеттер толугу менен башкаруунун автоматташтырылган системасын колдонуп башташы керек. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Салык кызматы күйүүчү май куюучу жайлардын (анын ичинде автогаз куюучу жана газ толтуруучу компрессордук станциялардын) ээлерине 1-июлга чейин бири калбай аталган системаны орнотуп бүтүшү керектигин эскертти.

Автоматташтырылган электрондук системанын өзгөчөлүгү — кардар көзөмөлдүк-кассалык машинадан төлөнгөн суммага кассалык чек албай туруп май куя албайт. Чек албаса, станциянын май куюу колонкасы иштебейт. Система бул жайлардын бензинди берүү учурун Салык кызматынын серверине да көрсөтүп турат.

Май куйган автобекеттерге коюлган талаптар өкмөттүн токтомуна ылайык ишке ашууда.

Ага ылайык, күйүүчү майды мунай заттарынын базасына же резервуарына ээлик кылган жактарга гана дүңүнөн сатууга мүмкүн болот.

875
Белгилер:
текшерүү, система, май куюучу бекет, Мамлекеттик салык кызматы
Тема боюнча
Дизель майы менен бензин 3 сомго арзандады
Первый вице-премьер-министр Кыргызской Республики Кубатбек Боронов в ходе заседания Республиканского оперативного штаба. 15 апреля 2020 года

Боронов: Нарында көзөмөлдү күчөтүү керек, анализ алууга кошумча жабдуу жөнөтүлсүн

0
Кубатбек Бороновдун айтымында, COVID-19 дартын жуктуруп алгандар менен байланышта болгон жактардан алынган ПЦР-анализдин жыйынтыгы бир сутка ичинде чыгарылышы зарыл.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Нарын аймагындагы эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөөнү күчтөндүрүү керек. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

"Бул максатта регионго саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев жөнөтүлдү. Мындан тышкары жакынкы күндөрү борбордон регионго тажрыйбалуу вирусолог жана ПЦР-анализ алууга кошумча жабдуу жөнөтүлсүн. Учурда ал аймакта анализдердин жыйынтыгы 3-4 күнгө созулуп кетүүдө, ал эми штабдын талабы боюнча жыйынтык бир суткада чыгарылышы зарыл. Мунун өзү оорунун жаңы учурларын кыскартууга шарт түзөт", — деди Боронов.

Андан соң биринчи вице-премьер-министр Россия Федерациясынын Соль-Илецк шаарынан кайтып келген жарандардан жеринде экинчи ирет ПЦР-анализ алынып, кезектеги штабдын кеңешмесинде ал боюнча так маалымат берүүнү тапшырды.

31-майдагы маалыматка караганда, Нарын облусунда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 358ге жетти.

0
Белгилер:
көзөмөл, коронавирус, Нарын облусу, Кубатбек Боронов, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
COVID-19: вируска каршы турган дагы алты медик оору жуктурду