Шанхай кызматташтык уюму мүчөлөрүнүн желектери. Архив

Путин: ЕАЭБ ири бирикмелер менен кызматташуусун күчөтүшү керек

62
(жаңыланган 18:11 19.05.2020)
Путин башка өнөктөштөр менен диалог жүргүзүү керектигин, артыкчылык КМШ өлкөлөрүнө берилиши зарылдыгын кошумчалады.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) байланыш чөйрөсүн кеңейтүү үчүн Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы, Шанхай кызматташтык уюму жана Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги менен кызматташууга чакырды. Бул тууралуу Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) видеоконференция форматындагы жыйында айтылды.

Анын пикиринде, мындан ары дагы ЕАЭБ экономикалык кызматташтык боюнча бардык кызыкдар тараптар менен ымалага келүүсүн улантышы керек.

"Биздин бирикме менен бир топ мамлекеттер жана интеграциялык түзүлүштөр кызматташа баштады. Каалоочулардын саны көбөйүп бара жатат. ЕАЭБдин активинде Кытай, Вьетнам, Иран, Сербия, Сингапур менен келишимдер бар. Сүйлөшүүлөр этабында Израиль жана Египет  турат", — деди Путин.

Мындан тышкары Путин башка өнөктөштөр менен диалог жүргүзүү керектигин, артыкчылык КМШ өлкөлөрүнө берилиши зарылдыгын кошумчалады.

"Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы, Шанхай кызматташтык уюму сыяктуу дагы ири бирикмелер менен иштөө, Кытайдын "Бир алкак — бир жол" демилгесин колдоо келечекте ири евразиялык өнөктөштүк долбоорун ишке ашырууга жардам берет", — деди Путин.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) мүчөлөрү видеоконференция форматындагы жыйын өткөрүүдө.

62
Белгилер:
кызматташтык, экономика, Владимир Путин, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема боюнча
Путин Россиядагы мусулмандарды Орозо айтты үйдөн белгилөөгө чакырды
Акча каражаттары. Архив

Финансылык чалгындоо кызматы былтыр мамлекетке канча акча кайтарганы айтылды

44
(жаңыланган 15:48 27.05.2020)
Жогорку Кеңеште "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамын өзгөртүү тууралуу" мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Былтыр мамлекетке террордук аракеттерди каржылоо жана мыйзамсыз кирешелерди адалдаштыруу боюнча жүргүзүлгөн иштен жалпысынан 6,5 миллиард сом кайтарылган. Бул тууралуу Финансылык чалгындоо кызматынын жетекчиси Гуламжан Анарбаев парламент жыйынында билдирди.

Жогорку Кеңеште "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамын өзгөртүү тууралуу" мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Жетекчиге депутат Элвира Сурабалдиева канча кылмыш иши ачылып, анын канчасы сотко жеткендиги боюнча суроо берди.

"6,5 миллиард сом бажы менен салыктан келген каражат. Ошондой эле 175 миллон сом мамлекеттик бюджетке түшкөн", — деди Анарбаев.

Ал былтыр террордук ишти каржылоого жана мыйзамсыз кирешелерди адалдаштыруу боюнча 200дөй ишти тиешелүү органдарга өткөрүп бергенин айтты. Анткен менен сотко жеткени тууралуу маалымат албаганын билдирди.

44
Белгилер:
бюджет, каражат, Жогорку Кеңеш, Гуламжан Анарбаев
Тема боюнча
Жыштык сатуу чыры: УКМК кызматкерлери баш болуп 5 киши кармалды
Жумушчу жогорку чыңалуудагы электр чубалгысын монтаэ кылып жатат. Архив

Казакстандан 500 млн. кВт/саат энергия импорттоо макулдашылды. Баа өзгөрөбү

93
(жаңыланган 13:36 27.05.2020)
Мындан сырткары, Кыргызстан менен Казакстан 300 миллион киловатт-саатты алмашат: электр кубаты жайкысын Казакстанга жиберилсе, күзүндө кайра кайтарылат.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Казакстандан 500 миллион киловатт-саат электр энергия алуу боюнча макулдашылды. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин башчысы Айтмамат Назаров брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, быйыл суунун аз болгондугунан электр энергияны импорттоо пландалууда. Мындан сырткары, Кыргызстан менен Казакстан 300 миллион киловатт-саатты алмашат: электр кубаты жайкысын Казакстанга жиберилсе, күзүндө кайра кайтарылат.

"Ошондой эле 500 миллион киловатт-саат энергияны импорттоо боюнча макулдашуу бар. Ал декабрь айынын соңунан баштап келе баштайт. Мындайча айтканда, 300 миллион киловатт-саат өзүнчө товар алмашуу. Азырынча келишимге кол коюла элек", — деди Назаров.

Жарыктын баасы айтылган жок. Себеби электр энергиясын сатуу боюнча Тажикстан жана Түркмөнстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Суу  сактагыч. Архивдик сүрөт
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Ошол эле маалда Улуттук энергохолдингдин жетекчиси жаралган абалга байланыштуу Кыргызстанда электр энергиясына баа өзгөрбөй тургандыгын кошумчалады.

"Миллиард киловатт-саат энергия сатып алууну пландап жатабыз. Анын баасы элге бергенге караганда кымбат, бирок баа көтөрүлбөйт ", — деп айтты Назаров.

Жогоруда аталган көлөмдөгү энергияны сатып алуу үчүн Кыргызстан коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

93
Белгилер:
Суу, сатуу, электр энергиясы, Кыргызстан
Тема боюнча
Электр энергиясына коюлган жаңы тариф 1-июлдан тарта күчүнө кирет
Кыргызстан Түркмөнстан баштаган өлкөлөрдөн электр энергиясын сатып алат

Комдонуп, кулакты жапырып. Кара кулак шердин жонунан тартылган видео

0
Америкадагы зоопарктардын биринде кара кулак шердин кантип чуркагандыгын, күүлөнгөндүгүн, дегеле кыймыл аракетин бир нече сантиметр жакындыктан көрсөтүп беришти.

Адатта бул жырткычтын жанына жолоого мүмкүн эмес экендиги баарына дайын. Бул туурасында "National Geographic Россия" сайты жазды.

Кара кулак шер мышык тукумундагы жаныбарлардын эң күлүгү. Үч секунда ичинде ылдамдыгын саатына 112 чакырымга жеткире алат, тагыраагы, тез күүлөнөт. Бир секундада өзүнүн тулку боюнан 16 эсе узун аралыкка чуркоого жөндөмдүү.

Цинциннати зоопаркынын кызматкерлери кызыккандарга сейрек видеону тартуулашты. Сейрек дегендин себеби, бир нече сантиметрден туруп, ошончолук ылдамдыкта, аны менен эч ким катарлаша чуркай албайт. Мындай мүмкүн да эмес, себеби жырткыч чоочун бирөөнү жанына жакын жолотпойт.

Зоопарк кызматкерлери кара кулак шердин бел жагына GoPro камерасын орнотуп, анын бир кадамын көрүүчүлөргө тартуулады. Аны карап турган адам жаныбардын кантип даярданып, кантип күүлөнүп, анан кантип атырыла чуркап бара жаткандыгына күбө боло алат.

0
Белгилер:
кара кулак, зоопарк, ылдамдык, видео, АКШ
Тема боюнча
Иранда иттерди COVID-19ду аныктоого үйрөтүшүүдө. Кызыктуу видео
Карантинден кийин көрүшкөн кожоюн менен эшектин эмоциясы. Видео