Депутат Жанарбек Акаев. Архивдик сүрөт

Жанар Акаев: өкмөт 5 млрд сомдук жыштыктарды 1700 сомго сатып жиберген

1582
(жаңыланган 12:14 11.08.2020)
Мамлекеттик органда иштеген кызматкерлер чоң чыгым болуп жатканы туурасында депутатка кайрылып, маселе көтөрүүнү суранган.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев парламентте билдирүү жасап, азыркы өкмөт мамлекеттик жыштыктарды сатуудан бюджетке 5 миллиард сом зыян келтиргенин билдирди.

Анын айтымында, жакында эле Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова, УКМКнын башкармалыгынын жетекчиси, дагы бир кызматкер кармалды. Өкмөттүн аппаратында иштегендер да сурак берип жатышат.

"Бул жерде аябай ири сумма тууралуу сөз болуп жатат. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ал ишке тиешеси жоктугун далилдеши керек, болбосо жооп берсин. Ala TV компаниясы жакында 200 мегагерц жыштыгы менен кошо Beeline уюлдук операторуна 1,8 миллион долларга сатылды. Анда телевидение үчүн гана жыштык бар. Ошол эле Beeline биздин Байланыш комитетине караштуу 200 мегагерц телевидениеге багытталган жыштыкты алып, лицензиясын 4G интернетине ылайыктап жасаган. Азыркы премьер-министрдин тушунда аталган 200 мегагерц жыштык 700 сомго сатылган. Муну карап көрүңүз, бекер кетип жатат", — деди Акаев.

Ошондой эле ал Темир Сариев премьер-министр болуп турганда 15 мегагерц жыштык аукцион аркылуу 25 миллион долларга сатылганын мисал келтирди.

"Менин колумда Байланыш агенттигинин өкмөткө жазган жашыруун каты турат. "Бул келишим мамлекеттик кызыкчылыкка каршы келет, миллиарддаган зыян тартабыз. Бул 200 мегагерцти сатуудан бюджеттин чоң кемтигин толтурсак болот. Мындай кадамга барбашыбыз керек" деп жазган. Ошого карабай аукцион, конкурс өткөрбөй, казакстандык компанияга берип жиберишкен. Ага чейин дагы бир наркы 900 миллион сом турган лицензияны бир уюлдук операторго 1000 сомго сатып жеберишкен. Муну мен эмес УКМК айтып жатат, мына колумда корутундусу турат", — деди эл өкүлү.

Депутат адистердин жана эксперттердин эсеби боюнча бул жыштыктарды сатуудан мамлекет 5 миллиард сом зыян тартканын белгиледи.

"Мамлекеттик кызматтарда мекенге күйгөн патриот жигит, кыздар бар экен. Өздөрү кызматта турса дагы мага ишенип материалдарды берип "биз айта албайбыз, сен айтып чыкпасаң болбойт" деп ыйлап жатышат. Бул иш премьер-министрдин уруксаты жок болбойт, ошондуктан күч түзүмдөрү карап чыгышы керек", — деп кайрылды Акаев.

Соңунда депутат учурда өкмөт азыр көрүнгөн эл аралык ниституттардан акча сурап жатканын белгилеп, ушундай иштерге көңүл бурууга чакырды. Ал эми адилеттүү тергөө жасалышына көзөмөл кылууну депутаттарга да сунуштады.

Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова уюлдук оператордун бири жана Маалыматтык технологиялар комитетинин кызматкерлери менен тымызын сүйлөшүү жүргүзгөн деген шек менен 12-майда кармалган. Башкы прокуратура ал мамлекетке зыян келтиргенин билдирген.

1582
Белгилер:
өкмөт, сатуу, жыштык, Жанар Акаев, депутат
Тема:
Мухаммедкалый Абылгазиевдин отставкасы (18)
Тема боюнча
Ишене албайм! Абылгазиев "КТ Мобайлга" аралашкан бажасы боюнча үн катты. Видео
Идеалдуу эмессиңер, сыйыңарды билгиле! Икрамов депутаттарды эсине келтирди
Уят кылган жигитти кызматка койдуңуз. Депутаттар төраганы айыптап чыгышты
Алча түшүмү. Архив

Кыргызстан азык-түлүктүн жаңы түрлөрүн Кытайга экспорттоону көздөп жатат

109
(жаңыланган 23:48 19.09.2020)
Мамлекет башчы фермерлер Кытайга таза бал, гилас, коон, ун, сүт азыктарын сатууга мүмкүнчүлүк алышканын белгиледи.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Кыргызстан бир катар жаңы азык-түлүктүн түрлөрүн Кытайга экспорттоонун үстүндө аракеттерди көрүп жатат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" берген кезектеги маегинде айтты.

Кытайдын тышкы иштер министри Ван Инин жакында эле Кыргызстанга келген иш сапары тууралуу суроого жооп берип жатып, өлкө башчы Кытай Кыргызстан үчүн чоң рынок экенин белгиледи.

"Алар биздин экологиялык таза азыктарыбызга кызыкдар. Биз мына ушул багытты күчөтүү ниетибиз бар экенин билдирдик. Тышкы иштер министри Ван И мырза жардам берерин билдирип, колдоду", — деп белгиледи мамлекет башчы.

Президенттин айтымында, экспорт маселеси Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Бишкекке Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине келгенде дагы талкууланган.

"Кытай бизге чектеш, жакын. Бизден өндүрүлгөн азык-түлүктү Кытайдын Кашкар, Синьцзян аймактарына алып киргенге ыңгайлуу. Кытай башчысы "Кыргызстандын продукциясы эл аралык стандартка жооп берет, экологиялык жактан таза" деп, бизде өндүрүлгөн айыл чарба продукциясын тааныштырып, даамын көргөн. Ошондон кийин иш жыла баштады", — деди президент.

Жыл башынан бери КР кайсы мамлекеттерге канча азык-түлүк экспорттоду. Тизме

Жээнбеков фермерлер Кытайга таза бал, гилас, коон, ун, сүт азыктарын сатканга мүмкүнчүлүк алышканын белгиледи. Бирок коронавирус илдети чыккандан улам бул иш токтоп калган.

Президент кошумчалагандай, тиешелүү мамлекеттик органдар Кытайга буурчак, жүзүм, картошка, абрикос, жүгөрү, эт азыктарын жана башка айыл чарба продукцияларын экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр башталды.

109
Белгилер:
экспорт, экономика, Кытай, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Президент Жээнбеков аны сындаган талапкерлер боюнча оюн айтты
Темир жол куруу иштери. Архив

Жээнбеков: Кытай Кыргызстан Өзбекстан темир жолун курууга Россия да кызыкдар

94
(жаңыланган 16:35 19.09.2020)
Өлкө башчы долбоорду ишке ашыруу үчүн учурда Кытай, Кыргызстан, Өзбекстан жана Россия мамлекеттеринин ортосунда (3+1 форматында) сүйлөшүүлөр активдүү жүрүп жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашырууга Россия дагы катышкысы келип жатат. Бул тууралуу өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бул долбоорду ишке ашыруу үчүн учурда Кытай, Кыргызстан, Өзбекстан жана Россия мамлекеттеринин ортосунда (3+1 форматында) сүйлөшүүлөр активдүү жүрүп жатат.

"Бул долбоор бизге аба менен суудай керек. Аны сөзсүз ишке ашыруу зарыл. Кечээ илдет чыгып, пандемия башталып, чек аралар жабылганда биз оор абалда калдык. Темир жол абдан керек экенин дагы бир жолу көрдүк. Долбоорду ишке ашыруу боюнча эксперттер иштеп жатат. Жалпылап алганда ал долбоорго Кытай тараптын кызыгуусу бар. Темир жол долбооруна Россиянын катышуусу тууралуу да РФ менен сүйлөшкөнбүз. Азыр "Россия темир жолдору" бул маселе боюнча биздин темир жолдор менен тыгыз байланышта иштей баштады", — деди өлкө башчы.

Кытай менен байланыштыра турган аталган темир жол долбоору 20 жылга чукул убакыттан бери талкууланып келе жатат. Маршруттун бир нече варианттары каралган. Алардын ичинен Кытайдан Кыргызстан, Өзбекстан аркылуу Түркмөнстанга өтүп, андан ары Иранга чыгуу да пландалган.

Эске салсак, 14-сентябрда Кыргызстанга расмий иш сапары менен Кытайдын тышкы иштер министри Ван И келип, өлкө башчы Жээнбеков менен жолугушкан. Анда тараптар аталган долбоор тууралуу да кеп кылганы маалым болгон.

94
Белгилер:
долбоорлор, темир жол, Россия, Өзбекстан, Кытай, Кыргызстан
Тема боюнча
Факты болсо, жаза да болот. Жээнбеков добуш сатып алуу боюнча пикирин айтты
Сооронбай Жээнбеков: кудай алдында, өз абийиримдин алдында тазамын
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана президенттик аппараттын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев Ташчайнар каймана аты менен таанымал Нурлан Алишеровдун абалын сурап барган.

Ооруп жаткан Ташчайнарга президенттин атынан акчалай жардам берилди

0
(жаңыланган 15:06 20.09.2020)
Ташчайнар 2-сентябрда кечке жуук Бишкектеги №1 шаардык клиникалык ооруканага түшүп, инсульт деген диагноз коюлган.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Ташчайнар каймана аты менен таанымал Нурлан Алишеровго президент Сооронбай Жээнбековдун атынан материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана президенттик аппараттын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев балбандын абалын сурап барган.

Ташчайнар 2-сентябрда кечке жуук Бишкектеги №1 шаардык клиникалык ооруканага түшкөн. Ага инсульт деген диагноз коюлган. Алишеров буга чейин гипертония, кант диабети сыяктуу оорулар менен жабыркап, балбанды дарылатууга кеткен чыгымдарды төлөө үчүн жакындары элден жардам сурап кайрылган.

Арабдарды тиши менен көтөрүп эсин оодарган Ташчайнар. Camel Fest видеосу

Жолугушууда ага президенттин атынан материалдык жардам тапшырылган.

"Бүгүнкү күндө Нурлан Алишеров өзүн жакшы сезип калгандыгын айтты. Ошондой эле кийинки рекорддорду багындыруу ниети бар экендигин билдирип, ал үчүн толук реабилитациядан өтөрүн белгиледи. Учурда ал дарыланып үйүнө чыгарылган", — деп айтылат министрликтин маалыматында.

Нурлан Алишеров бир катар эл аралык шоу-программаларга катышып, бири-бирине чиркештирилген ондон ашык унааны тиши менен тартып жылдырган, чекеси менен мыкты тактайга каккан өзгөчө өнөрү аркылуу таанымал болгон.

0
Белгилер:
абал, жолугушуу, президент, жардам, оору, Ташчайнар
Тема боюнча
Ташчайнар кураган өзгөчө жол тандабаска 10 миң доллар сунушталды
Ташчайнар тиши менен тартчу эле... Тарбалаңдап МАЗ сүйрөгөн жигиттин видеосу