Эгемендүү Кыргызстан энергетика тармагына 1,4 млрд доллар насыя жана грант алды

© AFP / MARK WILSONЖүз долларлык банкноталар пачкалар менен чогулуп жатат. Архив
Жүз долларлык банкноталар пачкалар менен чогулуп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан өз алдынча мамлекет болгондон бери жалпы суммасы 2 миллиард 152,8 миллион долларга бааланган 42 келишимге кол коюлган. Анын ичинен дээрлик 300 миллиону грант, калганы насыя түрүндө.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстан энергетика тармагына 1 миллиард 434,8 миллион долларды кредит жана грант түрүндө алып, пайдаланды. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин долбоорлорду ишке ашыруу боюнча адиси Мухаммедимин Аскаров билдирди.

Киши жарыкты күйгүзүп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда электр энергиясына айрым тарифтер өзгөртүлөт
Бул темада энергетика тармагындагы кредиттер боюнча онлайн-сессияда сөз болду.

Анын айтымында, Кыргызстан өз алдынча мамлекет болгондон бери жалпы суммасы 2 миллиард 152,8 миллион долларга бааланган 42 келишимге кол коюлган. Анын ичинен дээрлик 300 миллиону грант, калганы насыя түрүндө келген.

"Быйылкы жылдын 1-январындагы маалымат боюнча, жогорудагы сумманын 1 миллиард 434,8 миллион доллары өздөштүрүлдү. Ошол учурдагы курс менен алганда бул 99,7 миллиард сом", — деди Аскаров.

Адистин айтымында, келишимде көрсөтүлгөн сумма менен өздөштүрүлгөн сумманын ортосундагы айырма долбоорлорду ишке ашыруудагы же тендерлердеги үнөмдөөдөн улам келип чыкты. Экинчиден, айрым долбоорлор аягына чыга элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0