Энергетикага алынган насыя 6 жыл бою оңбогондой акча менен төлөнөт

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүАКШ доллар купюралары. Архив
АКШ доллар купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл төлөнчү акчанын суммасы 5,5 миллиард сом. Мында эсеп доллардын эски курсу, башкача айтканда, 70 сом менен жүргүзүлгөн.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Кыргызстандын энергетикасын өнүктүрүү үчүн алынган насыянын эң жогорку төлөмү 2025-2031-жылдарга туура келет. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет жетекчисинин милдетин аткаруучу Мухаммедимин Аскаров билдирди.

Ал энергетика тармагына алынган насыялар боюнча уюштурулган онлайн-сессияга катышкан. Аскаровдун айтымында, кредит жабдууларды жаңылоо үчүн алынат.

Жетекчи Кыргызстан кайсы жылы канча акча төлөөгө милдеттендирилгенин да айтып өттү.

  • 2020-жыл — 5,5 миллиард сом;
  • 2021 — 7 миллиард;
  • 2022 — 8,9 миллиард;
  • 2023 — 9,1 миллиард;
  • 2024 — 8,3 миллиард;
  • 2025 — 10,9 миллиард;
  • 2026 — 10,7 миллиард;
  • 2027 — 10,7 миллиард;
  • 2028 — 10,4 миллиард;
  • 2029 — 10,3 миллиард;
  • 2030 — 97 миллиард;
  • 2031 — 8,4 миллиард;
  • 2032 — 7,1 миллиард.

Ал эми 2045-жылга чейин төлөм 5 миллиард сомдон кем экени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0