Здание Жогорку Кенеша в Бишкеке. Архивное фото

Депутаттар саясий партияларды бюджеттен каржылоого макул болбой коюшту

198
(жаңыланган 11:17 21.05.2020)
Мыйзам долбоорун депутаттар Айнуру Алтыбаева, Нурбек Алимбеков жана Мирлан Бакиров демилгелеп чыккан.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Парламент саясий партиялардын укуктарын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Аталган документти депутаттар Айнуру Алтыбаева, Нурбек Алимбеков жана Мирлан Бакиров демилгелеген. 

Алтыбаева баяндама жасап жатып, "Саясий партиялар жөнүндө" мыйзамы 1999-жылдан бери өзгөртүлө электигин белгиледи.

  • Айнуру Алтыбаева на заседании Жогорку Кенеша 20 мая 2020 года
    Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева
    © Фото / Пресс-служба ЖК
  • Депутат от фракции Кыргызстан Нурбек Алимбеков на заседании ЖК. Архивное фото
    Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбеков
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Вице-спикер Жогорку Кенеша Мирлан Бакиров во время заседания Жогорку Кенеша
    Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров
1 / 3
© Фото / Пресс-служба ЖК
Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева
"2010-жылдан кийин Кыргызстан парламенттик башкарууга өттү. Бирок мыйзамдарга өзгөртүү киргизиле элек. Жаңы мыйзамды демилгелөөгө партиялардын каржы булагы, иши жөнүндө маалыматынын жабык болушу, коомчулуктун алдында отчёттуулугунун жоктугу себеп болду. Бул демилге саясий партиялардын жоопкерчилигин, ролун жогорулатууга жана парламентаризмди өнүктүрүүгө багытталган", — деди Алтыбаева.

Ошондой эле ал дагы бир негизги өзгөртүүдө парламенттик жана жергиликтүү шайлоодон өтпөй калган партияларга мамлекет тарабынан каржылоо сунушталып жатканын айтты.

Бирок бул мыйзамга бир нече депутат каршы чыкты.

Депутат ЖК КР от партии Онугуу-Прогресс Алтынбек Жунус уулу
© Фото / пресс-служба ЖК
Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулу
"Ансыз да бюджетте каражат жок, эл парламентти сындап, депутаттардын санын азайтууну талап кылып жатканда бул сунуш негизсиз. Өнүккөн өлкөлөрдө ушундай шарт түзүлүшү мүмкүн, бирок бизде анын убагы келе элек", — деди депутат Алтынбек Жунус уулу.

Демилгечилердин бири Мирлан Бакиров мамлекеттик каржылоодо шайлоого катышып жаткан партиянын БШКга күрөөгө койгон 14-15 миллион сому өтпөй калса кайра кайтарып бериле турганын айтты. Мурда бул каражат шайлоодон кийин Республикалык бюджетке түшүп турган. Бирок көпчүлүгү аталган сунушка каршы чыгып жаткандыктан, ал пунктту алып салууну чечишкенин билдирди.

Натыйжада мамлекеттик каржылоону четке кагуу менен мыйзам долбоорун 79 депутат колдоп, 30у каршы добуш берди.

198
Белгилер:
саясый партия, мыйзам, депутат, Айнуру Алтыбаева
Тема боюнча
Парламент өнүгөт! Зулпукаров шайлоо босогосун 11 пайыз кылуу керектигин айтты

Кышында жарыксыз калбайбызбы? Өлкөдөгү ГЭСтердин абалы жана картасы

19
(жаңыланган 17:33 23.06.2021)
Алдыдагы кышта Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы болору күтүлүп жатат. Sputnik өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалынан кабардар кылуу максатында учурда иштеп, курулуп жана келечекте пландалып жаткан ГЭСтерди картадан көрсөтүп берди.
Кыргызстандагы ГЭСтер

Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө жети ири ГЭС иштеп жатат. Алар: Токтогул (1200 МВт), Күрп-Сай (800 МВт), Таш-Көмүр (450 МВт), Шамалды-Сай (240 МВт), Үч-Коргон (180 МВт), Ат-Башы (40 МВт) жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин бир агрегаты (120 МВт). Бардыгы кошулуп ушул тапта 3 030 МВт электр энергиясын берет.

Булардан тышкары, "Чакан ГЭС" ААКсына караштуу жалпы кубаттуулугу 38,5 мегаваттка барабар тогуз кичи ГЭС бар.

Ошол эле учурда эки ГЭСтин курулушу токтоп турат. Булар Жогорку Нарын ГЭСтер каскады жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегаты.

Республика боюнча дагы тогуз ири гидроэлектр станциясын куруу пландалууда. Бирок каржы тартыштыгынан улам долбоорлор кагаз бетинде гана калып келет. Алардын бардыгы курула турган болсо өлкө 8 447,9 МВт электр энергиясын ала алат. Бул көрсөткүч азыркыга салыштырмалуу дээрлик 2,5 эсеге көп.

Мындан тышкары, энергетиктер азыр иштеп жаткан суу сактагычтарга алты чакан ГЭС курууну көздөйт. Бул долбоорлор ишке ашса кошумча 94,5 МВт энергия алсак болот.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, буга чейинки жылдарда Кыргызстандагы ГЭСтер орто эсеп менен 15 миллиард кВт саат электр энергиясын иштеп чыкчу. Ушул эле көлөмдөгү (14-15 миллиард кВт саат) энергияны калк жыл ичинде сарптайт.

Эске салсак, Кыргызстанда кургакчылыктын кесепетинен Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли төмөн. Мындан улам алдыдагы кышта электр энергиясы тартыш болот деп боолголонуп жатат.

19
Белгилер:
суу, курулуш, Кыргызстан, энергетика, ГЭС
Тема боюнча
Энергетиканын дөө-шаалары. Токтогул, Камбар-Ата-2 ГЭСтеринин 15 сүрөтү
Кыргызстан Орто Азияны климаттык апааттан сактап кала алат. Суу тууралуу маек
Нью-Йорк шаарындагы талкаланган дүкөн. Архив

Рекорддук чек: АКШдагы инфляция дүйнөлүк экономикага кооптуу экени айтылды

26
(жаңыланган 16:42 23.06.2021)
АКШда 2008-жылдагы глобалдык каржылык каатчылыгынан бери мындай инфляция кайталана элек болчу. Бирок жөнгө салуучу орган монетардык саясатты катаалдатуудан баш тартууда.

Deutsche Bank мындай аракетсиздиктин аягы жакшы бүтпөй турганын эскертишти. Бул – бүтүндөй дүйнөлүк экономика үчүн опурталдуу абал. Аталган державада акчанын нарксызданышы дүйнөгө кандай таасир этери тууралуу Наталья Дембинскаянын макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

Инфляциянын күч алышы

Май айында АКШда жылдык инфляция беш пайызга чыкты. Ал эми керектөөчүлүк баалардын, энерготашуучу жана азык-түлүк сымал туруксуз товарларды кошпогондо, базалык индекси (инфляция деңгээли) былтыркыга салыштырмалуу 3.8 пайызга өстү. Бул – 1992-жылдын июнунан берки эң жогорку көрсөткүч. Автомобиль, техника, мебель, авиабилет, кийим-кече, азык-түлүк – баары кымбаттады.

Дүйнөлүк банктын экономисттери инфляцияны даректөө саясатын жүргүзгөн өлкөлөр, анын ичинде Россия чочулай турган жагдай жок экенин айтышат. Көрсөткүчтү максаттык диапазондун чегине кайтарууга болот. Анткен менен Кошмо Штаттарда кырдаал башка. Федералдык резервдик системанын бир чара көрө турган түрү жок. Март айында эле бул тутумдун башчысы Жером Пауэлл таргеттин (даректөөнүн) эки пайызга утурумдук көтөрүлүшүндө эч кандай көйгөй жоктугун билдирген.

Керектөөчүлүк баалардын өсүшүнүн себептери түшүнүктүү. Пандемия башталгандан тарта америкалык бийлик акча басуучу станокту болушунча иштетүү менен каатчылыкка каршы чара көрүүгө алты-тогуз триллион долларга дейре сарптаган. Ал эми Жо Байдендин келиши менен өлкө экономикасына дагы эки триллиондой каражат салынды. Бул – негизинен социалдык өбөлгөлөрдүн гиганттык топтому.

Ири карыз жана чабалдаган доллар

Акчанын каптаганы мамлекеттик карызды болжол менен төрттөн бирге жогорулады. Эми бул 28 триллион долларга (жылдык ички дүң өндүрүмдүн дээрлик 130 пайызы) арбын. Экономисттер экономикага жаңы акча салуу жакшы натыйжага алып келбейт. Өндүрүш көлөмүн тийиштүү деңгээлге чыгарбастан, акчанын ашыкча айланышынын айынан бюджетке күч келет, баалар көтөрүлөт.

Инфляциялык тобокелдик кийинкиге жылдырылган керектөөчүлүк суроо-талапты да күчөтөт. Пандемия убагында америкалык керектөөчүлөр 1,6 триллион доллар топтоп, эми акырындап коротууга киришти. Жаңы басылган купюралардын күчтүү агымы америкалык валютага доо кетирди. Доллардын куну түшүп, инвесторлор үчүн жагымдуулугунан ажырап барат.

2020-жылы евро салыштырмалуу 0,8934төн 0,8149га, дээрлик тогуз пайызга түштү. Быйыл дагы беш-жети пайызга төмөндөшү ыктымал. Дагы бир башка фактор — бюджетке болуп көрбөгөндөй басым. 2020-каржылык жылында бюджеттин таңсыктыгы 16,1 пайызга (3,1 триллион долларга) жеткен. Бул – 1945-жылдан берки эң ири көрсөткүч. Дал ошол жылы өкмөт масштабдуу аскердик операцияларга эбегейсиз каражат бөлгөн.

Суроо жаралат

Ошентсе да экономикалык максаттарга жетүүдө, атап айтканда, эмгек рыногун калыптандырууда "алгылыктуу прогрессти" көрмөйүнчө Федералдык резерв системасы пайыздык чендерди жогорулатууга же активдерди сатып алуу программасын кыскартууга ниеттенбейт. Жөнгө салуучу органдын өз күчүнө гана ишенгендиги жана аракетсиздиги суроо туудурат.

"Күрөшүү үчүн так план зарыл. Салык-бюджеттик саясатты аныктаган адамдар алардын чечимдери кимдерге зыян келтирерин түшүнүүгө тийиш. Америкалыктардын сексен жети пайызы баалардын өсүп жатканына кабатыр.

Пауэлл мырза бул олуттуу маселеге убактылуу тоскоолдук катары кол шилтөөнү токтотуп, инфляциянын кескин секиригин моюнга алууга милдеттүү", — дейт сенатор Рик Скотт.

Экономисттер Федералдык резервдик тутумдун андан да коркунучтуу көрүнүшкө – фондулук рынокто глобалдык көбүктүн түзүлүшүн толугу менен танып жатканына көңүл бурууга чакырат. Акциялардын баасы тарыхый жогорку чегине жетип турганда өтө төмөн пайыздык үстөктөрдү колдоону, балансты айына 120 миллиард долларга жогорулатууну улантуу менен Федералдык резервдик система рынокту ого бетер козутушу мүмкүн.

"Жөнгө салуучу орган экономиканы кыйын шартка кептегени турат, акыры барып инфляциянын максаттуу деңгээлине жетүү үчүн акча-насыя саясатын катаалдатууга мажбур болмокчу", — деп белгилейт Америкалык ишкерлик институтунун талдоочусу Десмонд Лахман.

Алсыздар жабыр тартышы ыктымал

Кандай болсо да бул америкалыктарга гана тургай, бүт дүйнөгө көйгөй жаратарын эскертишет Deutsche Bank талдоочулары. "Кошмо Штаттарда инфляцияны тоготпоо глобалдык экономика үчүн опурталдуу. Анын кесепети, айрыкча коомдун эң аяр катмары үчүн оор болушу ыктымал", — деп түшүндүрөт банктын башкы экономисти Дэвид Фолкертс-Ландау.

Германиядагылар инфляция токтобой турганын, жакынкы жылдары, балким, 2023-жылы каатчылыкка кептеши мүмкүн экенин жоромолдошот. Эксперттер биринчи кезекте өнүгүп келе жаткан өлкөлөр жабыр тартарын белгилешет. Өнүккөн экономикада акчанын нарксызданышы инвесторлордун пайыздык чендердин жогорулашына үмүттөрүн арттырат. Бул мамлекеттик облигациялардын кирешелүүлүгүн жогорулатып, натыйжада карыз алуу кыйла кымбатка түшөт. Ошентип, экономисттер өнүгүп келе жаткан рыноктор үчүн глобалдык калыптандыруунун башаты позитивдүү фактордон коркунучка айланганын айтышат. Мисалы, Түштүк Африка жана Бразилияда карыз наркы кооптуу деңгээлге чукулдап калды. Ал жакта мамлекеттик финансы ансыз да туруксуздугу менен айырмаланат.

"Бул өлкөлөр өздөрүндөгү инфляциядан да АКШдагыдан чочулаганы оң", — дешет S&P Global Ratings адистери. Бардар мамлекеттер пандемия маалында көптөгөн өнүккөн өлкөлөргө караганда абдан төмөн пайыздык чен менен карыз алышкан. Маселен, Египет быйыл ИИӨнүн 38 пайызына барабар карызын кайра каржылоого тийиш. Насыяны тейлөө акысы — 12,1%. Гана үчүн пайыз андан да бийик, тагыраак, 15 пайызды түзөт. Ушундай эле көйгөй Бразилияда да бар, Борбордук банкы январдан бери баа басымын чабалдатуу үчүн үстөктөрдү көбөйткөн. Capital Economics адиси Уильям Жексондун айтымында, Бразилия — инфляция жана кирешелүүлүктүн өсүшү экономикалык туруктуулукка кооптуу экенине айкын мисал.

"Бул Борбордук банкты мамлекеттик каржыны кыскартып, карызды тейлөө чыгымдарын арттырган пайыздык чендердин жогорулатууга аргасыз кылды", — дейт аналитик. Мындай абалдан, маселен, Бразилия, Түштүк Африка жана Индия чет өлкөлүк насыякорлорго караганда ички кредиторлорго көбүрөөк үмүт артканы куткарат. Бул капиталдын сыртка агуу көлөмүн төмөндөтөт. Россия бул багытта туруктуу келет, федералдык заемдогу облигацияларда резидент эместердин үлүшү абдан аз. РФ Борбордук банкынын маалыматы боюнча, май айында он пайызды түзгөн (апрелде — 19,7). Федералдык заемдогу облигация ээлеринин арасында 80 пайыздан ашыгы — жергиликтүү инвесторлор, эң оболу банктар жана пенсиялык фонддор. Ал эми резидент эместер — жергиликтүү ири банктардын чет өлкөдөгү "бутактары". Бул санкциялык да, инфляциялык да тобокелдиктерден сактайт.

26
Белгилер:
суроо-талап, насыя, кун, акча, экономика, АКШ, инфляция
Тема боюнча
Америкалык үмүт акталбай калганда... Саммит жыйынтыгына сереп
Мамлекеттик каттоо кызматынын имараты. Архив

Каттоо кызматынын функциясы Санариптик өнүктүрүү министрлигине өттү

0
(жаңыланган 17:44 23.06.2021)
Санариптик өнүктүрүү министрлиги Улукбек Марипов башында турган министрлер кабинетинин курамында жаңы түзүлгөн.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын функцияларын эми Санариптик өнүктүрүү министрлиги аткарат. Бул тууралуу Юстиция министрлиги кабарлады.

Маалыматта министрлер кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтому менен Санариптик өнүктүрүү министрлиги түзүлгөнү белгиленди.

Эми Юстиция министрлигинин карамагында болуп келген Архив агенттиги, Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти, "Унаа" мамлекеттик мекемеси, "Инфоком" мамлекеттик ишканасы дагы Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүлүп берилди.

Ушуга байланыштуу архив иши, калкты, автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын каттоо багытындагы бардык маселелер боюнча Санариптик өнүктүрүү министрлигине кайрылуу керектиги айтылды.

0
Белгилер:
Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Юстиция министрлиги, Мамлекеттик каттоо кызматы
Тема боюнча
Иран жана Австриядагы элчилер кызматтан кетип, жаңылары дайындалды