Киши Нью-Йорктогу Бруклинде жабык бизнес районунда бара жатат. Архив

Дүйнөлүк экономика COVID-19дан кийин бутуна тура албайт. 5 себеби

267
(жаңыланган 14:48 22.05.2020)
Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрү карантиндик чектөөлөрдү кыскартып, эл ээн-эркин көчөгө чыга баштады. Бирок экономисттер кризиске канчалык бат жана тоскоолдуксуз кирсек, дал ошондой эле кайра чыгып кетебиз деген жаңылыш ой экенин айтат.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Эмне себептен пандемиядан кийин дүйнөлүк экономиканы калыбына келтирүү оголе талаал болорун ВВС адистердин пикирине таянып санап көрдү.

"Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрү карантиндик чектөөлөрдү кыскартып, эл ээн-эркин көчөгө чыга баштады. Бирок биз кризиске канчалык бат жана тоскоолдуксуз кирсек, дал ошондой эле кайра чыгып кетебиз десек жаңылышабыз", — деп айтылат макалада.

Анын себептери:

  • Биринчиден, вирус дагы деле бар, ага каршы вакцина табыла элек. Кээ бир өлкөлөр биринчи толкунун ооздуктай албай жатса, айрымдар кийинкисин күтүүдө;
  • Экинчиден, мындай шартта эл жана бизнес өкүлдөрү тобокелчиликке баргысы келбейт, каражатын үнөмдөйт. Ашыкча сатып алуулар, инвестиция тууралуу сөз кылгандар жокко эсе;
  • Үчүнчүдөн, карантиндик чөктөөлөр өтө чыгымдуу болуп чыга келди. Экономикалык сектордун басымдуу бөлүгү токтоп, мамлекет салыктан киреше көрбөй калды. Ошол эле учурда өкмөттөр экономиканы жөлөп-таяп туруу үчүн карызга акча алууга мажбур болду. Ал эми карантин бүткөн соң анын баарын казына бош экенине карабай төлөп берүү керек;
  • Төртүнчүдөн, дүйнөлүк ЖМКларга экономиканы колдоого мынча же тигинче акча бөлүндү деген маалыматтар байма-бай чыгып жатат. Бирок мында көбүнесе өнүккөн, бай өлкөлөр тууралуу айтылууда. Ал эми эптеп-септеп бутка турууга аракет кылып жүргөн өлкөлөр экономикасын колдоого каражатты эми гана издей башташат;
  • Бешинчиден, бир нече айга созулган "карантиндик уйкудан" элдин баары ойгонот деп айтуу кыйын. Авиакомпания, мейманкана, ресторан сыяктуу бизнес түрлөрү мамлекет колдогон күндө дагы карантинден чыкпай калышы мүмкүн. Бул тармактагы миллиондогон кызматкер ишсиз калат да, башка тармакта жумуш табуусу татаал болот.

Коронавирус тууралуу

2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган.

Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтындагы маалыматка ылайык, 22-майга карата дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 5 102 424кө жетти.

267
Белгилер:
кризис, карантин, экономика, Дүйнө
Тема боюнча
Өкмөт: быйыл тикелей инвестициянын 50 гана пайызы келчүдөй болуп турат
Акча каражаттары. Архив

Финансылык чалгындоо кызматы былтыр мамлекетке канча акча кайтарганы айтылды

43
(жаңыланган 15:48 27.05.2020)
Жогорку Кеңеште "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамын өзгөртүү тууралуу" мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Былтыр мамлекетке террордук аракеттерди каржылоо жана мыйзамсыз кирешелерди адалдаштыруу боюнча жүргүзүлгөн иштен жалпысынан 6,5 миллиард сом кайтарылган. Бул тууралуу Финансылык чалгындоо кызматынын жетекчиси Гуламжан Анарбаев парламент жыйынында билдирди.

Жогорку Кеңеште "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамын өзгөртүү тууралуу" мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Жетекчиге депутат Элвира Сурабалдиева канча кылмыш иши ачылып, анын канчасы сотко жеткендиги боюнча суроо берди.

"6,5 миллиард сом бажы менен салыктан келген каражат. Ошондой эле 175 миллон сом мамлекеттик бюджетке түшкөн", — деди Анарбаев.

Ал былтыр террордук ишти каржылоого жана мыйзамсыз кирешелерди адалдаштыруу боюнча 200дөй ишти тиешелүү органдарга өткөрүп бергенин айтты. Анткен менен сотко жеткени тууралуу маалымат албаганын билдирди.

43
Белгилер:
бюджет, каражат, Жогорку Кеңеш, Гуламжан Анарбаев
Тема боюнча
Жыштык сатуу чыры: УКМК кызматкерлери баш болуп 5 киши кармалды
Жумушчу жогорку чыңалуудагы электр чубалгысын монтаэ кылып жатат. Архив

Казакстандан 500 млн. кВт/саат энергия импорттоо макулдашылды. Баа өзгөрөбү

92
(жаңыланган 13:36 27.05.2020)
Мындан сырткары, Кыргызстан менен Казакстан 300 миллион киловатт-саатты алмашат: электр кубаты жайкысын Казакстанга жиберилсе, күзүндө кайра кайтарылат.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Казакстандан 500 миллион киловатт-саат электр энергия алуу боюнча макулдашылды. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин башчысы Айтмамат Назаров брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, быйыл суунун аз болгондугунан электр энергияны импорттоо пландалууда. Мындан сырткары, Кыргызстан менен Казакстан 300 миллион киловатт-саатты алмашат: электр кубаты жайкысын Казакстанга жиберилсе, күзүндө кайра кайтарылат.

"Ошондой эле 500 миллион киловатт-саат энергияны импорттоо боюнча макулдашуу бар. Ал декабрь айынын соңунан баштап келе баштайт. Мындайча айтканда, 300 миллион киловатт-саат өзүнчө товар алмашуу. Азырынча келишимге кол коюла элек", — деди Назаров.

Жарыктын баасы айтылган жок. Себеби электр энергиясын сатуу боюнча Тажикстан жана Түркмөнстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Суу  сактагыч. Архивдик сүрөт
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Ошол эле маалда Улуттук энергохолдингдин жетекчиси жаралган абалга байланыштуу Кыргызстанда электр энергиясына баа өзгөрбөй тургандыгын кошумчалады.

"Миллиард киловатт-саат энергия сатып алууну пландап жатабыз. Анын баасы элге бергенге караганда кымбат, бирок баа көтөрүлбөйт ", — деп айтты Назаров.

Жогоруда аталган көлөмдөгү энергияны сатып алуу үчүн Кыргызстан коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

92
Белгилер:
Суу, сатуу, электр энергиясы, Кыргызстан
Тема боюнча
Электр энергиясына коюлган жаңы тариф 1-июлдан тарта күчүнө кирет
Кыргызстан Түркмөнстан баштаган өлкөлөрдөн электр энергиясын сатып алат
Сууга түшүп жаткан балдар. Архив

Сууга түшөрдө баланын жанынан карыш жылбаңыз! ӨКМдин ата-энелерге эскертүүсү

0
Эгер адам сууга чөгө баштаса, өзүн жоготпой, дүрбөлөңгө түшпөй, тынч кармаса өзүн-өзү сактап калуусу мүмкүн. Кескин кыймыл жасабоо керек, анткени суу оозго, өпкөгө тез толуп, буттун тарамыштары түйүлүп калат.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууга түшүүдө киши эмнени эске алыш керектигин санап берип, ата-энелерге балдарды кароосуз калтырбагыла деп катуу эскертти.

Сууга түшүү эрежелери:

  • Агын сууларга, көлмөлөргө сууга түшүүгө тыюу салынат;
  • Сууга чоңдордун көзөмөлүндө гана түшүү керек;
  • Мурда көрүп-билбеген, балыры көп, алыс жерлерге чейин барууга болбойт;
  • Мас болуп сууга түшкөнгө болбойт;
  • Баланы суу боюнда кароосуз калтырбагыла;
  • Кайык, моторлуу кайыктын артынан кубалап, асылууга, жабышууга болбойт;
  • Күн бүркөктө же катуу шамал башталганда сууга түшүүдөн абайлагыла;
  • Үйлөмө матрац, жаздыкча, дөңгөлөктүн камерасында сүзүүгө болбойт. Ал жарылып кетсе, адам терең жерге түшүп кетүүсү ыктымал;

Көпүрө, тосмо, кеме токтоочу жай, кайыктан жана катерлерден сууга секирүүгө болбойт.

Сууда сүзгөндү билбегендер үчүн кеңештер

"Сууга чөгө баштаганда өзүн жоготпой, дүрбөлөңгө түшпөй, тынч кармаса адамдын өзүн-өзү сактап калуусу мүмкүн. Кескин кыймыл жасабоо керек, анткени суу оозго, өпкөгө тез толуп, буттун тарамыштары түйүлүп калат. Терең дем алып, абаны өпкөдө 30 секунддай кармоого аракет кылса натыйжалуу болот", — деп айтылат маалыматта.

Куткаруучулар көлгө түшкөндө алыс жакка сүзүп кетпөөнү, тамакка тоюп алып сууга түшпөөнү да эскертишти.

0
Белгилер:
кеңеш, Суу, куткаруучулар, ӨКМ
Тема боюнча
Ошто Папан суу сактагычынан 22 жаштагы жигиттин сөөгү табылды