Өкмөттүн имараты. Архивдик сүрөт

Өкмөт айрым органдардын кыскартылчу чыгашасын кайтарып берди. Тизме

220
(жаңыланган 17:30 22.05.2020)
Өкмөт бюджеттин киреше бөлүгүндө пандемиянын айынын тартыштыктар жаралган соң, анын чыгаша бөлүгүн кайра карап чыгууну сунуштаган.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Кечээ Жогорку Кеңештин экинчи жана үчүнчү окуусунда Кыргызстандын быйылкы бюджетине өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор өттү. Ал документ боюнча биринчи окууда кыскартылган айрым органдардын кээ бир чыгашалары кайра ордуна келтирилгенин вице-премьер Эркин Асрандиев брифинг учурунда билдирди.

“Акыркы кароодо баштапкы долбоорго салыштырмалуу бюджеттин киреше бөлүгүн 2,2 миллиард сомго көбөйттүк. Ошол эле учурда Эсеп палатасынын пикирин эске алуу менен кээ бир чыгашалар кайра ордуна келтирилди”, — деди Асрандиев.

Алар:

  • жергиликтүү органдарга трансферттер — 1 миллиард сом (каражат аймактарды өнүктүрүүгө жумшалат);
  • Бишкек мэриясына бюджеттик ссуда катары — 744 миллион сом (мугалимдердин айлыгына кетет);
  • Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна — 75 миллион сом (гемодиализ кызматтарына);
  • Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине — 74 миллион сом (эл аралык аренада Кыргызстандын желегин желбиретип, алдыдагы Олимпиадага лицензия алуучу спортчуларга жумшалат).

Эске салсак, өкмөт бюджеттин киреше бөлүгүндө пандемиянын айынын тартыштыктар жаралган соң, бюджеттин чыгаша бөлүгүн кайра карап чыгууну сунуштаган. Анда кайсы мамлекеттик органдан канча каражат үнөмдөө пландалып жаткандыгы боюнча Sputnik Кыргызстан дайындаган таблицадан көрсөңүз болот.

Божомолдоолорго караганда, бул жылы бюджеттин кирешеси (салык жана бажы төлөмдөрү) 30,8 миллиард сомго кыскарып, 132,9 миллиардды гана түзөт. Анын үстүнө коронавирус менен күрөшүүгө каражат талап кылынууда.

220
Белгилер:
бюджет, экономика, Эркин Асрандиев, коронавирус, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Асрандиев: салыктан карызы барлар жыл аягына чейин төлөсө туум алынбайт
Коронавирус менен күрөшкөн медиктер. Архивдик сүрөт

G20 өлкөлөрү коронавирус менен күрөшүүгө 21 миллиард доллар бөлөт

77
(жаңыланган 19:33 06.06.2020)
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун соңку маалыматы боюнча, вирус 6,5 миллиондон ашуун адамга жугуп, 387 миң бейтап каза тапты.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. G20 мамлекеттери коронавирус менен күрөшүүгө 21 миллиард доллар бөлөт. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Бул каражаттар вакцина чыгарууга, диагнозду аныктоого, дарылоого жана иликтөөлөрдү жүргүзүүгө жумшалат.

"G20 чакырылган өлкөлөр менен биргеликте COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүнү колдоо боюнча өз күчүн жумшайт. Азыркы тапта G20 мүчөлөрү жана чакырылган өлкөлөр дүйнөдөгү бардык саламаттык сактоо тармагына каржылык колдоо көрсөтүү үчүн 21 миллиард доллар бөлөт", — деп жазылат билдирүүдө.

Бүгүнкү күндө COVID-19 планетадагы бардык мамлекеттерди каптады. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун соңку маалыматы боюнча, вирус 6,5 миллиондон ашуун адамга жугуп, 387 миң бейтап каза тапты.

77
Белгилер:
G20, каражат, вакцина, коронавирус
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус
Тема боюнча
Кыргызстанда өткөн суткада 20 бейтап коронавирустан айыкты
Россияда коронавируска каршы вакцина кийинки жумада чыгып, акысыз берилет
Москвада коронавирустан улам кирген чектөөлөр качан алынары айтылды
Казакстан менен чектешкен “Чоң-Капка” көзөмөл өткөрмө бекети. Архивдик сүрөт

11 эсе көп жыйналды. Таластын башчысы “Чоң-Капкадагы” контрабанда тууралуу айтты

1091
(жаңыланган 13:50 06.06.2020)
2017-жылы “Чоң-Капкадан” бир жылда бюджетке 11 миллион сом гана түшкөн. Быйыл төрт айда эле 94,1 миллион сом жыйналганы айтылат.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Талас облусунун Казакстан менен чектешкен “Чоң-Капка” көзөмөл өткөрмө бекетинен былтыр мурункуга салыштырмалуу 11 эсеге көп салык жыйналды. Бул туурасында өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев брифинг учурунда билдирди.

Ал акыркы үч жылда “Чоң-Капка” өткөрмө постундагы коррупциялык иштерге каршы күрөшүү максатында бир топ иштер жасалганын белгилеп өттү.

“Өзүңүздөр билесиздер, экспорт-импорттон салык түшө турган облустагы негизги постубуз “Чоң-Капка”. 2017-жылы бул жерден бир жылда бюджетке 11 миллион сом эле чегерилген. 2018-жылы президенттин тапшырмасы менен ошол жердеги коррупциялык иштерге каршы күрөшүүнүн алкагында 41 миллион сом салык чогулттук. Ал эми 2019-жылы 133,9 миллион сомго жеткирдик. Контрабандалык товарларды ташууга бөгөт коюп, бюджетке көп салык жыйноого аракет кылып жатабыз”, — деди Мураталиев.

Мындан сырткары ал быйылкы жылдын төрт айында эле “Чоң-Капкадан” 94,1 миллион сом салык чогултулуп, бул өткөн жылда топтолгон салыктын дээрлик 70 пайызын түзөрүн билдирди.

1091
Белгилер:
жыйноо, "Чоң-Капка" көзөмөл өткөрүү жайы, салык, Талас, Марат Мураталиев
Тема боюнча
Бишкекте аткезчилик менен алып келинген бензинди сатуу эмнеге токтобойт? Жооп
Баткен облусунун башчысы аткезчиликтен канча акча өндүрүлгөнүн айтты
Медиа серепчи Өмүрбек Сатаев

Сатаев: интернетти көзөмөлдөө мыйзамы чийки бойдон сунушталууда

0
(жаңыланган 15:55 07.06.2020)
Медиа серепчи Өмүрбек Сатаев депутаттар тарабынан фейк маалыматтар менен күрөшүү боюнча сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда эл өкүлдөрү өз кызыкчылыктарын көздөп жатканын айтты.
Сатаев: интернетти көзөмөлдөө мыйзамы чийки бойдон сунушталууда

Фейк маалыматтарды көзөмөлдөгөн мыйзам керек. Бирок азыр депутаттар сунуштап жаткан мыйзам долбоору чийки. Мындай пикирин Өмүрбек Сатаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эл өкүлдөрү шайлоонун алдында сын-пикирлерден коркуп, аталган мыйзамды киргизүүнү көздөөдө.

"Фейк маалыматтар менен күрөшүү керек. Бирок бул багытта сунушталып жаткан азыркы мыйзам долбоору чийки, механизмдери так көрсөтүлгөн эмес. Мыйзам долбоорунун максаты элди жалган маалыматтардан коргоо деп жатышат. Менимче, элди эмес, депутаттар шайлоо алдында өздөрүнүн маалыматтык коопсуздугунан чочулап эле ушундай кадамга барышууда. Эгер чынында эл үчүн иштей турган мыйзам болсо, журналисттер, блогерлер каршы чыкпайт болчу. Бул мыйзам долбоорун кезектеги шайлоо алдындагы оюн катары сыпаттайм", — деди Сатаев.

Серепчи интернеттеги фейк маалыматтар менен күрөшүү үчүн жаңы мыйзам кабыл албай эле буга чейинки бар эрежелердин алкагында иш алып барса болорун кошумчалады.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары Айнура Осмонова жана Гүлшат Асылбаева "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" деп аталган мыйзам долбоорун сунуштап жатышат. Анда интернет колдонуучулардын, сайт ээлеринин жана интернет провайдерлеринин укук, миллдеттери жазылган.

0
Белгилер:
сөз эркиндиги, маалымат, мыйзам, Өмүрбек Сатаев
Тема боюнча
Сатаев: аудиторияны сактап калуу үчүн телеканалдар жаңы форматка өтүшү керек