Тыйындар. Архив

Бюджетти толтуруу үчүн ички киреше булактары аныкталууда. Алар кайсылар?

138
(жаңыланган 18:22 22.05.2020)
Асрандиевдин айтымында, эгер бул мыйзам долбоорлору кабыл алынып кала турган болсо, бюджетке жыл ичинде 700-800 миллион сом кошумча киреше болот.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Кыргыз өкмөтү бюджет тартыштыгын жоюу боюнча ички киреше булактарын издеп, бул максатта бир нече мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Эң негизги документтер тууралуу вице-премьер Эркин Асрандиев брифинг учурунда маалымат берди.

Анын айтымында, өкмөт учурда сырттан гана жардам күтүп отура бербестен, бир катар ички булактарды мыйзамдаштырууга киришти.

“Биринчиден, бул алтын камтыган руданы сатуудан алынуучу кирешелерге салык салууну тартипке келтирүүнү сунуштап жатабыз. Мында ченемдер көбөйтүлөт. Бул идеяны парламент дагы колдоп жатат”, — деди Асрандиев.

Ошондой эле ал күйүүчү майдын айрым түрлөрүнө акциз салыгын киргизүү каралып жатканына токтолду.

“Мисалы, газохол, бензанол сыяктуу мунайзат түрлөрү акцизсиз кирет. Аларды бир аз иштеткенде эле бензинге айланат же айрымдар документинде газохол, бензанол катары көрсөтүп, факт түрүндө бензин алып кирген учурлар болууда. Андыктан аларга дагы кошумча акциз киргизүү пландалууда”, — деди вице-премьер.

Мындан тышкары майнинг чөйрөсүндөгү ишмердүүлүктү жөнгө салуу жана салык өндүрүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгууда.

Асрандиевдин айтымында, эгер бул мыйзам долбоорлору кабыл алынып кала турган болсо, бюджетке жыл ичинде 700-800 миллион сом кошумча киреше болот.

138
Белгилер:
карантин, бюджет, экономика, Кыргызстан
Тема боюнча
Өкмөт: быйыл тикелей инвестициянын 50 гана пайызы келчүдөй болуп турат
Асрандиев: өкмөт Россия менен газдын баасын арзандатууну сүйлөшүүдө
Россиядагы Калининград шаарында мигранттар. Архив

Жогоруладыбы же түштүбү? COVID-19дун Россиядан которулган акчага таасири

197
(жаңыланган 02:05 30.05.2020)
Акча которуу системасы эл аралык агымдын көлөмү бул жазда азайып кеткендигин көрсөттү. Россиядан жакынкы чет өлкөлөргө жасалган которуулар апрелде кээ бир компанияларда 50 пайызга ылдыйлаган.

Мында көрсөткүчтөр көптөгөн эмгек мигранттары пандемиядан улам мекенине кайтып же Россияда ишсиз калганы менен байланыштуу болду. Sputnik учурда акча которуу рыногунда эмне болуп жатканына көз салып, кийинкиге божомол кылып көрдү.

Апрелдеги которуулар жарымына чейин азайды

Апрель айында рынокто Россиядан жакынкы мамлекеттерге жасалган эл аралык которуулар кадимкидей түштү. Эгерде мартта төмөндөө 5-10 пайыз (2019-жылдын март айына караганда) болсо, апрелде 50 пайызга жетти. Бул маалыматты "Золотая корона – Денежные переводы" кызматынын директору Иван Ситнов айтып берген. Азыр майдагы көрсөткүч 25-30 пайызда турат.

Денежные переводы в страны СНГ в 2019 году
© Sputnik
КМШ өлкөлөрүнө акча которуулар

Мындай абал "Юнистримде" да байкалган. Sputnik агенттигине Эл аралык которуулар кызматынын президенти Ксения Чернышева апрелде мартка караганда 34 пайызга түшкөндүгүн айтып берген. Майда апрелге карата 10 пайызга төмөндөө боолголонуп жатат.

Аналитик группы компаний Финам Алексей Коренев
"Финам" компаниясынын серепчиси Алексей Коренев
"Россиядан жакынкы мамлекеттерге которулган акчалардын көп бөлүгү мигранттардын мекенине, үй-бүлөсүнө жиберген каражаты. Мартта абал мынчалык курч болгон эмес, бир катар ишканалар иштеп жаткан. Апрелде алар токтоп калды. Көбү мекенине кайтканга мажбур болду же кырдаалдын жакшырышын күтүп отуруп калды. Тагыраагы, үйүнө жибергенге эч нерсеси калган жок", — деген "Финам" компаниялар тобунун серепчиси Алексей Коренев жаздагы которуулар көлөмүнө байкоо салып.

Western Union кызматынан апрелде мартка караганда которуулардын көлөмү азайганын айтышкан.

КМШ өлкөлөрүнүн экономикасына урулган сокку

Директор системы Золотая Корона – Денежные переводы Иван Ситнов на VI ежегодной церемонии вручения премии Банк года по версии портала banki.ru в Lotte Hotel Moscow.
© Sputnik / Валерий Левитин
"Золотая корона – Денежные переводы" кызматынын директору Иван Ситнов
"КМШ өлкөлөрүнүн көп бөлүгүнө Россиядан түшкөн акча – бюджетти кадимкидей эле толтурган каражат. Бул валюта андан аркы тышкы соода операцияларын жасоого көмөкчү болот. Андыктан ачка которуу Кыргызстан жана Тажикстан үчүн зор роль ойнойт. Алар үчүн күткөн акчанын түшпөй калышы чоң эле сокку", — деген Ситнов.

Тармактарды жандандырууга эмне жардам берет?

Иван Ситновдун пикирине караганда, акча которуу рыногунун кайра калыбына келишине эки фактор таасир этет. Алар — жеке адамдарды тейлеген жайлардын ачылышы жана эл аралык аба каттамдарынын иштеши.

"Биз май айында Москвада бир катар чектөөлөр алына тургандыгын көрүп турабыз. Бир катар пункттар иштеп, аз болсо да өсүү байкалды. Ал эми чек араларга келсек, эл Россияга акча тапканга учуп келе турган маалда жабылып калды. Чек ара кандай ачылары менен абал жакшырат. Бул Россияга иштөө үчүн эл учуп келгенде болот. Бирок мунун качан болорун билбейбиз. Балким, бир ай, балким, эки ай кетет. Алдын алып айтуу кыйын. Бардыгы коронавирустан улам абалга байланыштуу болот", — деп эсептейт "Золотая корона" кызматынын өкүлү.

Алексей Коренев болсо төмөнкүчө айтты.

"Азыр курулуш, жолдорду оңдоо иштерин башташат. Иштей турган кишилер керек, муктаждык болгон соң мигранттар Россияга кайрадан келет. Маселе башкада – эмгек рыногу өзгөрүшү мүмкүн", — деген аналитик.

Ал дагы бир пикири менен бөлүшкөн.

Эгерде пандемияга чейин Россиянын жарандарынын арасынан кара жумушка байланышкан, ачык абада, эшикте иштеген иштерге кызыгуу анчалык жаралбай мигранттарга тийсе, эми башкача болот. Келгендер атаандаштыкка кабылып, россиялыктар да ал иштерге, тагыраагы, мигранттардын жумушуна ыктай баштайт.

КМШнын экономикалык ишкер өнүгүү борборунун башкы директору Владимир Савченко да акча которуу өнөр жай активдүүлүгүнө байланыштуу деп эсептейт. Анын пикиринде, эгерде баары ойдогудай болсо, эки-үч айдан кийин калыбына келе баштайт.

197
Белгилер:
орун, иш, атаандаштык, Акча которуулар, коронавирус, Мигрант, Россия
Тема боюнча
Бир айдан кийин өлкөдөгү бардык май куюучу жайлар тыкыр көзөмөлдөнө баштайт
Асрандиев: КМШ аймагында жүктү тоскоолдуксуз ташууга шарт түзүшүбүз керек
Май куйуучу жай. Архив

Бир айдан кийин өлкөдөгү бардык май куюучу жайлар тыкыр көзөмөлдөнө баштайт

870
Салык кызматы автомай куйган бекеттердин ээлерине 1-июлга чейин бири калбай талап кылынган системаны орнотуп бүтүшү керектигин эскертти.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Ушул жылдын 1-июлунан тарта өлкөдөгү бардык май куюучу бекеттер толугу менен башкаруунун автоматташтырылган системасын колдонуп башташы керек. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Салык кызматы күйүүчү май куюучу жайлардын (анын ичинде автогаз куюучу жана газ толтуруучу компрессордук станциялардын) ээлерине 1-июлга чейин бири калбай аталган системаны орнотуп бүтүшү керектигин эскертти.

Автоматташтырылган электрондук системанын өзгөчөлүгү — кардар көзөмөлдүк-кассалык машинадан төлөнгөн суммага кассалык чек албай туруп май куя албайт. Чек албаса, станциянын май куюу колонкасы иштебейт. Система бул жайлардын бензинди берүү учурун Салык кызматынын серверине да көрсөтүп турат.

Май куйган автобекеттерге коюлган талаптар өкмөттүн токтомуна ылайык ишке ашууда.

Ага ылайык, күйүүчү майды мунай заттарынын базасына же резервуарына ээлик кылган жактарга гана дүңүнөн сатууга мүмкүн болот.

870
Белгилер:
текшерүү, система, май куюучу бекет, Мамлекеттик салык кызматы
Тема боюнча
Дизель майы менен бензин 3 сомго арзандады
Борбор калаадагы Алтын-Ордо жаңы конушундагы турак үйдөн өрт чыкты

Бишкектин Алтын-Ордо жаңы конушунда турак үйдөн өрт чыкты. Видео, сүрөт

32
(жаңыланган 13:14 31.05.2020)
Өрттү өчүрүүгө саат 12:24тө Свердлов райондук №7 кызматтан бир бөлүм, саат 12:26да Октябрь райондук №5 кызматтан бир бөлүм тартылган.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Борбор калаадагы Алтын-Ордо жаңы конушундагы турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу маалыматты ӨКМден тастыкташты.

  • На месте пожара в жилом доме в жилом массиве Алтын-Ордо
    Борбор калаадагы Алтын-Ордо жаңы конушундагы турак үйдөн өрт чыкты
    © Sputnik / Бегайым Касымбекова
  • На месте пожара в жилом доме в жилом массиве Алтын-Ордо
    Өрттү өчүрүүгө саат 12:24тө Свердлов райондук №7 кызматтан бир бөлүм, саат 12:26да Октябрь райондук №5 кызматтан бир бөлүм тартылган.
    © Sputnik / Бегайым Касымбекова
1 / 2
© Sputnik / Бегайым Касымбекова
Борбор калаадагы Алтын-Ордо жаңы конушундагы турак үйдөн өрт чыкты
"Алтын-Ордо жаңы конушунун 16-көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 12:24тө Свердлов райондук №7 кызматтан бир бөлүм, саат 12:26да Октябрь райондук №5 кызматтан бир бөлүм тартылган", — деп айтылат билдирүүдө.

Окуя болгон жерден тартылган видеону "Короче" Telegram каналы жүктөдү.

Кадрлардан эки кабаттуу үйдүн күйүп жатканын көрүүгө болот.

32
Белгилер:
өрт, үй, Бишкек
Тема боюнча
Алматыда эмерек цехинде жарылуу болду. Видео