БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Коронавирус менен күрөшүүдөгү иш-чараларды каржылоо үчүн өкмөттүн атайын эсебине жеке жана юридикалык жактардан канча каражат түшкөнү белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, 23-майга карата Саламаттык сактоо министрлигинин эсебине 138 миллион 315 миң 869 сом келип түшкөн. Анын ичинен 81 миллион 837 миң 463 сому керектелген.
Өткөн апта менен салыштырсак, 17-майга карата атайын эсепке 137 миллион 798 миң 143 сом топтолуп, анын 79 миллион 817 миң 874 сому жумшалган.Ал эми Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин атайын эсебине 23-майга карата 17 миллион 323 миң 282 сом которулуп, анын 16 миллиондон ашыгы гумжардамга сарпталган.
Чогулган каражатты Республикалык штабдын алдындагы help.covid.kg сайтынан кенен биле аласыз. Жардам иретинде акча которууну каалагандар үчүн дагы эсептин реквизиттери жазылган.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Германия Кыргызстанга 14,9 миллион евро өлчөмүндөгү карызын кечүүгө даяр. Болгону Кыргызстан ал каражатты ипотекалык кредитке жумшашы керек. Бул тууралуу журналисттерге Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы министрлик тышкы карызды жоюп салуу өтүнүчү менен бир нече мамлекетке кайрылган. Бир гана Германия буга макул болду.
"Жалгыз Германия карызды жоюу боюнча макулдугун берди. Документке кол коюла элек, бирок сүйлөшүүлөр болду”, — деди Татиков.
Ал кошумчалагандай, бул каражат эми Мамлекеттик ипотекалык компанияга жумшалат деп күтүлүп жатат.
Инфографикада автоунаалардын эң көп чыгарылган жылы көрсөтүлгөн. Талдоо 2020-жылдын 3-декабрынан 2021-жылдын 22-январына чейинки аралыкта autobaza.kg, cars.kg, turbo.kg жана mashina.kg ресурстарындагы маалыматтардын негизинде жүргүзүлгөн (көрсөткүчтөр дээрлик окшош).
Окурмандарга ыңгайлуу болуш үчүн ар бир автоунаанын орточо наркы өлкөнүн Улуттук банкынын 22-январда аныкталган курсу (бир доллар 84,7 сом) боюнча жүргүзүлдү.
Көп сатылган алдыңкы топ-9га төмөнкүлөр кирди:
Тизмеде Lada 2107 унаасы дагы деле эң арзан болуп калууда: 2001-жылы чыккан машина 1 100 доллар, акыркы бир нече айда ал 80 долларга арзандаган. Жеткиликтүүлүгү жагынан экинчиге Daewoo Matiz чыкты. 2001-жылда чыккан унаа базарда 1 700 долларга сатылууда. Декабрда анын баасы 70 долларга кымбаттаган.
Toyota Prius күйүүчү майды аз талап кылган эң кымбат унаа катары эсептелет. 2010-жылы чыгарылган машина 9 500 доллар турат. Декабрдан тарта баа 356 долларга жогорулаган.