Андорра, Кытай, Сингапур... Кыргыз балын кайсы өлкөлөр сатып алат

© Sputnik / Мария Девахина / Медиабанкка өтүүВсероссийская ярмарка меда
Всероссийская ярмарка меда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын январынан март айына чейин дээрлик 100 тонна бал сатылган. Аталган азык ондон ашык мамлекетке экспорттолгон.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Кыргызстан ушул жылдын үч айында чет мамлекетке 99,5 тонна бал сатты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.

Ага ылайык, аталган азык жалпысынан 303 миң долларга, тагыраагы, 21,7 миллион сомго сатылган.

Төмөндө өлкөлөр боюнча бөлүштүрүлгөн:

  • Андорра —18,9 тонна;
  • Бахрейн — 0,1;
  • Иордания — 0,1;
  • Казакстан — 0,2;
  • Катар — 7 тонна;
  • Кытай — 5;
  • Кувейт — 2,6 тонна;
  • БАЭ — 15,2;
  • Оман — 2,8;
  • Түштүк Корея — 10,1;
  • Россия — 0,2;
  • АКШ — 6 тонна;
  • Сауд Аравиясы — 18,8 тонна;
  • Сингапур — 0,1;
  • Тайвань — 9,9;
  • Япония — 2,4;
  • өлкөсү көрсөтүлгөн эмес — 0,1 тонна.
Жаңылыктар түрмөгү
0