Быйыл электр энергиясын иштеп чыгууга суу жетеби? Адистин пикири

Жазылуу
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул жылы Кыргызстанда кургакчылык мезгили башталарын айткан.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Бул жылы Кыргызстанда электр энергиясын иштеп чыгууга суунун көлөмү жетет деп ишенүүдөбүз. Мындай пикирин Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде Улуттук энергохолдинг башкаруучулугунун төрагасынын биринчи орун басары Абдылда Исраилов билдирди.

"Учурда электр энергиясын импорттоо маселеси боюнча иштеп жатабыз. План боюнча суу 2020-2021-жылдардын кыш мезгили бүткүчө жетет. Бирок биз кургакчылык канча жылга созуларын билбейбиз. Ошол себептүү ар кандай варианттарды карашыбыз керек. Бул жылы электр энергиясын экспорттобойбуз”, — деди Исраилов.

Линии электропередач - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Түркмөнстан баштаган өлкөлөрдөн электр энергиясын сатып алат
Анын айтымында, маал-маалы менен жарыкты өчүрүү же кандайдыр бир чектөөлөр болбойт.

Эске салсак, буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул жылы Кыргызстанда кургакчылык мезгили башталарын айткан.

Белгилей кетсек, кургакчылык энергетика тармагына гана эмес, айыл чарбасына дагы терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев эскертип, дыйкандарга сугат учурунда сууну өтө сарамжал пайдаланууга чакырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0