Финансылык чалгындоо кызматы былтыр мамлекетке канча акча кайтарганы айтылды

Жазылуу
Жогорку Кеңеште "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамын өзгөртүү тууралуу" мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Былтыр мамлекетке террордук аракеттерди каржылоо жана мыйзамсыз кирешелерди адалдаштыруу боюнча жүргүзүлгөн иштен жалпысынан 6,5 миллиард сом кайтарылган. Бул тууралуу Финансылык чалгындоо кызматынын жетекчиси Гуламжан Анарбаев парламент жыйынында билдирди.

Жогорку Кеңеште "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамын өзгөртүү тууралуу" мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Жетекчиге депутат Элвира Сурабалдиева канча кылмыш иши ачылып, анын канчасы сотко жеткендиги боюнча суроо берди.

"6,5 миллиард сом бажы менен салыктан келген каражат. Ошондой эле 175 миллон сом мамлекеттик бюджетке түшкөн", — деди Анарбаев.

Ал былтыр террордук ишти каржылоого жана мыйзамсыз кирешелерди адалдаштыруу боюнча 200дөй ишти тиешелүү органдарга өткөрүп бергенин айтты. Анткен менен сотко жеткени тууралуу маалымат албаганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0