Бишкектеги Ош базарында жер-жемиш сатуу. Архив

Жыл башынан бери Кыргызстандан тамак-аш көбүрөөк экспорттолду

50
(жаңыланган 13:26 29.05.2020)
Учурда сыртка эч тоскоолдуксуз товар эскпорттоого 137 кыргызстандык ишкананын уруксаты бар. Алар ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине киргизилген.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. 2020-жылдын биринчи кварталында айыл чарба продукцияларынын экспорту 12 пайызга жогорулады. Бул тууралуу брифинг учурунда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.

"Тамак-аш үч багытта экспорттолот. Мал, жер-жемиш жана кайра иштетилген продукция. Бардык багыттарда тең сыртка чыккан товарлардын көлөмү өстү. Өзгөчө тирүү мал, кургатылган жемиш, жаңгак, сүт азыктары көп сатылды", — деди Чодуев.

Акчалай түрүндө эсептегенде, кыргызстандык ишкерлер жылдын биринчи кварталында сыртка 5 миллиард 383 миллион 900 миң сомго азык-түлүк чыгарган.

Учурда сыртка эч тоскоолдуксуз товар эскпорттоого 137 кыргызстандык ишкананын уруксаты бар. Алар ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине киргизилген.

50
Белгилер:
экспорт, экономика, Кыргызстан
Тема боюнча
Министр: быйыл Кыргызстанда 1 млн. гектардан ашык жер айдалды
Жумаканов: чек ара пункттарында 150гө жакын ветеринардык инспектор иштеп жатат
Акча. Архивдик сурөт

Мигранттар которгон акчанын көлөмү май айында кескин өстү

28
(жаңыланган 09:13 08.07.2020)
Майдагы акча которуу быйылкы жылдын мыкты көрсөткүчү. Анткени ага чейин сырттагы мекендештерден бир айда 76,3 миллион доллардан 165,1 миллион долларга чейин акча келген.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын май айында мигранттар Кыргызстанга 165,3 миллион доллар жөнөттү. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты.

Алар акчаларын атайын система аркылуу жөнөтүшкөн.

Төрт жылдан берки начар көрсөткүч. Мигранттар которгон каражат айтылды

Майдагы акча которуу быйылкы жылдын мыкты көрсөткүчү. Анткени ага чейин сырттагы мекендештерден бир айда 76,3 миллион доллардан (апрель айы) баштап, 165,1 миллион долларга чейин (февраль айында) акча келген.

Эске сала кетсек, өткөн жылдын май айында чет жактагы мигранттар 194,3 миллион доллар которушкан.

28
Белгилер:
Акча которуулар, Мигрант, Кыргызстан
Тема боюнча
Банктарга жана финансы уюмдарына жасалчу инспектордук текшерүү токтотулду
Жыл башынан бери мамлекеттик карызды төлөөгө канча акча жумшалды
Сазыков: алты айдын жыйынтыгы менен 5 млрд сом салык чогулбай калды
Телефондо сүйлөшүп аткан адам. Архивдик сүрөт

Электрондук эсеп-фактура боюнча кайда кайрылса болот? Телефондор

31
(жаңыланган 23:00 07.07.2020)
Салык кызматы көрсөтүлгөн номерлер боюнча маалымат берүүдө жооптуу кызматкерлер туура эмес аракеттерге барса, (0312) 613186 номери аркылуу ишеним телефонуна кайрылууну өтүндү.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Салык кызматы "Электрондук эсеп-фактура" маалыматтык системасынын иши тууралуу жооп бере турчу аймактардагы салык кызматкеринин телефон номерлерин жарыялады.

Эске салсак, 1-июлдан тарта электрондук эсеп-фактуралар, товарларды онлайн идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жана май куюучу жайларды башкаруунун автоматташтырылган системасы ишке киргизилген.

Салык кызматы WhatsApp жана Telegram мессенджерлеринде адистештирилген топ түзүлгөнүн да билдирди.

"Мессенджерлердин жардамы менен КНС төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар электрондук эсеп-фактураны колдонууда пайда болгон бардык маселелер боюнча аймактык салык органына онлайн режиминде кайрыла алышат",— деп айтылат маалыматта.

Бул саботаж! Салык кызматы май куюучу айрым жайлар боюнча пикирин билдирди

"Электрондук эсеп-фактура" маалыматтык системасынын иши тууралуу жооп бере турчу салык кызматкерлеринин телефон номерлери:

Бишкек:

  • Октябрь району — Тоялы Шоконов, (0502) 717 171;
  • Ленин району — Рахим Бегалиев, (0552) 523 488;
  • Свердлов району — Алмасбек Сабралиев, (0552) 229 780;
  • Биринчи  май району — Мирлан Абдыкадыр уулу, (0706) 644 144.

Чүй облусу:

  • Токмок — Эльвира Орозалиева, (0550) 723 994;
  • Аламүдүн району — Чынар Темирова, (0700) 869 680;
  • Кемин району — Гүлмира Чудинова, (0702) 982 449;
  • Ысык-Ата району — Урмат Батыркулов, (0556) 004 700;
  • Жайыл району — А. Өмүрзакова, (0701) 313 303;
  • Москва району — Малика Өскөмбаева, (0555) 289 355;
  • Панфилов району — Бек Турсункулов, (0559) 886 556;
  • Сокулук району — Нурлан Асанбаев, (0704) 152 233;
  • Чүй району — Айсулуу Өмүркулова, (0703) 907 155.

Салык кызматында жашыруун схемаларды аныктай турган борбор түзүлдү

Ысык-Көл облусу:

  • Ысык-Көл району — Нурия Исраилова, (0701) 509 159;
  • Ак-Суу району — Чолпон Сейталиева, (0500) 388 416;
  • Тоң району — Наргиза Долумбекова, — (0703) 869 787;
  • Жети-Өгүз району — Гүлзат Ибраева, (0707) 544 983;
  • Түп району — Нурсултан Асангазиев, (0709) 411 811;
  • Каракол — Фатима Мадатбекова, (0705) 157 711.

Ош облусу:

  • Алай району — Бактыбек Топчубаев, (0778) 134 604;
  • Чоң-Алай району — Үмүтай Орозова, (0770) 130 707;
  • Араван району — Сыргабек Мурзабеков, (0551) 155 456;
  • Кара-Суу району — Акматбек Айдаров, (0558) 595 000;
  • Ноокат району — Медербек Токтосунов, (0502) 959 517;
  • Өзгөн району — Азим Амиракулов, (0777) 000 152;
  • Ош шаары — Назира Кайназарова, (0550) 590 752.

Баткен облусу:

  • Баткен — Каныбек уулу Замирбек, Шумкарбек Салиев, (0777) 227 132, (0777) 148 181;
  • Баткен району — Султанбек Тиллабаев, (0776) 460 528;
  • Лейлек району — Сагынбек Наркозиев, (0771) 321 912;
  • Кадамжай району — Тынчтык Абдикааров, (0774) 807 899;
  • Кызыл-Кыя — Салижан Шамшудинов, (0557) 494 494;
  • Сүлүктү — Оролбек Кучаров, (0774) 553 814.

Сазыков: 1-июлдан тарта электрондук эсеп-фактура ишке кирет

Нарын облусу:

  • Нарын — Р. Жанбоев, (0700) 173 675;
  • Ат-Башы району — Болот Жапаров, Гүлмайрам Жалгапова, (0703) 121 195, (0708) 450 044;
  • Нарын району — Улан Исмаилов, (0703) 568 080.

Жалал-Абад облусу:

  • Сузак району — Уулжан Бостонова, (0771) 090 052;
  • Ала-Бука району — Махмуджан Муллакулов, (0501) 170 060;
  • Токтогул району — Руслан Сатылганов, (0770) 429 654;
  • Тогуз-Торо району — Гулзар Абдыманбетова, (0708) 451 175;
  • Базар-Коргон району — Жаңылай Акматова, (0778) 747 676;
  • Жалал-Абад — Алмазбек Мирзабеков, (0555) 056 400;
  • Таш-Көмүр — Бейше Касымбеков, (0779) 455 445;
  • Кара-Көл — Болотбек Койчиев, (0778) 620 945.

Талас облусу:

  • Талас району — А. Кененсариева, (0776) 611 461;
  • Бакай-Ата району — Мундусбек Бейшекеев, (0701) 008
  • Кара-Буура району — Бектур Чукунов, (0550) 049 022;
  • Манас району — Бактыяр Муктарбеков, (0703) 354 820;
  • Талас — Дариха Бердикеева, (0701) 515 577.

Сазыков: алты айдын жыйынтыгы менен 5 млрд сом салык чогулбай калды

Өзгөчөлөнгөн бөлүктөр:

  • Ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгы — Жамиля Мамбеталиева, (0701) 257 432;
  • ИСТКБ-Түштүк — Санжар Алмазбеков, (0557) 099 900;
  • ЭЭА — Сайкал Карабалаева, (0703) 151 818.

Салык кызматы көрсөтүлгөн номерлер боюнча маалымат берүүдө жооптуу кызматкерлер туура эмес кадамдарга барса, (0312) 613186 номери аркылуу ишеним телефонуна кайрылууну өтүндү.

31
Белгилер:
кызматкер, кайрылуу, телефон, эсеп-фактура, салык
Тема боюнча
Ош шаарынын 3D картасы түзүлүп, бир нече электрондук кызматтар ишке кирет
Сазыков: 1-июлдан тарта электрондук эсеп-фактура ишке кирет
Ошто ачылган стационар. Архивдик сүрөт

Облустарда канча орундуу стационар ачылды. Аймактардан маалымат

0
(жаңыланган 09:28 08.07.2020)
Бейтаптарга туура кеңеш берүү жана оорунун өрчүп кетишине жол бербөө максатында күндүзгү стационарлар ачылууда.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Өкмөт коронавирус жана пневмония оорусуна кабылгандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүү үчүн жер-жерлерде күндүзгү стационарларды ачууга киришти.

Бул бейтаптарга туура кеңеш берүү жана оорунун өрчүп кетишине жол бербөө максатында жасалууда. Премьер-министр Кубатбек Боронов ар бир райондо 200 орундан кем эмес стационар уюштуруу тапшырмасын берди.

Дарылоо бөлүмүнөн коронавирустун жана пневмониянын жеңил түрүнө кабылган же өзүн начар сезген жарандар келип медиктерден кеңеш алат. Ошондой эле асма укол жана ийне сайдырып кетишет. Бул кызматтар бекер, болгону дарыларын сатып алуу керек. Медиктер эртең мененки 8.00дөн кечки саат 20.00гө чейин иштейт.

Өкмөт кырдаалды кантип жөнгө салууда? Бороновдун билдирүүсүнүн кыскача тизмеги

Sputnik Кыргызстан өлкөнүн жети дубанында канча стационар ачылганын билип көрдү.

Ысык-Көл облусу

Көлдө 738 орунга ылайыкташкан күндүзгү стационар, ал эми 645 орундуу обсервация жайы даярдалды.

Облус жетекчиси Акылбек Осмоналиев кошумча дагы обсервацияга пансионаттарда, курорттук мекемелер жана мейманканаларда 2 000 орундук түзүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин билдирди.

Ош облусу

Күндүзгү стационар үчүн 700дөн ашуун орун даярдалууда. Анын ичинен Алай районунда 100, Кара-Кулжада 106, Кара-Сууда 90, Өзгөндө 220 жана Чон-Алайда 100 керебет даяр болду. Учурда алгачкы бейтаптар жардам алууда.

Мындан сырткары, облус боюнча 1 910 орундуу обсервация жайы даярдалган. Ал эми ооруканаларда изоляциялоо үчүн 730 орун даярдалып, бейтаптар кабыл алынган.

Ошто ыктыярчы дарыгерлердин тизмеси түзүлүп, окутула баштады

Баткен облусу

1 000ден ашуун орунга ылайыкташкан күндүзгү стационар ачылууда. Учурда Кызыл-Кыя шаары жана Лейлек райондорунда даяр болду. Бүгүн кечке чейин облустун ар бир районунда 200 орундуу дарылоо бөлүмдөрү пайдаланууга берилет. Мындан сырткары, 1 790 орундуу обсерватор, ооруканаларда изоляция үчүн 435 орун даярдалган.

Нарын облусу

Нарын шаарында 200, райондордун борборлорунда 100 орундуу күндүзгү стационарларды уюштуруу жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө милдеттендирилген. Учурда алгачкылары пайдаланууга берилди.

Жалал-Абад облусу

Облус боюнча күндүзгү стационардык борборлордо 1 246 орун уюштурулду. Жалал-Абад шаарындагы стационардан эки күндөн бери 145 жаран керектүү кеңештерди алып, дарыланып кеткен.

Чүй облусу

Облустун 128 жерине 1 431 орундуу дарылоо бөлүмү даярдалды. Бул стационарларда 191 медицина кызматери иштеп жатат. Ачылган күндөн тартып 1 300гө жакын бейтап кайрылган. Учурда медициналык жабдуулар менен толук камсыздоо иштери жүрүүдө.

Мындан сырткары, Чүй жана Токмок аймактык ооруканасына демөөрчүлөрдүн жардамы менен 5 өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат алынган. Ал эми облус боюнча ар кандай каржы булактарынын эсебинен жана ишкерлердин колдоосу менен 161 кычкылтек концентратору алынган.

Облус жетекчи Алтынбек Намазалиев Чүй облусун өнүктүрүү фондунан кычкылтек концентраторун сатып алууга төрт миллион сом бөлгөн.

0
Белгилер:
дарылоо, бейтап, стационар, облус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бишкекте ишкерлер менен ЖК депутаттары 5 күндүзгү стационар ачат
Медициналык кызмат баарына тең болсун! Жээнбеков Суракматов менен сүйлөштү
Боронов: коронавирустун жайылышын токтотуучу бир гана жол бар