Салыкчылар аймактагы бизнес менен элдеги мүлктүн эсеп-чотун алууга киришти

© Sputnik / Табылды КадырбековСалык кызматкери рей учурунда. Архив
Салык кызматкери рей учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн качкан мүлк ээлерине карата административдик чара көрүлөрү эскертилип жатат.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Аймактык салык органдары жакынкы эки жуманын ичинде салык төлөөчүлөргө инвентаризация жүргүзөт. Бул туурасында Салык кызматы билдирди.

Аталган кызматтын төрагасы Кабыл Абдалиев жер-жерлердеги салык органдары салыктын суммасын так эсептөө үчүн зарыл болгон мүлктүн аянтын, коюм жана коэффициенттерди конкреттүү түрдө көрсөтүү менен салык төлөөчүлөргө инвентаризация жүргүзүүгө тапшырма бергени айтылат.

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Радио
Сазыков: автоматташтырылган система орнотпогон май куюучу жайлар жабылат
Буга турак жайлар, батирлер, пансионаттар, эс алуу үйлөрү, санаторийлер, курорттор, өндүрүштүк, администрациялык, өнөр жай жана башка ишкердикке багытталган имараттар жана курулмалар, анын ичинде металл жана башка конструкциялардан жасалган убактылуу жайлар кирет. Ошондой эле жер үлүшү, анын ичинде айыл чарба жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер, бак чарба, короо-жай участоктору бар.

"Мында инвентаризация Мамлекеттик каттоо кызматы жана "Кадастр" мамлекеттик мекемеси менен тыгыз байланышта жүргүзүлүүгө тийиш. Салык кызматкерлери инвентаризациялоонун жүрүшүндө мүлк ээси алмашкандыгы же параметрлеринин өзгөргөндүгү боюнча маалыматтарды да жаңылайт", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн качкан мүлк ээлерине карата административдик чара көрүлөрү эскертилип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0