11 эсе көп жыйналды. Таластын башчысы “Чоң-Капкадагы” контрабанда тууралуу айтты

Жазылуу
2017-жылы “Чоң-Капкадан” бир жылда бюджетке 11 миллион сом гана түшкөн. Быйыл төрт айда эле 94,1 миллион сом жыйналганы айтылат.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Талас облусунун Казакстан менен чектешкен “Чоң-Капка” көзөмөл өткөрмө бекетинен былтыр мурункуга салыштырмалуу 11 эсеге көп салык жыйналды. Бул туурасында өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев брифинг учурунда билдирди.

Ал акыркы үч жылда “Чоң-Капка” өткөрмө постундагы коррупциялык иштерге каршы күрөшүү максатында бир топ иштер жасалганын белгилеп өттү.

“Өзүңүздөр билесиздер, экспорт-импорттон салык түшө турган облустагы негизги постубуз “Чоң-Капка”. 2017-жылы бул жерден бир жылда бюджетке 11 миллион сом эле чегерилген. 2018-жылы президенттин тапшырмасы менен ошол жердеги коррупциялык иштерге каршы күрөшүүнүн алкагында 41 миллион сом салык чогулттук. Ал эми 2019-жылы 133,9 миллион сомго жеткирдик. Контрабандалык товарларды ташууга бөгөт коюп, бюджетке көп салык жыйноого аракет кылып жатабыз”, — деди Мураталиев.

Мындан сырткары ал быйылкы жылдын төрт айында эле “Чоң-Капкадан” 94,1 миллион сом салык чогултулуп, бул өткөн жылда топтолгон салыктын дээрлик 70 пайызын түзөрүн билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0