Apple MacBook Pro. Архив

232 миң сомго ноутбук алып, душ, ажаткана салдырып... Чыры көп "Кыргыз туризм"

597
(жаңыланган 13:33 10.06.2020)
Бир жарым жыл мурун түзүлгөн "Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасы азыр ызы-чуунун чордонуна айланды. Ишкананын буга чейин өткөргөн тендерлерин коомчулук катуу талкуулап, түрдүү ой-пикир, нааразычылыктар жаралууда.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы киреше таба элек жатып ири каражатка кымбат техника алган ишкананын ишмердүүлүгүнө кызыгып, маселенин чоо-жайын тактап көрдү.

Кыргыз өкмөтү 2019-жылдын башында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдында "Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасын түзүп, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев анын директорлугуна Данияр Казаковду дайындаган. Ошондой эле өкмөт башчы Финансы министрлигине жаңы ишкананын уставдык капиталын түзүүгө акча табуу тапшырмасын берген.

Өлкөнүн туризм тармагындагы мамлекеттик саясатты жүргүзүп, инвестиция тартуу милдеттери жүктөлгөн ишкана өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жатканына аз эле убакыт болду. Ага карабай анын жетекчисине түрдүү сын-пикирлер, арыздануулар айтылып жатат.

Биздин редакцияга мамлекеттик ишкананын директору Данияр Казаковдун жасаган ишине, жүргүзгөн саясатына ичи чыкпаган айрым кызматкерлери нааразычылыгын айтып кайрылды. Өзүнүн аты-жөнүн атагысы келбеген жооптуу кызматкерлердин бири Sputnik Кыргызстан агенттигине буларды билдирди.

Генеральный директор ГП Кыргыз туризм Данияр Казаков
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
"Кыргыз туризм" мамлекеттик ишкананын директору Данияр Казаков
"Айлыктарыбыз жарым-жартылай тийип, жетекчилик өткөн жылдагы премияларды кармап калабыз деп жатат. Негизи биз отурган имарат оңдоого муктаж эмес болчу. Ага бир топ акча жумшап директор өзүнө эс алуу бөлмөсүн, душ салдырды, толгон-токой эмеректерди койдурду. Мамлекеттик ишкананын ачылганына 1,5 жылдай болду. Эч бир жылыш, жыйынтык жок. Жөнөкөй эле аймактарда майда-барат иштерди жасай албадык. Азыр бир дагы донор менен иштешкен жокпуз, алар менен бир топ иш жасасак болмок", — деди ал.

Ал, андан сырткары, өлкө казынасынан бөлүнгөн каражаттар туш-келди колдонулуп жаткандыгын кошумчалады.

Тендер ГП Кыргыз туризм на закупку оборудования
© Sputnik
Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы "Кыргыз туризмдин" оңдоо иштерине жарыялаган тендери

Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, "Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасы 2019-жылы ири суммага бир нече тендер өткөргөн. Анын биринде Көчмөндөрдүн III дүйнөлүк  оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылыктын мурдагы кеңсесин жаңылоого 850 миң сом жумшалган. Ал тендердин документтеринде имараттын ичине атайын душ салынганын дагы көрүүгө болот.

Аны мамлекеттик ишкананын директору Данияр Казаков да жашырбайт. Казаковдун пикиринде, ал курулуштар кызматкерлердин суроо-талабынын негизинде жасалган.

"Душ кабинасын салуу кызматкерлер тарабынан сунушталган жана ал тендерде да каралган. Жаш кызматкерлердин командировкадан келгенде түшүп турабыз деген суроо-талабын эске алып койдурганбыз. Мен кол алдымда иштегендерди баалайм жана аларга шарт түзүп берүүгө аракет кылам", — деп жооп берди Казаков.

Мындан сырткары, "Кыргыз туризм" 2019-жылдын соңунда 3,5 миллион сомго чукул акчага компьютер жана түрдүү аксессуарларды сатып алууга тендер жарыялаган. Жыйынтыгында 1 миллион 920 миң 600 сомго КБМ жоопкерчилиги чектелген коому уткан. Ал ЖЧК 232 миң сомго ноутбук, 150 миң сомго проектор, 216 миң 500 сомдон эки системдик блок өңдүү түрдүү техника менен камсыздаган. Кийинки тендерге ошол эле фирма жалгыз катышып, 1 миллион 361 миң сом сунуштап жеңүүчү болгон. Ал акча видеоконтент даярдоо үчүн 181 миң сомго видеокамера, 95 миң сомго фотоаппарат, 360 миң сомго алты объектив, 152 миң сомго квадракоптер сыяктуу түрдүү жабдуулар алынган.

Тендер ГП Кыргыз туризм на закупку оборудования
© Sputnik
Мамлекеттик ишкана бир ноутбукту 232 миң сомго сатып алган

Сатып алынган кымбат баалуу техника, иштин алгачкы жыйынтыктары жөнүндө Данияр Казаков буларды айтты.

Тендер ГП Кыргыз туризм на закупку оборудования
© Sputnik
"Кыргыз туризм" ишканасы жалпы үч миллион сомдон ашык акчага түрдүү техника сатып алган

"Башында мени бул кызматка чакырганда, бир катар киреше бербеген мамлекеттик туристтик объектилер биздин ишканага өткөрүлмөк. Жумушка киришкенден бери ала турчу объектилерди буга чейин колдонуп келгендер менен азыркыга чейин соттошуп келе жатабыз. Жумушка 2019-жылдын апрель айында кирсем, август айында гана мамлекет тарабынан каржы алдык. Бул убакыт аралыгында кызматкерлер акча албай иштешти. Сатып алынган техниканын баасы чындап эле кымбат. Бирок ал компьютерлер күчтүү, көп функциялуу. Анын жардамы менен биз көптөгөн видеоматериалдарды өз алдынча даярдай алабыз. Муну менен биз жарнамага аз акча кетирип, келечекте бир топ каражат үнөмдөйбүз. Буга чейин өлкөнү жарнамалоого чоң акча жумшалган", — деди Казаков.

Ал "Кыргыз туризмдин" азыркыга чейин киреше таба албай жаткандыгын мамлекетик органдардагы бюрократия менен түшүндүрдү.

Бир жылдан ашык убакыттан бери иштеп келе жаткан МИ Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин карамагында. Ишкананын айланасындагы чыр-чатак, текшерүүлөр боюнча министр Азамат Жаманкулов да түшүндүрмө берди.

Заместитель министра культуры, туризма и информации, глава Департамента туризма Азамат Жаманкулов во время интервью на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин карамагында. Ишкананын айланасындагы чыр-чатак, текшерүүлөр боюнча министр Азамат Жаманкулов
"Тендер аркылуу техника алып, курулуш иштерин жасатканы боюнча мен ишканага аудиттик текшерүү жөнөткөм. Кийин ал фактылар аныкталып чыкты. Азыр ишкананын жетекчисине карата чара көрүү боюнча министрликтин жооптуу кызматкерлерине тапшырма бердим, учурда тиешелүү иш-аракеттер жүргүзүлүп жатат. Буюрса, жакын арада жыйынтыктары толук белгилүү болот", — деди Жаманкулов.

"Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасынын директору Данияр Казаков 2012-2013-жылдары маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, Туризм департаментинин директору болуп иштеген. Ал ошол кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевден сөгүш алып, бир нече айдан кийин эле кызматынан алынган.

Казаков буга чейин туризм тармагында жеке ишкерлик менен алектенген жайы да бар. Юстиция министрлигинин расмий сайтында Казаков "Борбор Азия Туристтик Корпорациясы" жоопкерчилиги чектелген коомунун, "Дос-Пласт" ЖЧКсынын жетекчиси, "Эльтрейд" ЖЧКсынын жетекчиси, негиздөөчүсү катары көрсөтүлгөн.

Туризм департаментинин мурдагы директору Максат Чакиев бюджеттик каражатты орунсуз пайдаланып, мамлекеттик ишкананын жасап жаткан ишине ичи чыкпай жатканын да жашырган жок.

Экс-директор Департамента туризма при Минкультуры Максат Чакиев во время интервью на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Максат Элебесов
Туризм департаментинин мурдагы директору Максат Чакиев
"Туризм тармагында жооптуу кызматта иштеп, мамлекеттик ишкананы жетектеген адамдын өзүнүн жеке туристтик фирмалары болсо, аны укук коргоо органдары текшериши керек. Себеби бул мыйзам бузуу жана түрдүү бүдөмүк ойлорду пайда кылат. Анан мамлекет кыйын абалда турганда кымбат техника алып, жумуш ордуна душ, ажаткана салганы туура эмес. Алар коронавирус коркунучу турганда атайын стратегия иштеп чыгышы зарыл болчу", — деген пикири менен бөлүштү Чакиев.

Буга чейин Бишкек шаардык прокуратурасы Казаковго карата 2019-жылдын март айында текшерүү жүргүзүп, ишканадагы мыйзам бузууларды Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Жылдызбек Исакулов менен маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловго кабарлап, ага карата тиешелүү чара көрүүнү сунуштаган.

Кошумчалай кетсек, Финансы министрлиги 2019-жылы "Кыргыз туризмдин" ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө 10 миллион сом,  ал эми 2020-жылы беш миллион сом берген. Өз кезегинде ишкана өлкө казынасына киреше алып келе элек.

597
Белгилер:
Данияр Казаков, "Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасы, Чыр-чатак, тендер, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстандыктарга чип орнотулган паспортту ким даярдайт. Тендердин жыйынтыгы
Таза суу үчүн алынган 10 млн. доллар гранттын сметасы бир миллионго даярдалат
Капуста өстүрүү. Архивдик сүрөт

Жээнбеков рынок атаандаштыгына өлкөнүн кайсы тармагы туруштук берерин айтты

34
(жаңыланган 16:24 15.08.2020)
Мамлекет башчы белгилегендей, айрыкча өнүккөн жана жашоо деңгээли жогору өлкөлөр экологиялык таза азык-түлүккө кызыкдар.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Кыргызстан рынокто экологиялык таза айыл чарба азыгы менен атаандаштыкка туруштук бере алат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" берген маегинде билдирген.

Ал келечекте ушул багытка басым жасалып жатканына токтолду.

"Кыргызстан экологиялык таза айыл чарба азык-түлүктөрүн экспорттоону көбөйтөт. Экологиялык таза айыл чарба азыктары бул кайсы өлкөдө болбосун, чоң суроо-талапка ээ. Айрыкча, өнүккөн мамлекеттер менен жашоо деңгээли жогору өлкөлөр ушундай экологиялык таза продукцияга кызыкдар", — деди президент.

Жээнбеков Кытай өлкө үчүн ири рынок экендигин айтып, өндүрүлгөн азык-түлүктү ал жакка чыгаруу боюнча иш башталганын кошумчалады.

Ошондой эле ЕврАзЭСтин алкагында уюмга мүчө эмес өлкөлөр менен эркин соода жүргүзүү аракети бар экенин белгилеген.

Жылына 8 тонна. Баткенде өрүктү кайра иштеткен логистикалык борбор курулууда

"Тышкы рынокко чыгуу үчүн ошол талаптарга жооп берген азык-түлүктү өндүрүп, көлөмүн көбөйтүшүбүз керек. Ал үчүн өндүрүү технологияларын жакшыртуу, жетиштүү сырьелор менен камсыз кылуу зарыл. Бул маселелерди кластердик долбоорлор аркылуу чечебиз. Ага каржылоо булактары аныкталып, жеңилдиктер, дем берүү инструменттери каралган. Сыртка чыгыш үчүн өзүбүзгө логистикалык борборлорду салуу боюнча долбоорлор иштеп жатат, каражат бар", — деген өлкө башчы.

Ал экономиканы ишкерлер өргө тартарын белгилеп, аларга ички ресурстардан колдоо көрсөтүү боюнча иш жүрүп жатканын кошумчалады.

34
Белгилер:
атаандаштык, азык, экология, рынок, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Жээнбеков: бирөөнү суракка чакырып, мени коргоого муктаж эмесмин
Министрлик: пандемия артка тарткан жок. Алты айда 153,5 млрд сомдук товар өндүрүлдү
Алтын куймалар. Архивдик сүрөт

Кыргызстандын алтын валюта резервинин көлөмү рекорддук көрсөткүчкө жетти

106
(жаңыланган 13:00 15.08.2020)
Алтын валюта резерви сомдун курсунун туруктуулугун камсыз кылат. Бир ай ичинде анын көлөмү 112,5 миллион долларга өстү.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Июль айынын аягында Кыргызстандын алтын валютасынын запасы 2 миллиард 753 миллион 750 миң долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында айтылат.

Резервдин көлөмү биринчи жолу 2,7 миллиард доллардык ченден ашып, рекордго жетти. Буга чейинки рекорд июнь айында коюлуп, көрсөткүч 2 миллиард 641,2 миллионду түзгөн.

Алтындын унцийи тарыхта биринчи жолу 2 миң доллардан кымбат сатылат

Өткөн жылдын аягына салыштырмалуу алтын валюта резерви дээрлик 330 миллион долларга өскөн.

Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банктын курстун кескин өзгөрүп кетүүсүн көзөмөлдөп турууга мүмкүнчүлүк берет. Резерв ондогон валюталардан турат. Алар: CDR (Атайын карыз алуу укугу – Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жасалма резерв жана төлөө каражаттары) жана алтын.

106
Белгилер:
курс, сом, Улуттук банк, валюта, алтын
Тема боюнча
Бишкекте евро, доллар жана алтындын баасы кымбаттады. Соңку маалымат
Чемпионка мира по смешанным единоборствам по версии UFC Валентина Шевченко с сестрой бойцом UFC Антониной Шевченко во время тренировок

Алгачкы жолу! UFC эже-сиңди Шевченколорду бир турнирде октагонго чыгарат

0
(жаңыланган 19:27 15.08.2020)
Валентина мелдеште чемпиондук наамын коргосо, эжеси Антонина рейтинг үчүн кармаш өткөрөт. Анын атаандашы ушул сааттарда белгилүү болду.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. UFC уюмунун жетекчилиги эже-сиңди Антонина жана Валентина Шевченколордун катышуусунда өзгөчө беттеш даярдап жатканын MMA Uno спорттук порталы жазды. 

Маалымат боюнча, алгачкы жолу бир тууган кыздар чогуу турнирде беттешет. Кармаштар ушул жылдын 21-ноябрында UFC 255 турниринин алкагында өтмөкчү.

Шевченко Tapology версиясы боюнча эң мыкты 100 мушкердин катарына кирди

Спорттук иш-чаранын башка беттештеринин биринде Валентина бразилиялык Женнифер Майя менен кармашып, чемпиондук наамын төртүнчү ирет коргоп калганга жан үрөйт.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от World of MMA (@worldofmma.cz)

Ошол эле убакта Антонина бразилиялык дагы бир мушкер Ариана Липски менен күч сынашат.

Соңку беттешинде 35 жаштагы Антонина калыстардын чечими менен америкалык Кэтлин Чукагянга утулган.  Анда дагы промоутерлик компания өзгөчө беттеш тартуулаган. Тагыраагы, Валентинага утулган Чукагян анын эжеси менен жолуккан болчу.

0
Белгилер:
турнир, беттешүү, Антонина Шевченко, Валентина Шевченко, UFC
Тема боюнча
Мындан да күчтүү болуп кайтам! Бети-башы көгала Антонина үн катты