Ишкерлер менен инвесторду коргойбуз. Баш прокуратурада бөлүм түзүлдү

Жазылуу
Аталган бөлүм мамлекеттик органдарга көзөмөл кылат. Аны менен катар бизнес адамдарына козголгон кылмыш иштери менен таанышып, аларды карап чыгуу иштерин алып бармакчы.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы ишкерлер менен инвесторлордун укугун коргой турган өз алдынча бөлүм түзгөндүгүн аталган көзөмөл органдын маалымат кызматы кабарлады.

Бөлүмдө аткаруу, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлигинин, мамлекеттик жана фискалдык органдар менен алардын жетекчилеринин көзөмөл кылуу укугу бөлүштүрүлгөн.

Ысык-Көл облусунда прокурордун жардамчысы ири өлчөмдө пара алып жатып кармалды - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө прокурордун жардамчысы 150 миң сом пара алып жатып кармалды
Аталган бөлүм ишкерлер тарабынан айтылган кылмыш иштери жана жоруктар боюнча иштер менен таанышып, аларды карап чыгуу ишин алып барат.

Башкы прокурор бизнес-акыйкатчы, Улуттук ишкерлер клубунун, Улуттук бизнес-альянстын өкүлдөрү жана башка уюмдар менен жолуккан. Ал адамдарга аталган бөлүмдүн жасай турган иши туурасында айтып берген. Маалымат кызматы Башкы прокуратура ишкерлер менен тыгыз кызматташууга даяр экендигин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0