Салык квитанциялары. Архивдик сүрөт

Салыктан качкан ишканалардын ЖМКга жарнама беришине тыюу салуу сунушталды

46
(жаңыланган 09:22 11.06.2020)
Мыйзам долбоорунун максаты — салык төлөөдөн качууга жол бербөө жана бюджеттин кирешесин толуктоо болуп саналат.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Экономика министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарына (ЖМК) компания салык органдарында катталганын тастыктоочу реквизиттерин көрсөтмөйүнчө жарнамасын жарыялоого тыюу салууну сунуштап жатат. Аталган мыйзам долбоору парламентте биринчи окууда каралды.

Ага ылайык, "Жарнама жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгеленген. Экономика министринин орун басары Бекболот Алиев учурда гезит, телевидение сыяктуу ЖМКларга жарнама бергендердин арасында салык органына катталбай көмүскө ишкердик кылгандар бар экенин белгиледи. Эгер сунушталган эрежелер колдоо тапса, талапты аткарбагандарга административдик жоопкерчилик каралат.

Мыйзам долбоорунун максаты — салык төлөөдөн качууга жол бербөө жана мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн толуктоо болуп саналат.

46
Белгилер:
ЖМК, тыюу салуу, жарнама, салык
Тема боюнча
Өлкөдөгү ишканалар кайсы кесип ээлерине муктаж? Рейтинг
Салык кызматында жашыруун схемаларды аныктай турган борбор түзүлдү
Экономист Замирбек Осмонов. Архив

Осмонов: экономиканы көтөрүү үчүн экспортту көбөйтүү зарыл

20
(жаңыланган 13:51 03.08.2020)
Экономист Замирбек Осмонов өнөктөш өлкөлөрдө абал жакшырса Кыргызстандын экономикасына оң таасирин тийгизет деген пикирин билдирди.

Өнөктөш өлкөлөрдө коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык абал жакшырса, Кыргызстандын экономикасына оң таасирин тийгизет. Бул тууралуу Замирбек Осмонов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып маалымдады.

Осмонов: экономиканы көтөрүү үчүн экспортту көбөйтүү зарыл

Анын айтымында, карантинден кийин экономиканы тез арада калыбына келтирүү үчүн ЕАЭБдин алкагында Казакстан-Кыргызстан чек арасындагы тоскоолдуктарды болтурбоо аракеттери көрүлүүсү шарт.

"Күйүүчү май, газ дагы көптөгөн товарларды ЕАЭБге мүчө Россиядан, Казакстандан алып келебиз. Ошондой эле эт, сүт жана башка товарларды Казакстанга чыгаруудабыз. Бул өлкөлөрдө коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал жакшырса, Кыргызстанга оң таасирин тийгизет. Себеби аталган мамлекеттерде бизден барган товарларга суроо-талап жогорулайт. Ошондой эле импорт жаатында да жылыштар болот. Алардан келген товарлардын саны көбөйсө, баалар төмөндөйт. Мындан тышкары, соода-сатык балансын теңдеп, ал тургай колдон келишинче өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатуу зарыл. Ал үчүн экологиялык таза продукциялар: фасоль өстүрүү, жер-жемиш иштетүү, балык чарбачылыгын колдоого жана бал өндүрүүгө жеңилдетилген насыяларды бериш керек. Ошол эле текстиль тармагы дагы пандемиянын таасиринен улам басаңдап калды. Аны тез арада калыбына келтирүү үчүн тийиштүү кадамдар жасалышы шарт", — деди Осмонов.

Министрлик: азык-түлүк, керектелүүчү товарлардын экспортуна чектөө коюлду

Ошондой эле ал ишкерликти өнүктүрүү үчүн мамлекеттик органдардагы бюрократияны жоюу керектигин кошумчалады.

20
Белгилер:
коронавирус, экономика, Евразиялык экономикалык биримдик, Замирбек Осмонов
Тема боюнча
ЕЭАБ коронавирус менен күрөшүү үчүн иш-чаралардын комплекстүү планын бекитти
Доллар жана евро купюралары. Архив

Бишкекте евро, доллар жана алтындын баасы кымбаттады. Соңку маалымат

173
(жаңыланган 10:56 03.08.2020)
Sputnik Кыргызстан чет элдик валюталардын, күйүүчү майдын жана алтын куймаларынын рыноктогу соңку баасын сунуштайт.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Бишкекте евро менен доллардын курсу жогорулады. Бул туурасында Valuta.kg жана Улуттук банктын сайтында маалымдалды.

Валюта курсу жана күйүүчү май, алтын куймаларынын 3-августка карата баасы (сом менен)

Акча алмаштыруу жайларында долларды 76,66 сомдон сатып алып, кайра 77,04 сомдон сатышууда. Ал эми евронун баасы 89,57 сом (сатып алуу) жана 90,99 сомду (сатуу) түздү.

Өткөн жуманын аягында доллардын курсу сатып алууда 76,54 сом, ал эми сатуу 76,92 болуп турган. Ал эми еврону 89,39 сомдон алып, 90,75 кайра соодалап жатышкан. 

Аи-92 жана Аи-95 үлгүсүндөгү күйүүчү май жана дизелдин баасы өзгөргөн эмес.

Алтын куймаларынын баасы жогорулаган. Мисалы, бүгүн 10 граммдык куйма 54 337 сомго сатып алынып, элге 54 446 сомдон сатылууда. Ал эми өткөн бейшембиде сатып алуу 54 000 жана сатуу 54 115 сомду түзгөн. 

Кыргызстанда алтындын запасы 2,6 млрд сомго азайды

Белгилей кетсек, Улуттук банк алтын куймаларын сатып алуу жана сатууну токтоткон. Мындай чечим COVID-19дун таралуусун азайтуу максатында кабыл алынган. Бул иштер өлкөдө эпидемиологиялык абал жакшыргандан кийин кайра улантылары айтылган. 

Улуттук банк 2015-жылдан тарта алтын куймаларын сатыкка чыгара баштаган. Бул кыргызстандыктардын топтогон акчасын алтынга салууга көмөктөшүү максатында жасалган болчу. Алар ар башка граммдагы алты түрдүү уютмадан турат, салмагы бирден 100 граммга чейин.

173
Белгилер:
Күйүүчү май, алтын, сатуу, баа, кымбаттоо, валюта, Бишкек
Тема боюнча
Алтын рудасын ташыгандарга салыкты көбөйтүү сунушталды. Каршы чыккан депутаттар
Доллар дүйнөлүк валюта катары макамын жоготобу? Пикир
Киев шаарында Өзекстан жараны бомба жардыра турганы айтып коркуттуп турат

Өзбекстан жараны Киевде  бомба жардыра турганын айтып, түз эфир талап кылды

0
Банктын кызматкерлери эшикке чыгарылып, ал эми бөлүмдүн жетекчиси террорчунун жанында өз каалоосу менен калган.

БИШКЕК, 3-авг.  — Sputnik. Киев шаарында (Украина) Өзекстан жараны барымтага кишини алып жана бомба жардыра турганы айтып коркутту. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Маалыматта  Киевдеги бизнес борбордун ичиндеги банктардын бирине кирип, рюкзагында жарылуучу каражат бар экенин айткан. Ал полиция чакырууну суранган. Банктын кызматкерлери эшикке чыгарылып, ал эми бөлүмдүн жетекчиси өзүнүн каалоосу менен ичинде калган. Полиция өзбекстандык киши менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бирок бомба бар же жогун аныктай алган эмес.

Жакында турмушка чыкмак. Барымтага алынып көз жумган келин тууралуу эмне белгилүү

Украиналык ЖМКлар ал теле аркылуу түз эфир берүүнү сурагандыгын жазды.

Июнь айынын соңунда да Луцк шаарында эркек киши автобустагы 13 кишин барымтага алган. Анын жанында курал жана жардыргычы болгон. Аягында террорчу барымтадагыларды 13 сааттан кийин кое берген. Бактыга жараша эч ким жабыркаган эмес жана ал киши колго түшүрүлгөн.

0
Белгилер:
түз эфир, банк, барымта, террорчу, Украина
Тема боюнча
Үч күндөн соң эсин жоготуп... Ошто кишини барымтага алган шектүүлөр кармалды