Өкмөттүн жеңилдетилген насыяларын кимдер ала алат? Тизме

Жазылуу
Май айында өкмөт экинчи антикризистик планды бекитип, анын алкагында жеңилдетилген насыя берүү программасы кабыл алынган. Насыянын сом менен 6 пайыздан 10 пайызга чейин берилери кошумчаланды.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Вице-премьер Эркин Асрандиев өкмөт тарабынан каржылана турчу жеңилдетилген насыялар кайсы тармактарга берилерин брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, май айында өкмөт экинчи антикризистик планды бекитип, анын алкагында жеңилдетилген насыя берүүгө программа кабыл алган.

Жеңилдетилген насыя алчу тармактар:

  • өндүрүш жана кайра иштетүү тармактары;
  • экспортко багытталган ишканалар;
  • азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылган тармактар;
  • медициналык буюмдарды, вирус менен күрөшүүгө колдонула турган буюмдарды чыгарган ишканалар;
  • туризм тармагы;
  • соода, тейлөө тармактары дагы жеңилдетилген насыя алышы мүмкүн.

Насыяны Кыргызстандагы банктар жана микрокредиттик компаниялар өкмөт койгон шарттын негизинде гана беришет. Насыянын сом менен, 6 пайыздан 10 пайызга чейин берилери кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0