График алдында доллар банкноталары. Архив

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 55 млн. доллар берди. Акча эмнеге жумшалат?

324
(жаңыланган 15:35 15.06.2020)
Дүйнөлүк банктын директорлор кеңеши Кыргызстанга акча бөлүүгө макул болуп, каражат эмнеге сарпталары да айтылды.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Кыргызстан Дүйнөлүк банктан (ДБ) табигый кырсыктарга туруштук берүү деңгээлин жогорулатуу жана мектептердин сейсмикалык абалын жакшыртуу долбоорунун негизинде кошумча иретинде 55 миллион доллар алды. Бул тууралуу аталган банктын маалымат кызматы кабарлады.

Аталган сумманын 27,5 миллиону грант катары берилсе, калганы насыя түрүндө алынмакчы (алты жылдан кийин 0,75 пайыз менен 38 жылга).

Табигый кырсыктарга туруштук берүү деңгээлин жогорулатуу жана мектептердин сейсмикалык абалын жакшыртуу боюнча 20 миллион долларлык алгачкы долбоор 2018-жылдын май айында бекитилип, бир жылдан кийин ишке ашкан.

Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Болормаа Амгаабазар ДБ үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинде Кыргызстандын премьер-министринин өтүнүчү менен "Өзгөчө кырдаалдын кесепетин жоюуга кеткен күтүүсүз чыгым" компонентин ишке киргизген. Алгачкы долбоордо каралган мындай кырдаалга бөлүнгөн 9 миллион доллар коронавирус менен күрөшүүгө жумшалган.

"Кошумча бөлүнгөн 55 миллион доллар табигый кырсыктарга туруштук берүүгө жана мектептердин коопсуздугун сактоого таасир этет", — деди Амгаабазар.

Акча эмнеге сарпталат?

5,5 миллион долларды өрткө каршы системаны модернизациялоого жумшоо пландалууда. Мында өрт өчүрүү техникасын, жабдуу сатып алуу жана кызматкерлерди окутуу каралган.

Мындан тышкары, 39,1 миллион 30 мектептин реконструкциясына сарпталмакчы. Анда сейсмикалык коопсуздук, суу менен камсыздоо системасын жана санитардык шартты (ажаткана) жакшыртууга басым жасалат.

Долбоор 2020-2025-жылдары ишке ашат. Ага ӨКМ, Билим берүү жана илим министрлиги, Мамкурулуш жана Финансылык көзөмөл агенттиги жоопкер.

Маалыматта Дүйнөлүк банк 1992-жылдан бери Кыргызстанга грант жана насыя түрүндө 1,9 миллиард доллар бөлгөнү кошумчаланган.

324
Белгилер:
табигый кырсык, коопсуздук, сейсмология, Кыргызстан, дүйнөлүк банк, акча, долбоорлор
Тема боюнча
Төрт жылдан берки начар көрсөткүч. Мигранттар которгон каражат айтылды
Кыргызстанда пандемияга карабай чакан насыя алгандар көбөйдү
Батареядагы сом купюралары. Иллюстартивдик сүрөт

Бийлик жылуулук менен ысык суунун тарифин көтөрүүнү сунуштап жатат

13
(жаңыланган 12:43 16.06.2021)
Энергетика жана өнөр жай министрлиги жылуулук менен ысык суунун тарифин жыл сайын инфляцияга жараша жогорулатып турууну демилгелөөдө.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Жылуулук менен ысык суунун тарифин 25 пайызга чейин кымбаттатуу сунушталууда. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Аталган ведомство министрлер кабинетинин "2021-2025-жылдарга карата жылуулук энергиясынын орточо тарифин бекитүү" жөнүндөгү токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документтин долбоору өкмөттүн сайтына жарыяланды.

Документте сунушталган калк үчүн тарифтер төмөнкүчө:

  • Жылуулук энергиясы үчүн тариф — бир гигакалориясы 1418,45 сом (азыркы баасы 1 134,76 сом);
  • Ысык суу үчүн тариф — бир гигакалориясы 1 227,2 сом (азыркы баасы 981,76).

Ведомстводон белгилешкендей, жылуулук энергиясы үчүн тарифтер жыл сайын инфляцияга жараша өзгөрүп турат.

Калган колдонуучулар үчүн сунушталып жаткан тариф:

  • Жылуулук энергиясы үчүн тариф — бир гигакалориясы 1 801,89 сом (азыркы баасы 1 695,1 сом);
  • Ысык суу үчүн тариф — бир гигакалориясы 1 801,89 сом (азыркы баасы 1 695,1 сом).
"Көп жылдан бери жылуулук энергиясынын тарифи өз баасынан төмөн коюлуп, жыл сайын акчанын дефицити жаралып келген. Чыгым электр энергиясын сатуудан түшкөн каражат менен жабылып турчу", — дешти ведомстводон.

Белгилей кетсек, Улуттук банктын маалыматы боюнча, Кыргызстандагы жылдык инфляция 10,9 пайызды түздү.

Кыргызстанда электр энергиясынын тарифин дагы жогорулатуу сунушталып жатат.

13
Белгилер:
тариф, электр энергиясы, жылуулук, ысык суу, Кыргызстан
Тема боюнча
Сунушталган 1,09 сомдук тарифти жыл сайын көбөйтүүнү айтышууда. Канчага өсөт?
Өзбекстанда жеке компаниялар электр энергиясын сааттап сата баштайт
Мезгилдүү ысык сууну өчүрүү. Архив

Жакында бишкектиктердин үйүнө ысык суу келет. Алдын ала эмне кылыш керек

22
(жаңыланган 12:40 16.06.2021)
Бир ай бою "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасы оңдоп-түзөө, көзөмөл иштерин жүргүзүп, ысык суу өткөн түтүктөрдүн бекемдегин текшерди.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасы 17-июндан тарта борбор калаадагы көп кабаттуу үйлөргө ысык суу акырындап берилерин айтып, анын алдында батир ээлери эмне кылышы керектигин эскертти.

Ысык сууну бир ай мурда, 17-майда, өчүрүшкөн. Бул аралыкта, тагыраагы, бир ай бою "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасы оңдоп-түзөө, көзөмөл иштерин жүргүзүп, ысык суу өткөн түтүктөрдүн бекемдигин текшерди.

Бүгүн, 16-июндан тарта тармактарга суу жүгүртүп, толтуруу иштери башталат. Аталган ишкана суу келер алдында эмне кылыш керектигин видео түрүндө көрсөтүп берди.

Алар суу келер алдында жашоочуларды үйүндөгү крандарды бир ирет текшерип, жаап, суу каптап кетпеш үчүн байкоо салып коюуга чакырды. Суу ысытып колдонгондор орнотулган бактарды өчүрө турушу шарт. Бул тууралуу да айтып беришти.

Эгерде авариялык кырдаал жаралса төмөнкү телефон номерлерине чалуу керектигин эскертишти:

  • Колдонуучулар үчүн иштеген борбор: — (0312) 61-11-69, 1980, (0557) 61-11-66, (0777) 61-11-66, (0701) 61-11-66;
  • Диспетчердик кызмат — 56-85-58;
  • Борбордук райондун көп кабаттуу үйлөрдүн ичинде иштеген системасынын нөөмөттөгү инженерлери — 36-57-19, 30-07-67;
  • Түштүк район боюнча көп кабаттуу үйлөрдүн ичинде иштеген системанын нөөмөттөгү инженерлери — 51-06-22, 21-74-06.
22
Белгилер:
эскертүү, инженер, көп кабаттуу үй, ысык суу, Бишкек
Тема боюнча
Бишкекте ысык суу качан бериле турганы айтылды
Новосибирск жарылуу болгон автогаз куюучу жайы

Кыргызстандыктар жабыркаган жарылуу: Новосибирскте АЗСтин директору кармалды

0
(жаңыланган 12:49 16.06.2021)
14-июнда аталган калаада автогаз куюучу жайда жарылуу болуп, анда жабыркагандардын арасында үч кыргызстандык бар экени айтылган.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Новосибирск соту жарылуу болгон автогаз куюучу жайынын директорун эки айга камакка алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Кырсыкка себепкер катары автогаз куюу жайынын директору менен инженери тергөө учурунда эки айга камакка алынды. Алдын ала маалыматтарга караганда, газ ташып келген атайын автоунаа газды куюу учурунда коопсуздук эрежелерин сактабай койгону себеп болушу мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 14-июнда жергиликтүү убакыт менен саат 18:00дөр чамасында Новосибирск шаарындагы автогаз куюучу жайда жарылуу болуп, анда жабыркагандардын арасында үч кыргызстандык болгон. Буга чейин Тышкы иштер министрлиги алардын экөө ооруканада, бири үйүндө дарыланып жатканын, өмүрүнө коркунуч жок экенин айткан.

Ошондой эле өрттүн жана жарылуунун натыйжасында Кыргызстандын жараны ижарага алып иштетип жүргөн кафе жана кыргыз жараны иштеген дөңгөлөк алмаштыруучу жай күйүп кеткендиги аныкталган. Дагы бир кыргызстандыктын документтери күйүп кеткен.

0
Белгилер:
камоо, директор, жарылуу, Новосибирск, Россия
Тема боюнча
Сузакта шахта урап, ичинде калып калган эки киши көз жумду
Унаа экиге бөлүнүп кеткен. Түптөгү жол кырсык эки кишинин өмүрүн алды. Сүрөт