Акча алмаштыруу жайларын жабуу мыйзамы: нааразы ишкерлер өз жүйөсүн келтирди

© AFP / ADEM ALTANАкча алмаштыруучу жай. Архив
Акча алмаштыруучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзамды демилгелеген депутаттар менчик бюролор операциялар тууралуу маалыматты жашырып, валюта курсун негизсиз жогорулатып жатат дешүүдө.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеште акча алмаштыруу жайларын жабуу тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыккан. Мыйзам валюта менен иштеген бюролорго кандай таасир этерин "Альянс" акча алмаштыруу жайлары ассоциациясынын жетекчи орун басары Думан Рыскулов айтып берди.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшат Асылбаеванын акча алмаштыруу жайларын жабуу тууралуу мыйзам долбоорунун тегерегинде бир топ талаш-тартыштар жаралган соң, өзү мында валюта менен иштеген бюролорду жабуу эмес, кызматташуунун башка жолу сунушталып жатканын айткан эле. Тагыраагы, Улуттук банк тарабынан акча алмаштыруу жайларынын институту сыяктуу адистештирилген финансы мекемесин ачуу варианты айтылган. Ошондой эле депутат бул жайлардан бюджетке тиешелүү киреше түшпөй жатканын белгилеген.

Медициналык маска кийгизилген манекендер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тамадалар таксистке айланып, тойлор токтоду. Карантиндин кейиткен кесепети жөнүндө
Мындан тышкары, мыйзамды демилгелеген депутаттар менчик бюролор операциялар тууралуу маалыматты жашырып, валюта курсун негизсиз жогорулатып, мындай аракети менен сомдун кунун кетирет деген жүйө келтирип, акча алмаштыруу операцияларын банктар, кредиттик союздар, чакан финансылык жана кредиттик компаниялар гана жүргүзүшүн сунуштап жатат.

Мындан улам Рыскулов мыйзам долбоору боюнча "Альянс" акча алмаштыруу жайлары ассоциациясынын позициясын айтып чыкты.

"Биз мыйзамдын демилгечилери менен өткөн аптада жолуктук, алдыда дагы диалогдор бар. Эки тарап бири-бирибиздин пикирибизди уктук. Депутаттардын айрым жүйөлөрүнө ынанууга аракет кылып жатабыз. Бирок тармакты ичинен түшүнгөн адистер бул мыйзам менен аябагандай чоң жана татаал өзгөрүү болорун жакшы билет. Талаш-тартыш өтө көп болот", — деди ал.

Рыскулов тармактагы кемчиликтер акырындык менен жоюлуп, көйгөйлөр чечиле баштаганын айтат. Ошондой эле акча алмаштыруу жайларынын жок болуп кетишине бир четинен коммерциялык банктардын кызыкчылыгы бар экенин кошумчалады.

"Бизди чет элдик валюталардын баасына өз пайдаңарды көздөп, таасир этип коесуңар деп жатышат. Өзгөчө абал учурунда биз жабылып, коммерциялык банктар гана иштеп жатты. Анда доллар 85 сомго көтөрүлүп кетпедиби. Чек ара жабык, эл аралык соода-сатык болбосо, жашыл акчанын наркы эмне мынча көтөрүлдү, азыркыга чейин түшүнө албай турабыз. Бул акча алмаштыруу жайларынын иштебей турушунун кесепети деп билебиз", — деди Рыскулов.

Мындан тышкары, ассоциация өкүлү Кыргызстандагы бардык акча алмаштыруу жайларынын башын бир мекеменин алдына бириктирүү жакшы идея эмес экенине токтолду.

"Кыргызстанда 450дөн ашык акча алмаштыруу жайлары бар, ар бири өзүнчө жеке ишкер. "Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт" дегендей эле ошончо тарапты кантип бир мекеменин алдына бириктиребиз? Бир эле мисал, Ошто бир ишкер мыйзам бузса, бир ишкана катары өлкөдөгү бардык акча алмаштырган жайлар текшерүүдөн өтүп жатканын элестетсеңер", — деди адис.

Аталган документ учурда парламенттин кароосунда турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0