Быйыл үч айда камсыздандыруу компаниялары 408 млн сом киреше тапты

© Sputnik / Табылды КадырбековАчкыч жана акча каражаттары. Архив
Ачкыч жана акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Камсыздандыруу компанияларынын кирешеси өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20,2 пайызга көп экени айтылат.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын I кварталында (январь-март) 16 компания камсыздандыруу төлөмдөрүнөн 407,6 миллион сом тапты. Бул туурасында Улуттук статистика комитети билдирди.

Аталган сумма өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20,2 пайызга көп экени айтылат. Ал эми чыгымдары 271,3 миллион сомду түзүп, былтыркыга караганда 6,5 пайызга азайган.

Ошону менен катар эле жыл башынан 1-апрелге чейин 43,7 миң камсыздандыруу келишими түзүлгөн. Анын 36,4 миңи жеке жактар, калганы юридикалык тараптар.

Жаңылыктар түрмөгү
0