БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Баткенде үстүбүздөгү жылдын башынан 1-майга чейин 67 жолу бажы эрежесин бузуу катталган. Бул тууралуу брифинг учурунда облус жетекчисинин биринчи орун басары Жаркынбек Максутов билдирди.
Анын айтымында, аталган иштер боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылып, бул боюнча салынган 279 миң сом айып пул толугу менен төлөнгөн.
Ошондой эле Максутов жыл башынан бери Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы мамлекеттик кызматкерлерге 18 факты боюнча иш козгоп, мамлекетке дээрлик 10 миллион сом зыян келтиргенин аныктаганын кошумчалады.