"Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан" курулушу жакында башталабы? Министрликтин жообу

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүСтроительство железной дороги в обход рухнувшего моста в Мурманской области
Строительство железной дороги в обход рухнувшего моста в Мурманской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир катар ЖМКлар "Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан" курулушу жакында башталарын жана анын наркын да жазып жиберген.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. "Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан" курулушу боюнча тараган маалымат туура эмес деп билдирди Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматынан.

Кечээ бир катар ЖМКлар аталган долбоор боюнча маалымат чыгарган. Анда "Кыргыз темир жолунун" маалымат кызматына шилтеме берип, анын курулушу бир айдан кийин башталарын айтышкан. Ага каражат жагынан Россия менен Өзбекстандын жардам көрсөтөрү да кабарланган. Дагы бир басылма бул ишкананын сайтына таянып, курулуштун документтерин даярдоо бир айдан соң башталарын айткан. Анткен менен компаниянын сайтынан андай кабар табылган жок. Эки маалыматта тең курулуштун наркы 4,5 миллиард доллар болору жазылган.

"ЖМКларда мындай туура эмес маалыматтардын тарап кеткендигинен улам, "Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан" курулушу боюнча төмөнкүлөрдү билдиребиз. Аталган долбоор улуттук экономика үчүн өтө маанилүү жана анын жакын арада ишке кириши "Кыргыз темир жолу" ишканасынын ишке ашыруу үчүн биринчи орунга койгон багыттарынын бири", —деп айтылган маалыматта.

Учурда бул долбоор боюнча Кыргызстан, Кытай, Өзбекстан жана Россиянын транспорт министрлери жана темир жол боюнча администрациялары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы кабарланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулуш долбоору талкуулады - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков "Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан" темир жолу курулушун талкуулады
"Тараптар техникалык маселелерди — колеянын эни канча болорун, жүк боюнча станциялардын жайгашуусун талкуулап жатат. Сүйлөшүүлөр конструктивдүү нукта өтүп жатат, бир нече маселелер боюнча пикирлерибиз туура келүүдө. Жакынкы арада позицияларды так, толук макулдашуу үчүн бир нече сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт", — деп билдиришти алар.

Кытай менен байланыштыра турган аталган темир жол долбоору 20 жылга чукул убакыттан бери талкууланып келе жатат. Маршруттун бир нече варианттары каралган. Алардын ичинен Кытайдан Кыргызстан, Өзбекстан аркылуу Түркмөнстанга өтүп, андан ары Иранга чыгуу да пландалган. Албетте, бул деңиз портторуна карай кетет деген ниет эле. Тараптар принципиалдуу маселе боюнча бир пикирге келе албай келет. Ал - тоо-таш, татаал жолдор аркылуу өтчү колеянын жазылыгы.

Жаңылыктар түрмөгү
0