Ички соода-сатыктагы көйгөйдү жоюу. ЕЭК бир катар чараларды сунуштады

© Sputnik / Табылды КадырбековЕАЭБ мамлекеттирин желектери. Архив
ЕАЭБ мамлекеттирин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коллегиядан ал иш-чаралар менен буга чейин кабыл алган чечимдер көйгөйлөрдү тез чечүүгө көмөктөшөт деп ишендирүүдө.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңеши ички соодадагы тоскоолдуктарды жоюу жаатында жогорку деңгээлдеги жумушчу топту өзгөртүү боюнча чечим кабыл алды. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматы кабарлады.

18-июнда Евразиялык экономикалык комиссия жана анын коллегиясы ЕАЭБдеги ички соода боюнча маселелерди карап чыкты. 2020-жылдын 19-майында ЕАЭБдин мамлекет башчылары биримдиктин ички рыногундагы тоскоолдуктарын алуу боюнча жалпы иш-аракеттерди кабыл алган. Учурда айрым жоболор такталып, аны аткаруунун пландары даярдалууда.

Карантиндик борбордун жайында медициналык кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЕЭК министри: пандемия ЕАЭБге жакшы мүмкүнчүлүк берүүдө
Буга чейин ЕЭК коллегиясы Казакстандын чек арасындагы текшерүүлөр ЕАЭБдин ички базарына айрым маселелерди жаратып жаткандыгын билдирип, коңшу мамлекеттин өкмөтүнө Кыргызстандан келген товарларды ашыкча текшерүүнү алып салууну суранган.

ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович соода алака боюнча механизмдерди иштеп чыгууда ыкчам аракеттери көрүүчү чечим кабыл алууну сунуштаган.

ЕЭК кеңешин мүчөлөрү Кыргызстан, Армения, Белоруссия, Казакстан менен Россия түшүнбөстүктөр жана талаш маселелер боюнча өз сунуштарын берген. Ал эми ЕЭКтин кеңеши жогорку деңгээлдеги жумушчу топту түзүү, "жол картасын" иштеп чыгуу боюнча чечим кабыл алды.

"Бул аракеттер салык жана бажы тармагындагы маалыматтар менен бөлүшүүгө шарт түзөт. Биримдиктин чек арасында үчүнчү мамлекеттерден келген импорт товарларды каттоодогу иш-аракеттерди макулдашып, бирдиктүү мамиле жасоону жакшыртат. Импорт товарлардын жүрүүсү боюнча ыкчам чара көрүүнү камсыздайт", — деп жазылат маалыматта.

Коллегиядан ал иш-чаралар жана буга чейин кабыл алган чечимдер көйгөйдү тез чечүүгө көмөктөшөт деп ишендирүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0